• imgserver.jpg - 56.82 kb
Ата Мекен: Эркиндик. Теңдик. Адилеттүүлүк !

2019-жылдын 23-апрелиндеги Ө.Ч.Текебаевди жана башка саясий негизде камалган коомдук ишмерлерди колдоо минтигинин катышуучуларынын РЕЗОЛЮЦИЯСЫ

Көз карандысыздыкка ээ болгон күндөн бери биздин өлкө саясий жана коомдук турмушта көптөгөн маанилүү окуяларды баштан кечирди. Кыргызстандын белгилүү-бир жетишкендиктерге эришкендигине карабастан, экономикалык жактан өнүккөн, мыйзамдын үстөмдүгү менен башкарылган заманбап демократиялык мамлекетке өтүү процесси айрым-бир көйгөйлөргө дуушар болду. Ал көйгөйлөрдүн бири – бул коррупциянын чегинен ашкандыгы, анын ичинде ушул күнгө чейин биз ооздуктай албай келе жаткан сот системасы да бар.

Мамлекет сот системасын реформалоонун зарылдыгын стратегиялык артыкчылыктардын бири катары аныктады. Албетте, бул реформа турмуштун бардык: саясий, экономикалык, социалдык - чөйрөсүн камтыш керек жана жалпы коомчулуктун демократияланышына түздөн-түз таасир берет. Соттордун көз карандысыздыгын камсыздоо – бул адилеттүү соттук чечимдерди кабыл алууга толук кепилдик берүүчү негизги багыт.

Тилекке каршы, бүтүндөй сот системасы бир адамдын кулу болуп калды жана жакшы жакка өзгөрүү эч байкалган жок. Жарандар экс-президент Атамбаев жана анын айланасындагылар оппоненттерин массалык репрессиялаганына күбө болушту. Саясий негизде 30дан ашуун саясатчы камалды, соттолду, ошондой эле журналисттер, медиаресурстар, коомдук уюмдардын лидерлери, ал тургай кесиптик милдеттерин аткарган адвокаттар экс-президенттин кысымынын курмандыгы болушту. Аны менен катар, ошол репрессиялар үчүн мамлекеттик ресурстар, чиновниктер, укук коргоо органдары, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети, прокуратура, соттор, ал тургай Коргоо министрлиги пайдаланылды. Эки жылдан ашык убакыттан бери түрмөдө жаткан Өмүрбек Текебаев (депутат, “Ата Мекен” оппозициялык фракциясынын лидери болуп турганда), Дүйшөнкул Чотонов (экс-министр, экс-депутат, элчи), Садыр Жапаров (экс-депутат) жана башка саясий ишмерлердин камалышы жана айыпталышы – укук коргоо органдары жазалоочу органга айланганын, соттор көзөмөлдүн астында болгонун айдан ачык далилдеди.

Кыргызстандыктардын баары Атамбаев башкарган мезгилде саясий репрессия башталган деп айтышат. Бүгүнкү митинг – Кыргызстандагы сот системасын жана бардык укук коргоо системасын түп-тамырынан бери реалдуу өзгөртүү зарылдыгын билдирген эскертүү жана бул азыркы президент Жээнбеков Сооронбай Шариповичтин башкы стратегиялык милдети болуп калыш керек.

Биз, ушул митингдин катышуучулары, төмөндөгүлөрдү талап кылабыз:

1. Текебаев Өмүрбектин, Чотонов Дүйшөнкулдун, Жапаров Садырдын бошотулушун жана аларга карата коюлган адилетсиз айыптоолордун жокко чыгарылышын. Дал бүгүн соттор саясий негизди жана жеке керт башынын кызыкчылыгын ойлобой, мыйзамга гана баш ийип, чечимдерди кабыл алышы керек. Соттор Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын алкагында акыйкат жана гумандуу чечим кабыл алууга милдеттүү.

2. Саясий жүйө менен ачылган жана өндүрүштө турган соттук иштер жабылып, ал эми жабыр тарткандар коомчулуктун алдында акталыш керек.

3. Кылмыш-жаза мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөргө байланыштуу, түрмөдө отурган саясий ишмерлерге карата козголгон кылмыш иштеринин кайра каралышына тоскоолдуктар болбосун, тескерисинче укуктук шарттар түзүлсүн. Мындан аркы сот иштери көз карандысыздык, ачык-айкындуулук, маалымдуулук, атаандаштык, тараптардын теӊ укуктуулугу принциптери менен жүргүзүлсүн.

Ошондой эле саруулуктар акталсын!

Мындан кийинки кадам – бул, биздин өлкөнүн мыйзамдары боюнча, саясий репрессиялардын уюштуруучуларын жана аткаруучуларын жазалоо болуп калыш керек. Биринчи кезекте, экс-президент А.Атамбаев, УКМКнын мурдагы жетекчиси А.Сегизбаев, мурунку башкы прокурор И.Жолдубаева, КТРКнын мурунку башкы директору И.Карыпбеков камакка алынып, тиешелүү жазаларын алыш керек. Ошондо гана биз – сот системасындагы жана укук коргоо органдарындагы реформалар чын эле башталганына, мыйзамдын үстөмдүгүнө жол ачылганына, биздин өлкөнүн демократиялык келечегине, өнүгүшүнө ишене алабыз!

“Ата Мекен” партиясы уран кенин иштетүүгө катуу каршы чыгып жатат. Бул калкты жакырчылыкка дуушар кыларын, Ысык-Көлдүн айланасындагы гана экологияны начарлатпастан, жалпы калктын ден соолугуна орду толгус зыян келтирерин, туризмди биротоло жок кыларын, мыкты өнөктөштүк мамилелердин мамлекеттеринин тизмесинен биздин өлкөнүн чийилишине алып келерин түшүнүшүбүз керек. Биз өлкөбүздү эл-жерибиздин тагдыры кызыктырбаган, алкымы чоӊ жергиликтүү бизнесмендердин, эл аралык жалганчы-шылуундардын сатып алышына жол бербешибиз керек. Буга кайдыгер карабаган жарандарыбызды “Уранга” каршы биригүүгө чакырабыз жана тез арада тиешелүү чара көрүүсүн депутаттардан суранабыз!