Өмүрбек Текебаев: “Мен кыргызмын! Кыргызстан менин үйүм!"

Азыр Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары жайкы эс алууда. Бош учурдан пайдаланып шайлоочулар менен жолугушуп жүргөндөрү, ошол эле учурда өлкөнүн калкы үчүн маанилүү мыйзамдардын долбоорун даярдап жаткандары да бар. "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев дагы адамдардын өздүгүн аныктоого байланышкан мыйзам долбоорун даярдап жаткандыгын биз менен болгон чакан маегинде айтып берди.

...Мамлекет көргөзгөн кызматтар, адамдардын укуктары, "прописка" болгон жеринде эмес, иш жүзүндө жашаган жеринде алынып жана корголот

-Өмүрбек Чиркешович, парламенттик каникул учурунда кандай маселелердин жана мыйзам долбоорлорунун айланасында иштеп жатасыз?

-"Каникул айлары" деп аталганы эле болбосо депутаттар өздөрүнүн шайлоочулары менен жолугуп, дагы бир бөлүгү бош убактысынан пайдаланып мыйзамдардын, жаңы мыйзам долбоорлорунун айланасында иштөө мүмкүнчүлүгүн алышат. Биздин фракциянын депутаттары дагы ар бир өз алдынча иш алып барышууда.

"Ата Мекен" партиясы советтик доордон калган "прописка" институтун жоготобуз деп парламенттик шайлоо алдында элге убада дагы бердик. Кыргыз Республикасынын Конституциясында адамдардын укугу ар тараптуу көрсөтүлгөн, айрыкча "жашоочу жерди

эркин тандап алуу укугу" баса белгиленген ( Конституция КР. Глава вторая. "Права и свободы человека".Статья 25. 1. Каждый имеет право на свободу передвижения, выбор места пребывания и жительства в Кыргызской Республике). Бул биз кеп кылып жаткан "прописка" маселеси менен түздөн-түз байланыштуу. Ошондуктан мен азыр Кыргыз Республикасынын Конституциясында көргөзүлгөн ошол "...адамдардын жашоочу жерди эркин тандап алуу укугу боюнча" мыйзам долбоорун жазганга кириштим.

-"Адамдар жашоочу жерди эркин тандап алуу укугу боюнча" мыйзамдын  маңызы эмнеде? Азыр эми Кыргызстанда эркиндик. Адамдар "Ай деген ажосу, кой деген кожосу" жок каалаган жерине барып эркин жашап жүрүшөт. Ушундай мыйзамды алуунун зарылдыгы барбы? Бул жөн эле керексиз мыйзамдардын санын көбөйтпөйбү?

-Мен "прописка" институтун жоготуунун жолдорун көп издедим. Бул институт биздин граждандарга-жаштарга, өзгөчө карыган граждандарга өзүнүн кедергисин тийгизет. Мамлекет адамдардын укугун камсыз кылып, аларга кызмат көргөзөт. Бирок ал кызматты көп учурда адамдын төрөлүп, жашап, прописка болгон жерине байлап койгон. Эгер адам башка жакка көчүп кеткен болсо, ал кызматтарды алалбай, өз укугунан пайдалана албай калат. Акыркы 25 жылдын аралыгында Кыргызстанда 100 миңдеген мигранттар өздөрүнүн граждандык, социалдык укуктарынан ажырап жашап келатышат. Балдар төрөлгөндө төрөт үйү, чоңойгондо бала бакча, мектеп, сыркоолоп калса оорукана албайт, ажал жетип күнүң бүтсө өгөйлөп, ал жердин көрүстөнү албайт. Ошондуктан прописка институтун жоготуунун жолу катары мен ушул мыйзамды даярдап жатамын.

Аталган мыйзам долбоордо, адамдарга мамлекет көргөзгөн кызматтар, алардын укуктары, "прописка" болгон жеринде эмес, иш жүзүндө жашаган жеринде берилиши керектигин белгилеп жаздык. Ошондой эле бул мыйзам долбооруна Кыргызстандын ар бир гражданини бүгүнк күнү жашап жаткан жерин аныктоонун жолдорун, белгилерин көргөздүк. Формалдуу түрдө "прописка" сакталып калганы менен  мамлекет тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтарды жана укуктарын пайдаланганда гражданиндин "пропискасына" карабай эле кызмат жана укуктар ишке ашуучу  жоболорду киргиздик.

