Политсовет партии "Ата Мекен" требует освободить О.Текебаева

000383Обращение

Президенту КР Атамбаеву А.
Председателю ГКНБ КР
Сегизбаеву А.
Генеральному прокурору КР
Джолдубаевой И.

Сегодня ложь и клевета становятся основными инструментами для расправы с политическими оппонентами.
Предоставленные адвокатом Текебаева О.Ч. исчерпывающие доказательства его невиновности, продолжают игнорироваться силовыми структурами, что подтверждает наличие поставленной перед ними задачи продолжать держать в заточении лидера оппозиционной партии, единственного политика, осмеливающегося задавать неудобные вопросы и сообщать гражданам факты неизвестные широкой общественности, которая разоблачает президента и его окружение.
Факты упрямая вещь и их невозможно игнорировать.


А они говорят о следующем:
1. Все обвинения построены на показаниях Маевского, утверждавшего, что встречи с Текебаевым проходили в Москве в первых числах июля 2010 года, в ходе которой, якобы, Текебаев вымогал у него взятку.

2. Однако, независимая информация открытых источников и отметки пограничных служб в паспорте Текебаева О.Ч. доказывает следующее:
а) 2 июля Омурбек Текебаев находился в Бишкеке и давал интервью журналистке информационного агентства “24.kg” Дарье Подольской

б) 3 июля он принимал участие в инаугурации президента переходного периода Розы Отунбаевой

в) 5 июля Текебаев в составе официальной делегации вылетел из аэропорта “Манас” в Норвегию по маршруту Бишкек-Ташкент-Рига-Осло.

г) 11 июля вылетел из Норвегии в Кыргызстан

д) 12 июля уже был в Бишкеке
Таким образом, утверждения Маевского –ложь и клевета так, как в заявленные даты Текебаев О.Ч. не мог физически находиться ни в его офисе, ни в Москве.
2. Руководители ГКНБ и Генеральной прокуратуры заявляют, что Омурбек Текебаев будучи заместителем главы Временного Правительства превысил свои должностные полномочия.

Однако, 12 июля Текебаев О.Ч. официально сложил свои полномочия, как заместитель главы Временного Правительства КР.

Следовательно, обвинения Текебаева в превышении им должностных полномочий и коррупции не могут быть ему инкриминированы.
Социалистическая партия “Ата Мекен” заявляет, что задержание и последующий арест лидера партии Текебаева О.Ч., депутата, обладающего особым статусом, являются незаконными и нарушающими основополагающие нормы Конституции и рассматриваются гражданами Кыргызстана, как политическая расправа с использованием государственных органов!
Использование подобных методов силовыми структурами, пренебрежение презумпцией невиновности, нарушение установленных законами процедур разрушает саму легитимность государственных органов и приводит к разрушению государственности.


Требуем от Президента КР Атамбаева А.Ш., председателя ГКНБ Сегизбаева А., Генерального прокурора Джолдубаевой И.Дж., прекращения гонения по политическим признакам своих оппонентов и немедленно освободить лидера политической партии “Ата Мекен” Текебаева О.Ч.


Председатель Политсовета партии “Ата Мекен” Болот Шер

Кайрылуу

Кыргыз Республикасынын Президенти А.Атамбаевге
Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы А.Сегизбаевге
Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору И.Джолдубаевага

Бүгүн Кыргызстанда бийликтин саясий оппоненттерине зомбулук көрсөтүү үчүн жалганчылык, жалаа жана репрессиялар негизги курал болуп баратат. Дал ушул курал президент жана анын айланасындагы адамдар үчүн ыңгайсыз суроолорду берүүгө, жагымсыз фактыларды жарандарга маалымдоого батына алган жалгыз саясатчы, оппозициялык парламенттик партиянын лидери Өмүрбек Текебаевге каршы колдонулду.

Жакында эле анын адвокаттары Ө.Текебаевдин күнөөсүздүгүн ишенимдүү далилдегенине карабастан, аларга укук коргоо органдары ачык эле көңүл коштук кылып жатат. Күч органдарынын мындай жүрүм-туруму алардын астына эч нерсеге карабастан Ө.Текебаевди камакта кармап туруу милдети турганын күбөлөйт.

