ЖОГОРКУ КЕӉЕШТИН ДЕПУТАТЫ Ө.ТЕКЕБАЕВДИН СОТТО ЖАРЫШ СӨЗДӨ СҮЙЛӨГӨН СӨЗҮ

000394

Мага каршы козголгон кылмыш иши - мыйзамсыз, айыптоо - негизсиз. 

2017-жылдын 25-февралында Кыргыз Республикасынын Генпрокурору И.Джолдубаева мага каршы Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренесинин 1-бөлүгүндө көргөзүлгөн кылмыш белгилери боюнча кылмыш ишин козгоду. Генпрокурордун бул аракетин мен төмөнкү негизде мыйзамсыз деп эсептейм:

2016-жылдын декабрь айында Кыргыз Республикасынын Конституциясына референдум аркылуу өзгөрүүлөр кирген. Аларга ылайык, прокуратуранын ыйгарым укуктары олуттуу өзгөрүүлөргө дуушар болгон. Конституциянын 104-статьясынын 6-пунктуна ылайык, прокуратура тизмеси атайын конституциялык мыйзам менен аныкталган, мамлекеттик органдардын кызмат адамдарына гана кылмыш ишин козгой алат. Андай мыйзам азырга чейин кабыл алына элек. Мыйзамдын долбоору 2017-жылдын 18-апрелинде гана Жогорку Кеӊешке келип түшкөн. Мыйзам долбоорунун маалымкат-негиздемесинде: “Конституиялык мыйзамдын ушул долбоору 2016-жылдын 11-декабрындагы референдумда (жалпы элдик добуш берүүдө) кабыл алынган, 2016-жылдын 8-декабрындагы №218 “Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен өзгөртүлгөн жана Кыргыз Республикасынын Коргоо кеӊешинин 2016-жылдын 4-июлундагы №3 чечими менен жактырылган, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2016-жылдын 18-июлундагы ПЖ №161 жарлыгы менен бекитилген, Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын системасын реформалоо боюнча чаралардын комплексин аткаруу үчүн реалдуу негиздерди түзүүгө Кыргыз Респубикасынын Коституциясынын жоболорун ишке ашыруу максатында иштелип чыккан», - деп айтылган.
Ушунун өзү атайын мыйзам кабыл алынбаса, Конституцияга каршы болгон Кылмыш процессуалдык кодекстин (КПК) жана башка мыйзамдардын нормалары иштебейт дегендикти билдирет.
Демек, Генпрокуратура мага каршы мыйзамсыз иш козгогон.
303-статья коррупция жөнүндө. Коррупция – кызматтык кылмыштарга кирет.
Мени кызматтык кылмышка айыпташ үчүн Генпрокурор, мен кайсы конкреттүү бийлик ыйгарым укугумду, качан, кантип пайдаланып, кайсыл конкреттүү чечимди кабыл алганымды, ал чечим Генпрокурор кылмыш деп жаткан окуяга кандай түздөн-түз байланышы бар экенин көргөзүшү керек эле. Бирок Генпрокурор алардын бирин да көрсөтө алган эмес.
Мен, Текебаев Ө.Ч., Убактылуу Өкмөтүнүн мүчөсү катары кандай бийлик ыйгарым укуктарга ээ элем жана аларды Генпрокурор айыптап жаткан кылмышта пайдалана алат белем?
Анализдеп көрөлү:
2010-жылдын 7-апрелинде өзүнүн №1 Декрети менен Убактылуу Өкмөт түзүлгөнүн жарыялады. Декретке ылайык (2-п.), «Кыргыз Республикасынын Президентине, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө бекитилип берилген ыйгарым укуктар менен милдеттер Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнө жүктөлөт».
Убактылуу Өкмөт 14 мүчөдөн турган, коллегиалдык орган болгон (Убактылуу Өкмөтүнүн Регламентинин 2-пункту). Убактылуу Өкмөттүн иштөө тартиби Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Регламенти менен аныкталган. Регламент 2010-жылдын 10-апрелинде кабыл алынган.
Регламенттин 8-пунктуна ылайык, Декреттер Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрүнүн 2/3синин добушунан кем эмес добуш менен кабыл алынат.
Ошентип, Убактылуу Өкмөттүн атынан анын эч бир мүчөсү, жада калса, төрагасы да чечим кабыл ала алмак эмес.
Ошол эле убакта, Убактылуу Өкмөттүн кээ бир мүчөлөрү аткаруу бийлигинин органдарында, министирликтерде, комитеттерде жана башка административдик ведомстволордо жетекчи кызматтарды ээлеп турушкан. Алардын бийлик ыйгарым укуктары Конституция, мыйзамдар жана Өкмөттүн тиешелүү токтомдору менен аныкталган.