-Адамдын тигил же бул жерде иштеп-жашаганы кантип далилденет?

-"Ат оонаган жерде түк калат", адам да жашап-иштеп жүргөн жеринде изин сөзсүз калтырат: киреше тапса салык төлөйт, айлыгынан социалдык фондко каражат чегерилет, ишкерлик менен алектенүү максатында патент алат жана башка ушул сыяктуу белгилер гражданиндин бир жерде жашап жана иш менен алек болгонун далилдейт.

"Улут" жөнүндөгү маалыматты паспортко жазып же жазбоо--бул Кыргызстандын ар бир гражданинин Конституция ыроологон ыйык укугу, аны эч ким мажбурлай албайт

-Албетте адам менен мамлекеттин ортосундагы мамилелер, адамдын өздүгүн тастыктаган документ-эң негизгиси, паспорт менен жүргүзүлөт? Акыркы кездерде мына ошол паспорттун айланасында дагы өтө чоң талаш-тартыш жүрүп жатат. Паспортто кыргыз граждандарынын улутун аныктаган 5-графага улут жөнүндөгү маалымат көргөзүлбөгөн жаңы паспорттун үлгүсүн даярдап жаткандыгы жөнүндөгү Мамлекеттик Каттоо кызматынын (МКК) чечими айрыкча элдин бүйүрүн кызытып жатат. Бул маселе боюнча кандай ойдосуз?

-Туура. Паспорттогу "5-графа" граждандын улутун көргөзүүгө багышталган. Талаш ошол графанын айланасынан чыгып отурат. Ошол талашкандар Кыргызстандын аймагында эң чоң күчкө ээ болгон Конституция бар экендигин эстерине албай жатышат. Конституциянын бир нече статьясында,  тагыраагы "Адамдардын укуктары жана эркиндиктери" главасынын 38-статьясында бадырайып "Ар ким өзүнүн этностук тийиштүүлүгүн эркин аныктоого жана көрсөтүүгө укуктуу." деп жазылып турат. Ошондуктан гражданин ошол "5-графадан" өз улуту жөнүндөгү маалыматты кааласа көргөзөт, каалабаса көргөзбөйт. Бул адамдардын Конституция ыроологон фундаменталдык укугу. Ошондуктан МКК эле өзүнүн чечими менен адамдарга  Констиуциянын кепилдиги менен берилген бул ыйык укугун жоюп салуу туура эмес. Мына ушул мисалдагыдай Констиуцияда так жазылган нормалар кээде ушинтип бурмаланып же таанылбай калган учурлар көп болууда. Мына ошондуктан азыр "Адамдын өздүгүн тактоочу документтер жөнүндө" деген мыйзам долбоорун даярдап жатабыз. Ал иштелип бүтүп калды. Анда пспорт жана ага тете өздүк документтердин түрлөрү жөнүндө айтылат. Мына ошол мыйзамга  Конституциянын жогоруда биз келтирген главасын ачык жана так жазып коюш керек. Гражданин өзүнүн улуту жөнүндөгү маалыматты паспортко, AD-картага адамдын көзү менен көрө тургандай жол менен башкача айтканда тамгалар менен жазыш керек. Бул багытта МКК  "Конституцияда жазылган, улутун көргөзсө болот Жаңы паспортто адамдын улуту туурасындагы маалымат чипке жазылат, аны кийин сканер менен окуса болот" деп актанууга аракет кылып жатышпайбы. Ал адамдын укугун бурмалайт. Конституцияда жазылган ар кандай чектөөлөр, ар кандай жол адамдын укугунун маңызын өзгөртпөш керек деп жазылган. Эгерде улут туурасында жазылган маалымат көзгө көрүнбөсө, аны окуш үчүн атайын сканер зарылдыгы туулуп жатса, анда ар бир гражданиндин Конституциялык укугунун маңызы бузулуп жатпайбы.   Ошондуктан адамдар "улутун" баса көргөзгүсү келет. Эмне үчүн кээ бирлер улутун ушунчалык көргөзгүсү келет?  "Самоидентификация" деген түшүнүк бар, ошого ылайык көп адамдар ким экендигин, ким менен экендигин аныктап, анан ошону жар салып айтпаса, өзүн эрме чөлдө калган жалгыз адамдай сезет. Бул адамдын табияты, социалдык-психологиялык зарылдык. Ошондуктан ал өзүнүн ким экендигин, кайдан келгендигин, ким менен экендигин, ата-бабасы ким, улуту ким, эртең анын бала-чакасы кимдер менен боло турганын өзү тандап алган коомго жар салып айтмайынча анын жаны тынч албайт. Тозокко түшкөндөй кыйналат. Ошон үчүн адамдын ушул укугун биздин конституция,  эл аралык документтер коргоого кепилдик берет.