000384
Бирок фактылар төмөнкүлөрдү далилдейт:
1. 2010-жылдын июль айынын биринчи күндөрүндө Москвага эки күнгө келип, уюлдук компаниянын акцияларын ага берүүнү убада кылуу менен ал үчүн андан пара талап кылганын бекемдеген Россиянын жараны Л.Маевскийдин көрсөтмөлөрү менен айыпталган. Бирок, ачык булактардан алынган маалыматтар жана Ө.Ч.Текебаевдин паспортунда чек ара кызматтарынын белгилери жок экени айтылган жолугушуунун болбогондугун далилдейт, анткени:

А) 2-июль күнү Ө.Ч.Текебаев Бишкекте болгон жана “24.kgнин” журналисти Дарья Подольскаяга интервью берген.

Б) 3-июль күнү өткөөл мезгилдин президенти Р.Отунбаеванын инаугурациясына катышкан, муну кинохрониканын кадрлары менен далилдөөгө болот.

В) 5-июль күнү расмий делегациянын курамында “Манас” аэропортунан Норвегияга Бишкек-Ташкент-Рига-Осло маршруту боюнча учуп кеткени, Норвегиядан Кыргызстанга 11-июлда учуп кеткени Ө.Ч.Текебаевдин паспортундагы чек ара кызматтарынын белгилери менен бекемделет.

Г) 12-июль күнү “Манас” аэропорту аркылуу Кыргызстанга келген.
Ошентип, Россиянын жараны Л.Маевскийдин жалган жалаасы ачыка чыкты анткени айтылган кундордо. Текебаев аны менен Москвада болгон эмес.
2. Маевский Ө.Текебаев Убактылуу Өкмөттө менчиктештирүү маселелерине жооптуу болгон дейт. Бирок Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрүнүн ортосунда ыйгарым укуктарды бөлүштүрүүдө Ө.Текебаев конституциялык реформаны жүргүзүүгө жооптуу болгон. Финансылык, экономикалык, менчиктештирүү маселелерине тиешеси жок болгон.
3. Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети жана Башкы прокуратура Ө.Текебаевди 2010-жылдын июль айынын аягында Убактылуу Өкмөттүн башчысынын орун басарынын ыйгарым укуктарын аша чапкан деп айыптоодо. Бирок, Ө.Текебаев 12-июлдан баштап Убактылуу Өкмөттүн башчысынын орун басарынын ыйгарым укуктарын расмий түрдө тапшырган жана Техникалык өкмөттүн курамына кирген эмес. Буга ылайык, ал кызматка ээ эмес адамга кызматтык ыйгарым укуктарын аша чапкан деген айыптоо туура эмес жана акылга сыйбайт.


“Ата Мекен” социалисттик партиясы партиянын лидери Ө.Текебаевди кармоо процедурасы жана кийин аны камоо мыйзамсыз экенин, ошондой эле Конституциянын негизги ченемдери бузулганын маалымдайт. Жалган жалаанын негизинде, репрессиялык органдардын мүмкүнчүлүгүн колдонуу менен кармалган өзгөчө статуска ээ депутат Ө.Текебаевди эркинен ажыратууну Кыргызстандын жарандары саясий оппоненттерге карата Президенттин зомбулугу катары баалап жатат! Күч органдарынын бул өңдүү ыкмаларды колдонуусу, күнөөсүздүк презумпциясын тоотпогондук, мыйзамда аныкталган айыптоо процедураларынын бузулушу жана камакка алуу - мамлекеттик органдардын мыйзамдуулугуна доо кетирип, масштабдуу каршылыктарды пайда кылып, мамлекеттүүлүктүн бузулушуна алып келет.


“Ата Мекен” саясий партиясы Кыргыз Республикасынын Президенти А.Ш.Атамбаевден, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы А.Сегизбаевден жана Башкы прокурор И.Ж.Жолдубаевадан “Ата Мекен” саясий партиясынын лидери Ө.Текебаевдин күнөөсүздүгүнүн далилдерин эске алууну жана аны токтоосуз камактан чыгарууну талап кылат.

“Ата Мекен” партиясынын саясий кеңешинин төрагасы Болот Шер

000386     000385      000389        000388

 

000388