Мисалы, Убактылуу Өкмөттүн Төрагасынын биринчи орун басары А.Атамбаев 15 министрлик, административдик ведомстволордун иштерин тескеп көзөмөлдөп турган. Ошолордун ичинде Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мүлк министрлигин дагы.

Мага, Убактылуу Өкмөттүн Төрагасынын орун басары катары:
- Конституциялык реформаны өткөрүүнү камсыз кылуу;
- Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигинин ишин координациялоо милдети жүктөлгөн.
Өзгөчө белгилей кете турган жагдай:
Убактылуу Өкмөттүн, анын мүчөлөрүнүн бийлик ыйгарым укуктары убакыт өтүшү менен өзгөрүп турган.
2010-жылдын 19-майында «Кыргыз Республикасынын өткөөл мезгилдеги Президенти жөнүндө» №39 Декрети кабыл алынган.
Ал Декреттин 4-пункту менен өткөөл мезгилдеги Кыргыз Республикасынын Президентинин ыйгарым укуктары Убактылуу Өкмөттүн Төрагасы Роза Исаковна Отунбаевага таандык кылынган. 5-пункту менен Роза Исаковна Отунбаевага Кыргыз Республикасынын Президенттин жана Премьер-министринин ыйгарым укуктары берилген.
2010-жылдын 27-июнундагы референдум менен жаңы Конституция кабыл алынып, 13-июлда «техникалык» деп аталган Өкмөт түзүлгөндөн кийин, Убактылуу Өкмөттүн кээ бир мүчөлөрүнүн, ошолордун ичинде менин да ыйгарым укуктарым азайган. Убактылуу Өкмөт Президенттин, Өкмөттүн ыйгарым укуктарын жоготуп, мыйзам чыгаруучу гана орган болуп, Жогорку Кенештин милдетин аткарып калды.
Мыйзам чыгаруучу Убактылуу Өкмөттүн мүчөсү катары менде кандай бийлик, ыйгарым укугум болгон? Убактылуу Өкмөттүн Регламентинде көргөзүлбөгөн, бирок иш жүзүндө төмөнкү укуктар гана болгон: сунуш киргизүү, талкууда сөз сүйлөө, добуш берүү.
Мыйзам чыгаруучу Убактылуу Өкмөттүн мүчөсүн Жогорку Кенештин депутаты катары караса болот. Конституцияга, «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутатынын статусу жөнүндөгү» конституциялык Мыйзамга ылайык, депутат эркин добуш берет жана добуш бергенине жооп бербейт.
Конституцияга ылайык, мамлекеттик мүлктү Өкмөт башкарат.
Убактылуу Өкмөттүн чечимине ылайык, мамлекеттик мүлктү башкаруу А.Атамбаевге жана Мамлекеттик мүлк министрлигине жүктөлгөн.
2010-жылдын 7-апрелинен 12-июнуна чейин Убактылуу Өкмөттүн Төрагасынын орун басары катары мага Конституциялык реформа жүргүзүү, Юстиция министрлигинин ишин көзөмөлдөө милдеттери жүктөлгөн. Убактылуу Өкмөттүн Төрагасынын орун басары болуп туруп, кайсыл укугумду, бийлигимди пайдаланып, кандай чечим алып, генпрокурор айткан кылмышты жасадым?
Бул суроого Генпрокурор бүгүнкүгө чейин жооп бере албайт.
2010-жылдын 12-июлунан кийин мен мыйзам чыгаруу органынын мүчөсү гана болуп калдым.
Генпрокуратурага дагы бир суроо: 2010-жылдын 12-июлунан кийин мен кайсы бийлик, ыйгарым укугумду, качан, кантип пайдаландым? Кандай жеке чечим чыгардым? Ал чечимдин «Альфа Телеком» ЖАКна кандай тиешеси бар? Алардын мени айыптап жаткан кылмыш менен кандай байланышы бар?
Генпрокуратура буга жооп бере албайт. Мага каршы факт, аргумент жок экенин түшүнүп, Генпрокуратура фактыларды бурмалоо, жалган жалаа жабуу жолуна түштү.
Генпрокуратуранын кээ бир жүйөлөрүнө көӊүл буралы: “Аталган убакта Ө.Ч.Текебаев, Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн мүчөсү болуп туруп, кызматын 2010-жылдын 21-декабрына чейин, башкача айтканда, Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн расмий таркатылышына чейин ээлеп келип, активдүү саясий иш жүргүзүп, мамлекеттик маанидеги чечимдерди кабыл алууда, алардын ичинде мамлекеттик мүлктү жөнгө салуу маселелеринде уюштуруучулук-тескөөчүлүк мүнөздөгү чечимдерди кабыл алууга тикеден-тике катышкан. Мындан тышкары, өзүнүн авторитетин жана бийлик ыйгарым укуктарын пайдалануу жолу менен өзүнүн жакын адамдарын мамлекеттик органдардын жетектөөчү кызматтарына дайындоого чара көргөн.
