Бишкек шаарынын тарыхый борборун реконструкциялоо боюнча мыйзам долбоору-бул өнүккөн Бишкектин пай дубалы болуп берет.

"Ата Мекен" фракциясы Бишкек шаарынын борбордук бөлүгүн өнүктүрүү боюнча даярдаган  "Бишкек шаарынын тарыхый борборун өнүктүрүү жана реконструкциялоо" боюнча мыйзам долбоору коомчулукта кызуу талаш-тартыштарды жаратууда. Бишкек шаарынын тургундарынын кээ бирлери мыйзамга каршы кол топтошууда. Иштин чоо-жайын билүү максатында "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевге кайрылганбыз.

-"Ата Мекен" партиясы "Бишкек шаарынын тарыхый борборун өнүктүрүү жана реконструкциялоо" боюнча мыйзам долбоорун киргизди. Бул мыйзам шаардын борборунда жашаган адамдардын арасында кызуу талкуу жаратты. Шаардын борбордук бөлүгү  биздин эски интелегенциянын, советтик-чарбалык активтин урпактары жайгашкан жер. Алар мыйзамды жакшы билишет. Мына ошолор азыр аталган мыйзам долбооруна каршы чыгып жатышат. Элдин бүйүрүн кызыткан--бул мыйзамдын маңызы эмнеде?

-Туура, Бишкектин борбордук бөлүгүн кезегинде алдуу-күчтүү, малдуу адамдар менчикке алышкан. Убагында чоң кызматтарда иштеген, чыгармачыл, илимий интелегенциянын өкүлдөрү, чарбалык же партиялык элита ушул борбордук аймактан үй алышып, жайгашып, азыр ал үйлөрдө урпактары өмүр кечиришет. Кыргызстандын чек арасы Аксыдан бузулуп жатканда, Кытайга Үзөңгү-Куушубуз, Казакстанга Каркырабыз  кетип жатканда копшолуп койбогон биздин каймактардын кээ урпактары, шаардын борбордук бөлүгүн реконструкциялоо жөнүндө угаары менен төшүн дзотко тоскон Чолпонбай Түлөбердиев сыяктуу, жаны күйүп, ызылдап чыгышты.

-Эмне себептен?

-Ошентип аэропорттон келген конокторду сөзгө алаксытып, баннерлерди тартып кунарсыз үйлөрдү көрсөтпөй эптеп шаарга алып кирсең, шаардын ичи деле жыргап кеткен эмес. Бүгүнкү заманбап айнек жана бетон менен курулган үйлөрдүн жанында кыйраган саман үйлөр турат. Жолдор жана тротуарлар омкорулган, бузулган. Биз албетте чет элдиктер үчүн эмес, өзүбүз үчүн жашайбыз. Бишкек биздин, экономикалык-финансылык, маданий гана эмес, ошондой эле саясий борборубуз. Бул мамлекеттин сыймыгы, күзгүсү, көркү жана намысы боло турган обьект. Биздин туубуздай эле ыйык, демек, бийик көтөрүшүбүз керек.  Азыркы абалы борбордун статусуна туура келбейт. Туура, акыркы 10 жылда биздин мигранттар миллиарддаган долларларды таап келип, аларды өндүрүшкө салалбагандыктан, ал каражатка үй-жай алып коюшкан. Ошондуктан, бизде курулуш тармагында чоң жылыштар болуп, жүздөгөн көп кабаттуу үйлөр Бишкекте курулду жана курулуп жатат. Бирок алардын пландуу эмес, чаржайыт түшкөнү өкүнтөт. Жалган-чынды айтып жер алган атуул, ошол жерге чөчөйтүп үйлөрдү куруп жатат. Жакында эле Бишкек шаарында болгон өрт, плансыз курулуш кандай болоорун көрсөтүп койду. Же өрт өчүрүүчү шатысы жетпейт, же машина короого кире албайт. Ошондуктан жалпы эле Бишкекте пландуу курулуш жүрүш керек.

-Сиздер демилгелеген мыйзам долбоорунун маңызына токтолсоңуз?

