"Эшигин көрүп төрүнө өт...." же эртеңки Бишкек жөнүндө кеп

000305

Бишкек шаары маданий, экономикалык-финансылык, илимий гана борбор эмес,  саясий борбор катары Кыргыз Республикасынын сыймыгы, жүзү. Бирок шаарыбыздын, айрыкча анын борбордук бөлүгү заманбап талаптарга жооп бербей, дүйнө өлкөлөрүнүн борборлорунан артта калып келет. Ушул маселенин айланасында "Ата Мекен" фракциясынын лидери Текебаев Өмүрбек Чиркешович менен маектешкенбиз.

-Өмүрбек Чиркешович, Сиз Тбилиси шаарында болгон ОБСЕнин Парламенттер аралык Ассамблеясынын сессиясына катыштыңыз, кандай таасирлер менен келдиңиз?

-Грузияда 2004-жылы өткөн парламенттик шайлоолорго КМШ өлкөлөрүнүн байкоочу миссиясынын курамында барып катышканмын. Анда өлкөнүн борбору Тбилисиде, жалпы Грузиядагы абал начар эле. Сутканын жарымында электр кубаттуулугу болбойт. Көп кабаттуу үйлөрдүн терезесинен мештердин трубалары соксоюп чыгып турганын көрдүк. Мен байкоочу болуп барган райондун акиминин бөлмөсүндө дагы буржуйкага от жагылып турчу. Андан бери арадан 10 жылдан ашык убакыт өттү, мурдагы президенти Саакашвили көп иштерди жасаптыр. Жолдору евростандартка туура келет. Тбилисиде андан бери көп өзгөрүүлөр болуп, жаңы үйлөр түшүп жатат. Аэропорттон Тбилисиге чейинки жолдо заманбап курулуштар курулган. Бул жол менен бараткан конок Грузияда чоң өзгөрүүлөр болгондугун дароо баамдап, Грузиядагы жаңыланууларды көз алдына тартып элестете алат.

Граждандык согуштан улам артта калып, өнүгүүсү бүдөмүк болуп турган Тажикстандын борбору Душанбе шаары да акыркы жылдары өнүгө баштады. Болгондо да пландуу өнүгүп, бүтүндөй кварталдарды кайра куруп, чоң аянттар, парктар, бульварлар, жолдор жана эстеликтер курулуп, өзгөрүү чоң. Баргандар "Бишкекти жакында артта калтырат го" деп айтышат.

Мен Тбилисиден Бишкекке түшкөнүмдө дагы бир жолу шаарыбыздын кире беришинде орун алган кунарсыз көрүнүштөргө көңүлүм чөктү. Эски, сынык шиферлер менен жабылган эски үйлөр турат. Мына ошол жолдон дүйнөнүн жарымы кирген ШОС уюмунун жетекчилери,эл аралык байланыштардын алкагында башка дагы иш-чараларга катышканы дүйнөлүк державалардын башчылары жана өкүлдөрү келип-кетип турушат. Биз менен атаандаш болуп, бизге сын көз менен карап турушкан өлкөлөрдүн жетекчилери да Бишкектин дарбазасын көрүп "Абалыңар ушул экен да" дешип, "Эшигин көрүп, төрүнө өт" дегендей "Эшигиңди эптей албай калган экенсиң" да дешип, мыйыгынан күлөр. Ичинен балким табалап кетээр.

-Мындай кырдаалдан чыгуунун жолун "Ата Мекен" фракциясы эмнеден көрөт?

-Мына ушундай абалыбызга байланыштуу "Ата Мекен" фракциясы  биздин өкмөткө Бишкек шаарынын борборун реконструкциялап, эски кыйраганы калган үйлөрдүн, имараттардын ордуна жаңы заманбап имараттарды курууну сунуштаганбыз.     Айрыкча Бишкектен аэропортко бара жаткан жол жээгиндеги үйлөрдү мамлекет акча таап, базар баасында сатып алып, жеке жана мамлекеттик ишканаларга ошол жерди берип, социалдык көп кабаттуу турак жайлар ошол жакка курулушуна шарт түзүү керек. Мына бизде ипотекалык үйлөр курулуп жатат. Ошол ипотекалык фонддун акчаларын да ошол курулуштарга жумшасак болот. Ал үйлөргө шаардыктар сөзсүз барып жашайт, анткени жолу кеңири, тегиз жана тез жетүүгө ыңгайлуу.   Бул кийинкилигинде ошол аймактын  өнүгүшүнө шарт түзөт. Бул жолдо тыгын болбойт. Экинчиден,  келген коноктор жолдун боюндагы кунарсыз эски үйлөрдүн эмес, заманбап көп кабаттуу, кооз  үйлөрдүн коштоосунда борбор калаабызга келет. Буга чейин чет элдик делегациялар келээрде ошол кунарсыз үйлөрдү жабыш үчүн жол бойлорун баннер менен тосуп чыгышчу. Мына азыр дагы шаардык бийликтер, аэропорттун жетекчилиги конок тособуз деп, баннерлерди даярдап жатыптыр. Кемчиликти канчага чейин баннерлер тосуп жүрүп күн өтөөр экен. Бул артык кыламын деп, тыртык кылуунун гана бир жолу. Жолубуздун боюндагы оркойгон одонолуктарды тигинтип баннер менен жаап турабыз дебестен, пландуу, системалуу курулуштарды ошол жакка курушубуз керек.

-Куруп берген маегиңиз үчүн ырахмат.

Азия News газетасы