Тактап айтканда, Ө.Ч.Текебаевдин саясий авторитетинин таасиринен, Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 7-апрелиндеги №6 буйругу менен Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин кызматына Б.Э.Шерниязов дайындалган, Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 8-апрелиндеги №16 буйругу менен Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министринин милдетин аткаруучу болуп Д.Т.Чотонов дайындалган, Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 12-апрелиндеги №35 буйругу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Мамлекеттик каттоо кызматынын директорунун милдетин аткаруучу болуп А.Н.Шыкмаматов дайындалган, Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 14-апрелиндеги №54 буйругу менен Кыргыз Республикасынын Юстиция министринин милдетин аткаруучу болуп А.Ж.Салянова дайындалган, Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 23-апрелиндеги №164 буйругу менен Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министринин милдетин аткаруучу болуп Ш.И.Абдылдаев дайындалган.
Ошентип, жогоруда көрсөтүлгөн Кыргыз Республикасынын негизги мамлекеттик органдарынын биринчи жетекилеринин жайгаштыруусу Ө.Ч.Текебаевге өзү жана анын таасири менен дайындалган адамдар аркылуу ар түрдүү өзүнө керектүү мамлекеттик маанидеги чечимдерди кабыл алууга мүмкүнчүлүк берген”.
2010-жылдын 7-апрелиндеги элдик революция 6-апрель күнү Талас областында башталган. Бириккен элдик кыймылдын (БЭК) атынан Талас областында элдик курултай өткөзгөнү барган Болот Шерниязовду бийлик камакка алат. Ага кыжыры келген эл жабыла көтөрүлүп, Болот Шерниязовду бошотконго аракет кылышат. Болот Шерниязовду бийлик Бишкекке алып келип, УКМКнын СИЗОсуна камайт. Койсун Курманалиева, Шералы Абдылдаев жетектеген эл бакиевчил губернаторду, министрлерди туткунга алып, областта элдик бийлик орнотушат. Эгерде Таласта бул окуя болбосо, 7-апрелде Бишкекте Бакиевдин бийлиги кулашы күмөн эле. Таластыктардын эрдиги бүткүл Кыргызстанды шыктандырып көтөрдү. Эгерде Болот Шерниязов, Койсун Курманалиева, Шералы Абдылдаевдер болбогондо биз, мен жана А.Атамбаев экөөбүз азырга чейин Бакиевдин түрмөсүндө отурмакпыз.
2010-жылдын 7-апрелинде Убактылуу Өкмөт түзүлдү. Анын негизги составын Элдик курултайдын Борбордук комитетинин мүчөлөрү түздү. Борбордук комитеттин мүчөлөрү: Болот Шерниязов – Талас областы боюнча координатор, Дүйшөн Чотонов - Ош областы боюнча координатор, Алмамбет Шыкмаматов - Нарын областы боюнча координатор болушкан. Айта кетчү маанилүү жагдай, Роза Отунбаева Борбордук комитеттин төрайымы болгон.
2017-жылдын 13-июлунда сотто Р.Отунбаева, Э.Каптагаевдер: «Убактылуу Өкмөттүн негизин 2010-жылдын 17-мартындагы Элдик Курултайда шайланган Аткаруу комитетинин мүчөлөрү түзгөн. Сырттан А.Эркебаев менен Э.Ибраимовалар эле кошулган», - деп көрсөтмө берип, Генпрокуратуранын Ө.Текебаев Б.Шер менен Д.Чотоновду Убактылуу Өкмөттүн мүчөсү кылган деген бүтүмүн жокко чыгарышкан. Кийин сотто көрсөтмө беришкен Т.Сариев, И.Исаков, А.Бекназаров, Э.Ибраимова, К.Дүйшөбаевдер да ушундай эле көрсөтмө беришкен.
Ошентип, Б.Шерниязов, Д.Чотонов, А.Шыкмаматовдор А.Атамбаевден кем эмес статуска ээ болушкан жана алган кызматтарына өз аракеттери менен жетишишкен.
Ш.Абдылдаев мындай деп көрсөтмө берген: “Болот Шерниязовдун жардамы менен экөөбүз А.Атамбаевдин кабылында болдук. Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө А.Атамбаев менин билимимди сурады. Менин Мамлекеттик мүлк министри болоюн деген оюм жок эле. Мен транспортникмин, Апрель революциясынан кийин Талас областында элдик губрнатор болгом деп айттым”. Мамлекеттик мүлк министри болуп Ш.Абдылдаев А.Атамбаевдин сунушу менен дайындалган (II том, 210-бет).