-Бишкек чоң, биз болгону Бишкектин тарыхый борбору жөнүндө мыйзам киргиздик. Бишкектин тарыхый борбору түндүгүнөн Жибек-Жолу проспекти, батыш жагынан Жаш Гвардия бульвары, түшүгүнөн Линейная көчөсү (бул темир жолундун аркы бетиндеги жол),  чыгышынан Карпинский көчөсү менен чектелген жерди тарыхый борбор деп атадык. Эмне үчүн? Мен бая айтып кеткендей партиялык-советтик активдин жетекчилери, тунгуч жазуучуларыбыз, академиктерибиз, маданият жан илимдин өкүлдөрү ушул жерде жашашкан жана иштешкен. Бул квадратта Кыргыз Республикасынын жогорку бийлик органдары,  банктар, финансылык-экономикалык институттар жайгашкан. Республикалык деңгээлдеги бардык жыйындар, ар кандай иш-чаралар ушул жерде болот. Театрлар, музейлер, жогорку окуу жайлар сыяктуу тарыхый-маданий объектилер, оюн-зоок өтүүчү кооз жайлар, шаардыктар эс алуучу жашыл зоналар, парктар, скверлердин баары ушул аймактан орун алып, шаардыктардын сүйүктүү жайына айланган. Ошондуктан ушул тарыхый борборду тез аранын ичинде өнүктүрүп, жолдорун, тротуарларын оңдоп, эски, талкаланган үйлөрдүн ордуна бийик, көп кабаттуу үйлөрдү куруш керек. Тарыхый борбордун ар бир квадрат сантиметр жерин сарамжалдуу пайдаланышыбыз керек. Аны ысырап кылбай көп кабаттуу үйлөрдү куруп бул жердин инфраструктурасын, мүмкүнчүлүктөрүн толугу менен пайдаланышыбыз зарыл.

-Ал үчүн эмне кылыш керек?

-Мамлекет, шаар өзүнүн конституцияда көрсөтүлгөн укугунан пайдаланып эски үйлөрдү базар баасында сатып алып, долбоор түзүп жергиликтүү жана чет элдик инвесторлорго сунуш кылыш керек. Менин оюмча андай инвесторлор табылат.

- Бул мыйзамга каршы чыккандар, "мыйзам конституцияга каршы, адамдын жеке менчикке болгон укугун тебелеп-тепсейт" деп айтып жатышат, бул чындыкка туура келеби?

-Конституциянын 12-статьясында, Граждандык Кодекстин 233-17, 233-18 статьяларында, Жер Кодексинин 68-статьясында мамлекет жеке менчикти,  ошонун ичинде кыймылсыз мүлктү соттун чечими же келишим менен ээсине мүлктүн толук баасын төлөп бергенден кийин гана мамлекеттик муктаждыктарга алып койгонго укугу бар деп жазылып турат. Биз сунуштап жаткан мыйзам ошол принциптин иштөө жол-жобосун гана аныктап жатат. Ошол менчикти муниципалдык менчикке алуу сунушун ким берет, ал кандай формада жасалат, ал сунушту ким бекитет, ал коомчулукка качан жана кантип жарыяланыш керек, ал чечимдин аткарылышын ким көзөмөлдөйт, алына турган менчиктин тизмеси качан жана ким тарабынан түзүлөт, ал мүлктүн баасын ким аныктайт,  баа кандай болуш керек, аныкталган баа менчик ээсине кандай форма жана мөөнөттө берилет. Мыйзамдын долбоорунда менчик ээсин мүлкүн компенсациялоонун 3 түрү сунушталат: биринчиден, үй ээсине үйүнүн баасына тете жер участогун шаар сунуш кылышы мүмкүн; экинчиден эски квартирасынынын баасына тете квартира сунуш кылышы мүмкүн, үчүнчүдөн, квартирасын баасын акчалай бериши мүмкүн. Менчиктин баасы толук төлөнмөйүнчө мамлекет аны карамагына алалбайт.  Демек, шаардыктардын менчикке болгон укугу толугу менен кепилденген. Экинчиси, кээ бир саясий күчтөр бул кырдаалды кызыл кулактык менен өз пайдасына буруп жатат. Шаардын борбордук бөлүгүндө көп кабаттуу үйлөр арбын. Алар ар бир үйгө барып "Силердин үйүңөрдүн баарын талкалай турган болду, арзан баада мамлекет сатып алат экен" деп ушак таратып, ушул мыйзамга каршыбыз деп азыр кол топтоп жүрүшөт. Кошумча "Көп кабаттуу үйлөр талкаланат экен, баасы эң арзан, 10 эсе арзан болот экен" деп дагы жалган таратышты. Алар "Бишкектин борборундагы жогорку окуу жайларын, театрларды, китепканаларды, мектептерди  талкалап, ордуна базар, оюн-зоок борборлорун курат экен" деген карандай калпты коркпой туруп таратып көрүштү, бирок бул жалгандарга коомчулук анчейин ишене бербеди. Биз шаардын борбордук бөлүгүндөгү көп кабаттуу үйлөрдүн тургундары менен жолугушуп, мыйзамдын маңызын түшүндүргөнүбүздө көңүлдөрү тынчып, кооптонбой калышкан. Бирок түшүндүрүп, айтып, көргөзгөнүбүзгө карабастан ошол демилгелүү топтун арасында, ушак таратып жаткандардын ичинде белгилүү эле адамдын урпактары бар экен. Эми аларды акылы жана билими жетпейт деп айтыш кыйын. Жогорку окуу жайларынан билим алышкан, кыргызчага караганда орусча тың сүйлөгөн, англисче да билген адамдар. Бир гана нерсени билем, саясий кызыкчылыктан башка дагы жеке кызыкчылыктар бар. Алар завод-фабрика курбайт, бизнес кылып базарда турбайт, дыйканчылык кылбайт, байлыгына жерлерди алып коюп, баасы чыкса миллион долларга сатамын деп турушат. Алар бүгүн сатпайт, каражатка муктаж эмес, анткени бай.   Алар 10-20 жыл күткөнгө да даяр "баасы чыкпаса менин балам, неберем сатып күн көрөт" деп да ойлошот. Ал эми Бишкектин тарыхый борбору - бул жалпы улуттук, саясий мааниге ээ. Анан экс-премьердин кызы же баласы баасы чыкса сатып майда чайнап  жесин деп шаардын көркүн бузуп турган үйдү кыргыз эли карап тура бермек беле?  Анда өзү инвестор таап оңдосун ал үйдү. Аны да кылбаса, анан кантип миллион долларга сатсын, кечээ биз менен жолугушууга келип, бирөөсү “мен кааласам, миллион долларга сатамын” деп айтып отурат.

