«Ата Мекен» партиясынын Нарындагы өкүлдөрү 1-июнда балдарды куттуктады

000273"Ата Мекен" партиясынын Нарын областындагы уюму 1-июнь балдарды коргоонун  Эл аралык күнү менен Нарын шаарынын жана аймактардан келген балдарды куттуктап, алар менен Нарын шаарынын парктарында болушту. Ошондой эле бул күнү  "Ата Мекен" партиясынын атынан  Нарын шаарындагы №14 "Алтын балалык" балдар бакчасынын тарбиялануучуларына белектер тапшырылды.

Эрлан Аскаров, "Ата Мекен" партиясынын Нарын областтык уюмунун Төрагасы: "Нарын шаарында балдар бакчасын куруу үчүн 4 миллион сом каражат каралган..."

-"Балдар биздин келечегибиз" деген ураан иш жүзүндө  аткарылышы керек. "Ата Мекен" партиясынын Нарын шаардык кеңешиндеги депутаттары, активисттери ар дайым  балдар бакчаларына, мектеп окуучуларына Нарын шаарынын бюджетинен акча каражаттарын бөлдүрүүнүн аракеттерин жасап келишет. Былтыр областтык кеңештеги "Ата Мекен" фракциясы башка фракциялар менен биргеликте шаардык бюджеттеги ыксыз чыгымдарды үнөмдөөнүн натыйжасында Нарын шаарында балдар бакчасын куруу үчүн 4 миллион сом каражатты бөлдүрүүгө жетишкен, бул демилгени бардык депутаттар колдоого алып, Нарында жакын арада жаңы балдар бакчасынын пайдубалы түптөлө баштайт-дейт, партиянын Нарын областык уюмунун төрагасы

Нарын шаарында 8 мектеп компьютерлештирилет

Депутаттардын Нарын областык кеңешиндеги "Ата Мекен" фракциясынын депутаттары  Нарындагы 8 орто мектепти компьютерлештирүүгө жана интернетке кошуу максатында  акча каражатын бөлүштүрүүгө жетишкен. Натыйжада 2016-жылдын сентябрь айынан баштап интернеттин акчасы которулуп, иштей баштайт. Ошондой  эле окуучулардын билим сапатын жогорулатуу максатында областтык, шаардык, республикалык жана эл аралык олимпиадалардын жеңүүчүлөрүн даярдаган мугалимдерге акчалай сыйлык берүү боюнча маселени Нарын шаардык кеңешке коюшуп, бул маселе да чечилди. Ошондой эле ал мугалимге "Нарын шаарынын ардактуу атуулу"  наамын берүү маселесин көтөрүшүп, б колдоо тапты. Булар тууралуу Нарын областтык кеңешиндеги  "Ата Мекен" фракциясынын  депутаты  Автандил Молдосалиев айтып берди.

Бала бакчадагы медайым толук штатта иштеш керек

000274Нарын шаарындагы "Алтын балалык" балдар бакчасыны медайымы, "Ата Мекен" партиясынын активдүү мүчөсү  Муханмедий кызы Ырыскүл көтөргөн маселеси да бүгүнкү күндө эң маанилүү көйгөйлөрдөн. -Республикадагы эң бир талуулуу көйгөй--бул бала бакчалардагы медайымдардын штаттык бирдиги. Азыр мен бала бакчада 0,5 ставкада медайым болуп иштеймин. Балдардын тазалыгы, бакчадагы санитардык абал жана балдардын ден соолугу сыяктуу маселелерди ишке ашырууда медайым көп нерсеге үлгүрбөй калат. Бул чечим 1997-жылы кабыл алынып, андан бери эч кандай өзгөртүү киргизилген жок. Демек, муну чечүүч учур келди--дейт Ырыскүл айым.

"Ата Мекен" фракциясынын басма сөз кызматы.