2017-жылдын 1-июлунда сотто Болот Шер: «2010-жылдын апрель айында Талас областында Элдик Курултайдын координатору мен болгом. Мен камалсам Ш.Абдылдаев менин ордумду басмак. Ш.Абдылдаев камалса, анын ордун К.Курманалиева басмак. Алар элдик революциянын жетекчилери болушкан. Ш.Абдылдаевди 2010-жылы 7-апрелден кийин А.Атамбаевге мен алып киргем», - деген. А.Бекназаров да 19-июлда сотто көрсөтмө берген, ал: «А.Шыкмаматовдун кандидатурасын А.Атамбаевге мен сунуштагам. А.Шыкмаматов Мамлекеттик каттоо кызматынын директорлугуна А.Атамбаевдин макулдугу, сунушу менен дайындалган. Ал эми Д.Чотоновдун кандидатурасын да А.Атамбаевге мен сунуштагам. Кийин А.Атамбаев Д.Чотоновго өзү сунуш кылды», - деп көрсөтмө берди.
Ошентип, Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрү: Р.Отунбаева, А.Бекназаров, Т.Сариев, Э.Ибраимова, Б.Шер жана башкалар Генпрокуратуранын Ө.Текебаев Б.Шерди, Д.Чотоновду, А.Шыкмаматовду мамлекеттик кызматтарга дайындаткан деген бүтүмүн сотто берген көрсөтмөлөрү менен жокко чыгарышты.
Генпрокурор жогоруда айтылган адамдар аркылуу өзүмө керектүү мамлекеттик кайсыл чечимдерди алдырганымды айта албайт, көргөзө албайт.
Генпрокуратура мен добуш берген Убактылуу Өкмөттүн кайсыл чечими мамлекеттин кызыкчылыгына каршы келет - айта, көргөзө албайт.
Генпрокуратура мен добуш берген Убактылуу Өкмөттүн кайсы чечими «Альфа Телеком» ЖАКна жана айтылган кылмышка тиешеси бар - айта, көргөзө албайт.
Генпрокуратура Мамлекеттик мүлк министрлигинин же министр Ш.Абдылдаевдин «Альфа Телеком» ЖАКна тиешелүү кайсы чечими, аракети мыйзамсыз жана мамлекеттин кызыкчылыгына каршы келет - айта, көргөзө албайт.
Жогоруда саналган Генпрокуратуранын жүйөлөрү фактыларды атайылап бурмалаган кара ниет аракеттер экени көрүнүп турат.
Кылмыш ишинин материалдары көргөзүп тургандай, Ш.Абдылдаев «Альфа Телеком» ЖАК боюнча мыйзамсыз чечим кабыл алган эмес, эч кимден акча сураган эмес, эч кимден акча алган эмес, эч кимге убада берген эмес.
Анда эмне үчүн Ш.Абдылдаевди Генпрокуратура айыптуу деп таап жатат? Себеби жөнөкөй эле. Ш.Абдылдаевсиз мени кылмыш жообуна тартуу мүмкүн эмес.
Менин аракеттеримден кыйкым таба албагандыктан, 2010-жылы Мамлекеттик мүлк министри болуп турган Абдылдаев Шералынын жана ал жетектеп турган министрликтин «Альфа Телеком» ЖАК боюнча кабыл алган чечимдерин бурмалап, айтылып жаткан кылмышка байлоого аракет кылып жатышат.
Кылмыш иши козголгондон кийин эки айдан кийин, 2017-жылдын 21-апрелинде гана Абдылдаев Шералы Итибаевичти айыпталуучу деп табышты.
Деги мени эмнеде айыптап жатышат?
Генпрокуратура Ө.Ч.Текебаев, Д.Т.Чотонов, Ш.И.Абдылдаев (Абдылдаевсиз иш бузулат) жана Т.Маматкеримов жана башкалар Россия Федерациясынын ишкери Л.Маевский менен байланышып, «Альфа Телеком» ЖАКнун жетекчилигине сенин адамыӊды дайындап беребиз деп, андан 1 (бир) миллион АКШ долларын алышкан. Берген убадаларын аткарыш үчүн аракет кылышкан» - дейт.
Андан ары Генпрокуратура төмөндөгүдөй жомок токуйт: «Л.С. Маевский 2010-жылдын 27-июлунда Ө.Ч.Текебаев койгон шартка макул болуп, 1 (бир) миллион АКШ долларынын 300 миң долларын Бишкекке алып келет. Ал акчаны Ө.Ч.Текебаев менен Д.Т.Чотоновго берип кой деп А.Модинге «Хаят» отелинде берет».