Эч убакта Бишкек шаарынын борборунун абалы жеке бир адамдардын өз кызыкчылыгынын барымтасына айланбаш керек. Анткени республиканын борбору башка шаарларга үлгү болгудай, шаардын тургундарына, жаштарга, балдарга эстетикалык рахат тартуулаганга татыктуу кооз жана көргөн адамдын көнүлүн көтөргөн кооз жайга айланыш керек.

-Мыйзам боюнча кандай үйлөдү мамлекет базар баасында сатып алат да, кандай коомдук имараттар кол тийгиз болуп эсептелет?

-Биринчи, ушул кезге чейин чейин шаардын башкы планына ылайык курулуп, ишке берилген үйлөр кол тийгис! Мамлекет тарабынан алынбайт. Жогоруда аталган мыйзам долбоору буга кепилдик берет.

Экинчи, 1990-жылдары республикада болгон экономикалык-финасылык кризизистен улам шаардын башкы планына кирбеген үйлөр жана имараттар курулуп кеткен. Алар көп кабаттуу болбосо да, шаардын көркүнө төп келип турат. Аларда банктар, ар кандай уюмдардардын офистери, элчиликтер, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү жайгашкан. Мындай объектилерди шаардын башкы планына кирбеген деп талкалап салуу туура эмес жана ошондой эле шаар жана мамлекеттин алы жетпейт. Ошондуктан мындай имараттарды мыйзамдын алкагында коргоого алуу зарыл. Ошентип 1990-жылдардан бери шаар уруксат берген объектилер мыйзам долбооруна ылайык кол тийгис жана мамлекет алалбайт. Натыйжада Бишкек шаарынын башкы планына туура келбеген, ураганы турган, шаар көркүн бузган үйлөрдү, имараттарды менчик ээсинен мыйзамдын негизинде сатып алып, менчик ээсине жогоруда белгилегендей компенсациялоонун үч түрүн сунуштайт.

-Эски үйлөрдүн ээлери реконструкциялоонун натыйжасында утабы же утулабы?

-Үй, имарат ээлери да утушат. Бишкек шаары, Кыргызстан да сөзсүз түрдө утушка ээ болушат.

Мисалы, квартира ээсине  ошол жерде курулуучу үйдөн, мурунку аянтынан кем эмес квартира сунуш кылынат. Ал эски квартирадан 1,5-2 эсе чоң болушу мүмкүн.

Жаңы үй бүткүнчө үйү бузулган кожоюнга шаар убактылуу квартира берет, же квартиранын ижара акысын төлөп берип турат. Ал эми имараттардын 1-кабаттары соода-сатыкка, бизнеске пайдаланылат. Ошондой эле бизнес иштери менен алектенгендер биринчи же экинчи кабаттардан мурдагы аянтанынан кем эмес аянтка ээ болот.

Бизнес объектисинин кожоюндарына жаңы имарат бүткөнгө чейин алар алып турган, документ менен тастыкталган кирешени шаар төлөп берип турат.

Демек, шаардыктардын менчикке болгон укугу бузулат деп айтып, элдин арасында туура эмес үгүт жүргүзүп жаткандардын айткандары бүгүнкү чындыкка туура келбейт.

-Куруп берген маегиңизге рахмат.

Азия News газетасы

000304