Кыргызстандагы жашаган көп улуттардын биримдиги, өнүккөн Кыргызстандын башаты болуш керек.

-А эмне үчүн кыргыздын идеологдору "улут" туурасындагы маалыматты көргөзбөөнүн аракетин кылып жатышат?

-Паспортто "улутту таптакыр көргөзбөө керек" дегендердин ниеттер жакшы, бирок жаңылыш. Улуттар көргөзүлбөсө эле, улут аралык проблемалар, өзбек-кыргыз, кыргыз-орус деп бөлүнүп жарылуулар болбой калат деп ойлошот.  Бирок ал туура эмес. Улут аралык мамилелерди оңдоп, ынтымактуулукту кармоо үчүн туруктуу комплекстүү мамлекеттик иш чара жана программа керек. Паспорттогу 5-графаны алып коюу менен маселе чечилбейт. Мен жогоруда "...кээ бир адамдар өзүнүн ким экендигин аныктап, ким менен экендигин жар салмайын жалгызсырайт жана кыйналат" деп айткандай жаш жана аз улуттар ошондой муктаждыкка ээ. Кыргызстан КМШ өлкөлөрүнүн ичиндеги жаңы пайда болгон жаш мамлекеттердин бири. Ошондой жар салууга муктаждар республикада арбын. Кыргызстанда кыргыз-кыргызмын, өзбек-өзбекмин, дунган-дунганмын жана орус-орусмун деп айтканы эле улуттар аралык араздашууга негиз болбош керек. Тескерисинче аларды бириктирүүнү башаты болуш керек.  Кыргызстандагы көп улуттардын биримдиги өнүккөн Кыргызстандын башталышы болуш керек. Ар ким өзүнүн ата-бабасынын ким экендигин билип, бирок Кыргызстанда жашап жаткандыгын билип, Кыргызстандын Конституциясын, мамлекетти түзгөн кыргыз элинин мамлекетти түзүүдөгү укугун таанып, ынтымакта жашаш керек. Ошондуктан мен даярдап жаткан мыйзамда 5-графа ошол боюнча калыш керек экендигин баса белгилеп жатамын. Улут сөзсүз көрсөтүлүшү керек.

Ошентип биз Кыргызстанда "Адамдын өздүгүн тактоочу документтер жөнүндө"   мыйзам долбоору аркылуу Гражданиндин улуту жөнүндөгү маалыматты  паспортко бадырайтып жазуу укугуна кепилдик берип жатабыз.

Мен Кыргызмын! Кыргыз экениме сыймыктанамын! Кыргызстандын ар бир гражданини өз улуту жөнүндө ушинтип айта алгандай болуш керек. Эгерде тиги идеологдордун логикасы боюнча, паспорттон "улут" жөнүндөгү маалыматты алып койсок эле проблемалар чечилет дегенге келип токтолсок, анда кыргыздар калпагын, өзбектер топусун кийбей койсун. Эгер бул логика менен кетсек анда республиканы Кыргызстан деп атабай эле, Ала-Тоо деген республикага, жэ Тоо республикасы деп алмаштырууга тураа келет.

Келгиле анда мыйзам кабыл алып, ар бир улуттун өзүнүн каада-салтын жоюп салып, ойлонуп табылган орток каада-салтты карманалы. Ар кимиси өзүнүн ырын ырдабастан, батыштын балдыраган бүгүнкү заманбап мотивине салып ырдайлы. Бул туура эмес жол! Кыргызстандын элинин байлыгы биздин көп кырдуулугубузда, маданиятыбыздын ар кылдуулугунда, биздин келечегибиз ынтымакта жана биримдикте! Биз ар кимибиз ар башкабыз, бирок бул биздин байлыгыбыз.

Маектешкен Кудайкул Жусупов

Азия news газетасы

000307