Ошол эле күнү Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министри Ш.И.Абдылдаев, Ө.Ч.Текебаев түзгөн кылмыштуу топтун кызыкчылыгын көздөп, өзүнө алган милдеттенмелерди аткаруу жолунда, «Альфа Телеком» ЖАКнун гендиректору А.Г.Силичке, «Альфа Телеком» ЖАКнун акционерлеринин кезексиз жыйынын чакырууну жана күн тартибине:
- Коомдун Уставына өзгөртүүлөрдү киргизүүнү;
- Коомдун директорлор кеңешин, анын Төрагасын жана ревизорду шайлоону сунуштап, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлигинин №06/1-2631 номерлүү катынын жөнөтүлүшүн демилгелейт».
Генпрокуратура Ш.Абдылдаев, Ө.Текебаевдин көрсөтмөсү менен аракет кылып жатат деп, Л.С.Маевский Бишкекке келген күнү каттын жөнөтүлүшү, эки окуянын байланышы бар экенинин далили катары көргөзгөнгө аракет кылат.
Мамлекеттик мүлк Министри Ш.Абдылдаев кимдин буйругун аткарды, кимдин кызыкчылыгын көздөдү, эмне үчүн ошол күнү кат жөнөттү?
Убактылуу Өкмөттүн төрагасынын биринчи орун басары А.Атамбаевдин сунушу менен 2010-жылдын 23-апрелинде Абдылдаев Шералы Итибаевич Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалат.
2010-жылдын 20-майында Убактылуу Өкмөттүн «Альфа Телеком» жабык акционердик коомунун акцияларынын 49 %ин мамлекеттештирүү жөнүндө №44 Декрети кабыл алынат.

Декреттин 2-пункту менен, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлиги «Альфа Телеком» ЖАКнун акцияларынын 49 процентинин мамлекеттештирилгенине байланыштуу:
- «Альфа Телеком» ЖАКнун акционерлеринин жалпы чогулушун өткөрүүнү демилге кылсын;
- «Альфа Телеком» ЖАКнун жаңы уюштуруу документтерин бекитсин жана кайрадан каттоону жүргүзсүн;
- «Мегаком» мобилдүү байланышынын үзгүлтүксүз ишин камсыз кылсын;
- «Альфа Телеком» ЖАКнун акцияларынын 49 процентин мамлекеттештирүүдөн келип чыккан башка маселелерди чечсин, -
деп, Мамлекеттик мүлк министрлигине тапшырма берилет.
Министр Ш.Абдылдаев ушул декреттин аткарылышын камсыз кылуу үчүн чараларды көрөт. Тиешелүү чечимдерди кабыл алат.
Ш.Абдылдаев мындай дейт: «2010-жылдын май айында Генпрокуратуранын сунушу менен бир топ объект, ошонун ичинде «Альфа Телеком» ЖАКнун 49% акциясы улутташтырылган. Эмне үчүн 49% эле процент акция Генпрокуратуранын справкасында негизделген Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлиги декреттерди гана аткаргам» (II том, 210-бет).
Мамлекеттик мүлк министрлигинин статс-катчысы Суеркул Бакиров стратегиялык объектилерди, ошонун ичинде «Альфа Телеком» ЖАКун караган.
С.Бакиров мындай дейт: «Декретти аткаруу үчүн 49% акцияны акционерлердин реестрине каттатуу керек эле. Реестр кармоочу болуп «Региструм» деген ЖЧК турган. Жетекчиси Молтоева Зарина эле» (VII том, 87-бет).
2010-жылы Мамлекеттик мүлк министрлигинин стратегиялык объектилерди менчиктештирүү жана өнүктүрүү башкармалыгынын бөлүм башчысы Илья Черный мындай дейт: «Менин бөлүмүмө Убактылуу Өкмөттүн улутташтыруу боюнча Декреттерин аткаруу тапшырылган эле. Ошолордун ичинде «Альфа Телеком» ЖАК да. «Альфа Телеком» ЖАК боюнча бардык документерди мен даярдагам. Тиешелүү мамлекеттик органдар менен байланышып, кат алышып, маселелерди мен даярдагам. Мен даярдаган суроолорго, кайрылууларга, каттарга министрликтин статс-катчысы С.Бакиров кол койчу эле. Ошол эле убакта реестр-кармоочу ЖЧК «Региструм» «Альфа Телекомдун» акцияларын кайра каттоодон баш тартты. Прокуратурага кайрылып жүрүп, акцияларды араң каттаттык» (VII том, 116-бет).
