Наталья Никитенко, "Парламенттаризм - бул жүрүп жаткан процесс, анын жыйынтыгы ийгилик менен аяктайт"

000279Бүгүн Акипресс маалымат агенттигинде "Кыргызстанда парламентаризмдин өнүгүшү" темасындагы тегерек стол болуп өттү. Ага Жогорку Кеңештин депутаттары, эксперттер катышты. Аталган иш чарага "Ата Мекен" фракциясынан депутат Наталья Никитенко катышып өз ойлорун ортого салды жана журналисттердин суроолоруна жооп берди.

"Парламенттаризмдин моделин ишке ашыруу-бул узак убакытты талап кылуучу процесс. Эн башкысы коом парламенттаризмди терең түшүнүүсү керек. Албетте, алдыдагы кыйынчылыктарды жеңип өтүү талап кылынат. Биз парламенттаризмди бекемдөө багытында биринчи гана кадамдарды жасап жатабыз. 2010-жылдагы конституция кандай гана оор кырдаалдарда иштелип чыкканын баарыбыз жакшы билебиз. Бизди
курчап турган кошуна мамлекеттерде башкаруунун президенттик формасы өкүм сүрүп турган чакта жашап жатабыз.

Албетте, кыйынчылыктар бар. Бирок коомчулук парламенттик башкаруунун башкалардан айрымачылыктарын түшүнө башташы менен парламенттаризмди бекемдөө процесси бат жүрөөрүнө ишенсе болот. Азыр эл мурдагыга караганда көбүрөөк түшүнө баштады. Демек, парламенттаризмдин келечеги бар"--деп сөзүн бүтүрдү Наталья Никитенко.

"Ата Мекен" фракциясынын басма сөз кызматы.