Депутаттар тобу камакка алынган парламент депутаттарынын эмгек акысын төлөп берүүнү токтотуу демилгесин сунуштап, аталган мыйзам долбоору комитет тарабынан колдоо тапты.

Жогорку Кеӊештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитети камакка алынган депутаттардын эмгек акысын төлөө жолжоболорун кайрадан ыраатташтырууга багытталган «КР ЖК депутатынын статусу жөнүндө» КР мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоорунун концепциясын жактырды. Мыйзам долбоорунун демилгечилери – депутаттар Аида Салянова, Наталья Никитенко, Айсулуу Мамашева.

Демилгечилердин бири Аида Салянова мыйзам долбоору аркылуу камакка алынган депутаттардын эмгек акысын төлөөнүү токтотуу демилгеси сунушталып жатканын белгиледи. «Камакта жаткан депутаттар маянасын алууну уланткан учурлар болгон. Ошондон улам, депутат кылмышка шектелүү менен, камакка алынып, ал өз ыйгарым укуктарын аткарууга мүмкүнчүлүк жок болсо, маяна төлөө токтотулууга тийиш. Эгер депутат акталып чыкса, анда эмгек акысы толугу менен төлөнүп берилет», - дейт ал.
Комитеттин журушундо аталган мыйзам долбоору талкууга алынып, натыйжада комитет жогоруда аталган мыйзам долбоору биринчи окуудате жактырылды.

"Ата Мекен" фракциясынын басма сөз кызматы.