2017-жылдын 5-июлунда И.Черный сотто көрсөтмө берип, төмөндөгүнү айтты: «Мага статс-секретарь С.Бакиров тапшырма берсе да, бербесе да, ошол иштерди кылышым керек эле. Анткени мен Убактылуу Өкмөттүн декреттерин аткарууга милдеттүү элем. Декретке ылайык, «Альфа Телеком» ЖАКнун акционерлеринин жалпы жыйналышын чакырышыбыз керек эле. Биздин акционерлердин жыйналышын чакыруу демилгебиз мамлекеттин кызыкчылыгында болгон. «Альфа Телеком» ЖАКнун гендиректорлугуна кандидатура жылдырылган эмес».
2010-жылы 20-сентябрда Ш.Абдылдаев Кыргыз Республикасынын Генпрокурору К.Байболовго жана Кыргыз Республикасынын Президентинин администрациясына кат жолдойт. Анда: «Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 20-майындагы №44 Декрети менен Убактылуу Өкмөт «Альфа Телеком» ЖАКнун 49% акциясын улутташтырат.
Бирок, кайсы акция ээсинин менчиги мамлекеттин менчигине алынат -Декретте көргөзүлбөй калган. Декрет Кыргыз Республикасынын Генпрокуратурасынын 2010-жылдын 27-апрелиндеги сунушу менен кабыл алынганын эске алып, Мамлекеттик мүлк министрлиги эки жолу (16.06.2010-ж., чыг.№06/1-1979 жана 02.07.2010-ж., чыг.№06/1-2237) Генпрокуратурага, ошондой эле Убактылуу Өкмөттүн Сот жана прокуратура органдарынын ишинин координатору А.Бекназаровго (15.07.2010-ж., чыг.№06/1-2420) кайсыл менчик ээсинин акциясы мамлекеттин менчигине алыныш керек, аныктап бериӊиздер деген сунуш менен кайрылдык.
2010-жылы 19-июлда Убактылуу Өкмөт «Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн айрым декреттерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» №102 Декретин кабыл алат.
Ал декретте Убактылуу Өкмөттүн улутташтыруу боюнча №№42, 43, 44, 45, 46, 47, 48, 49, 50, 51, 54, 55, 57, 58, 59, 60, 61, 74, 78 декреттерине төмөндөгүдөй өзгөрүү кирет:
1-пунктундагы «Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 288-беренесине ылайык» деген сөздөр алып салынсын,
төмөнкүдөй мазмундагы пункт менен толукталсын:
«5. Мамлекеттик органдар ушул Декреттен келип чыгуучу зарыл чараларды, анын ичинде мамлекеттештирилген объекттерди каттоо жана тариздөө менен байланышкан чараларды көрүшсүн.» (VI том, 136-146-беттер).
2010-жылдын 20-июлунда Мамлекеттик мүлк министрлигине Генпрокуратуранын тергөө тобунун жетекчиси К.Арпачиевден (чыг.№8-4 20.07.2010-ж.) кат келди...
Бул катта тергөө тобунун жетекчиси «Альфа Телеком» ЖАКнун «Southfield Management.inc.» ке жазылган 49% акцияны кайра каттатуу керек деп билдирилген» (VI том, 38-39-бет).
Ошентип, «Региструм» ЖЧК мамлекеттин 49% акциясын 2010-жылдын 23-июлунда каттайт. Бул жума күн болот. 26-июль дүйшөнбү күнү И.Черный жетектеген бөлүм «Альфа Телеком» ЖАКнун гендиректору А.Г.Силичтин атына, кезексиз акционерлердин жыйынын чакыруу боюнча кат даярдайт. Эртеси, 27-июлда статс-катчы С.Бакиров катка кол коюп, Силичке жөнөтөт.
Каттын 27-июлда жөнөтүлүшү, 27-июлда Л.Маевскийдин Кыргызстанга келиши менен байланышы жок. Ал көрүнүп турат.
2010-жылдын 4-августунда «Альфа Телекомдун» Гендиректору А.Г.Силич акционерлердин кезексиз жыйыны 25-август күнү саат 10.00гө дайындалды деп Мамлекеттик мүлк министрлигине кат жөнөтөт.
24-август күнү статс-катчы С.Бакиров «Альфа Телекомдун» Гендиректору А.Г.Силичке директорлор кеңешине жана ревизорлугуна талапкерлердин тизмесин жөнөтөт.
Эртеси 25-августта акционерлердин кезексиз жыйыны болбой калат.
А.Муралиев жетектеген жаңы Өкмөт, улутташтырылган объектилерди мамлекетке алуунун жүрүшүнө ичи чыкпай, 2010-жылдын 18-августунда №167 Өкмөттүн токтому менен Мамлекеттик мүлк министрлигинин алдында Улутташтырылган объектилерди башкаруу фондун түзөт. Фондго директор болуп Азамат Мурзалиев дайындалат. Ал бир эле убакта Министрдин орун басары болуп дайындалат.
2010-жылдын 14-сентябрында Декреттин тапшырмасын аткаруу үчүн, мыйзамдардын жана «Альфа Телеком» ЖАКнун Уставына ылайык министрлик акционерлердин кезексиз жыйналышын чакыруу боюнча кайта кайрадан «Альфа Телекомдун» гендиректору А.Г.Силичке жөнөтөт. Бул жолу катка министр Ш.Абдылдаев өзү кол коет.
Уставдын 7.27.2-пунктуна ылайык, Гендиректор он күндүн ичинде, демек 24-сентябрга чейин акционерлердин жыйынын чакырууга милдеттүү эле. Бирок, Силич чакырбайт. Силичке Генпрокурордун орун басары В.Иванов жардамга келет.
Ал өзүнүн 2010-жылдын 5-октябрында токтомун чыгарып, «Альфа Телеком» ЖАКнун 100% акциясын камакка алат. В.Иванов улутташтырылган, мамлекетке өткөн 49%ти да камакка алып, мамлекеттин укугуна да чек коет.
Эми эч ким жыйналыш өткөр, отчет бер деп А.Силичке талап кое албай калды.
Эмне үчүн министр Ш.Абдылдаев акционерлердин кезексиз жыйынын күн тартибине «Альфа Телекомдун» гендиректорун шайлоо маселесин киргизди?
«Альфа Телеком» ЖАКнун Уставына (8.5-пункт) ылайык, гендиректор бир жылдык мөөнөткө шайланат. А.Г.Силич 2009-жылы гендиректор болуп шайланган. Ошондуктан, гендиректорду шайлоо автоматтык түрдө күн тартибине кириш керек. Гендиректор кайра-кайра шайланганга укугу бар. Министр Ш.Абдылдаевдин күн тартибине сунушу - сөзсүз А.Силич кетет дегенге жатпайт.
2017-жылы 13-июлда сотто Р.Отунбаева, Э.Каптагаев, 18-июлда Т.Сариев, Э.Ибраимова, К.Дүйшөбаев, 19-июлда А.Бекназаров жана башкалар: «№44 Декретти аткаруу – Мамлекеттик мүлк министрлигинин милдети. Алар улутташтырылган мүлктү мамлекеттик башкарууга алып, көзөмөл жүргүзүү керек. Бул – алардын милдети» - деп көрсөтмө беришкен.
Мамлекеттик мүлк министрлигинин аракети декретти аткаруу багытында болгон, мамлекеттин акционер катары кызыкчылыгын коргогон жана мыйзамдардын, уставдын негизинде болгон.
Ш.Абдылдаев министрликтен кеткенден кийин да, акционерлердин жыйынын өткөрүүгө бир нече жолу аракет болгон:
- 2011-жылдын 31-мартында Мамлекеттик мүлк министрлиги (МММ) «Альфа Телеком» ЖАКнун гендиректорунун милдетин аткаруучу А.Абековго кезексиз жалпы жыйынды өткөрүү жөнүндө кат жолдойт.
- 15-апрелге дайындалган жалпы жыйын кворум жок болуп өтпөй калган.
- 2011-жылдын 3-майында Мамлекеттик мүлк министрлиги «Альфа Телеком» ЖАКнун гендиректорунун милдетин аткаруучу А.Абековго акционерлердин жалпы жыйынын өткөрүү жөнүндө кат жөнөтөт. Бирок 14-майга дайындалган жалпы жыйын кворум жок болуп, дагы өтпөй калган.
2011-жылдын 16-майында «Альфа Телеком» ЖАКнун гендиректорунун атына акционерлердин кезексиз жалпы жыйынын чакыртуу боюнча Мамлекеттик мүлк министрлиги кат жөнөтөт.
2011-жылдын 28-майында «Альфа Телеком» ЖАКнун жалпы акционердик жыйыны өтөт.
«Альфа Телеком» ЖАКнун гендиректору болуп А.Мурзалиев шайланат.
Ошентип, «Альфа Телекомдун» 49 %ин улутташтыруу боюнча Декрет чыккандан бир жылдан кийин гана аткарылды.

«МЕГАКОМДУН» АЙЛАНАСЫНДАГЫ ТАЛАШ ЖӨНҮНДӨ

1999-жылдын 9-апрелинде Кыргыз Ресубликасынын гражданини У.Байызбеков жеке өзү “БиМоКом LTD” ЖЧКун түзөт. Уставдык капиталы 1000 (бир миң) сом болгон.
2003-жылдын 23-декабрында Кыргыз Республикасынын граждандары У.Байызбеков менен Б.Бийбосуновдун ортосунда “БиМоКом LTD” ЖЧКнун 70% үлүшүн 700 (жети жүз) сомго сатуу-алуу келишими түзүлөт. Ошол эле күнү У.Байызбеков менен “Ankroft limited” компаниясынын өкүлү А.Саркишеванын (Айдар Акаевдин адамы) ортосунда “БиМоКом LTD” ЖЧКнун 30% үлүшүн 300 (үч жүз) сомго сатуу-алуу келишими түзүлөт.
2005-жылы 24-мартта элдик революция болуп, Акаев бийликтен кетет.
2005-жылдын 23-майында Бийбосунов менен “Ankroft limited” компаниясынын өкүлү А.Саркишева оффшордук “Penwell Business limited” компаниясынын өкүлү Б.Закировдун ортосунда “БиМоКом LTD” ЖЧКнун 70%, 30% үлүштөрүн 700 жана 300 сомго сатуу жөнүндө келишимге кол коюлат.
Ошентип, “Penwell Business limited” компаниясы “БиМоКом LTD” ЖЧКнун 100% үлүшүнө ээ болуп калат.
Муну билип калган кыргыз бийлиги 2005-жылдын 18-июлунда “БиМоКом LTD” ЖЧКнун лицензиясын токтотот.
Лицензияны кайра алуу максатында, “Penwell Business limited” компаниясынын ээлери “БиМоКом LTD” ЖЧКнун 49% үлүшүн К.Бакиевдин баласы - Максим Бакиевге беришет. Ал үлүшүн “Forntek Enterprises limited” деген Гонконг оффшордук компаниясына жазылат. Компаниянын өкүлү М.Бакиевдин жакын адамы А.Ким болгон. Бул 2005-жылдын 25-октябрында болот.
“Еventis Telekom Holdings LTD” (“Penwell Business limited” компаниясынын ээси) компаниясынын ээси өзгөргөндүгүнө байланыштуу, 2008-жылдын 6-майында “Forntek Enterprises limited” компаниясынын директору Х.Маянху “Penwell Business limited” компаниясынын үлүшүн алуу жана “БиМоКом LTD” ЖЧКнун составынан чыгаруу талабы менен сотко кайрылат. 2008-жылдын 19-майында Бишкек райондор аралык соту “Forntek Enterprises limited” компаниясынын талабын толук канааттандырат.
2008-жылдын 9-июнунда Бишкек шаардык соту райондор аралык соттун чечимин күчүндө калтырат. 2008-жылдын 1-июлунда Кыргыз Республиасынын Жогорку Соту төмөнкү инстанциялардын чечимин күчүндө калтырат.
Ошентип, “Forntek Enterprises limited” компаниясы “БиМоКом LTD” ЖЧКнун 100% үлүшүнө ээ болуп калат.
Дароо эле Максим Бакиев компанияны колдон колго өткөрүп жиберет.
2008-жылдын 24-июнунда “БиМоКом LTD” ЖЧКнун 100% үлүшү «Алькантра Трейдинг» ЖЧКуна (казактар) сатылат.
2008-жылдын 30-июнунда “БиМоКом LTD” ЖЧКнун 100% “Эрмен Тоо Ресурсы” ААК (казактар) сатып алат.
2009-жылдын 3-июнунда “Ысык-Көл” инвестициялык банкы” менен “БиМоКом LTD” ЖЧК келишим түзүшүп, “БиМоКом LTD” ЖЧК 80.000.000 (сексен миллион) доллар карыз алат. Ал акчага оборудование сатылып алынмак. 3-4-июнда акча “БиМоКом LTD” ЖЧКнун эсебине которулат. 80 миллион доллар акчаны белгисиз бирөө, Абылов Алмаз Темирбаевичтин атына жазылган жалган паспорт менен “Ысык-КөлИнвестБанк” ААКнан нак акча менен алып кетет.
Дароо эле, “Ысык-КөлИнвестБанк” Бишкек райондор аралык сотко, “БиМоКом LTD” ЖЧК менен болгон инвестициялык келишимди жокко чыгаруу жана 80 миллион доллар акчаны кайтаруу талабы менен кайрылат. 2009-жылдын 15-июнунда Бишкек райондор аралык соту Банктын талабын канааттандырат. 2009-жылдын 22-июнунда Бишкек шаардык соту райондор аралык соттун чечимин күчүндө калтырат.
Кыскасы, сот аткаруучу Р.Асанбеков Бишкек райондор аралык соттун 2009-жылдын 7-июлундагы чечиминин негизинде 2009-жылдын 21-июлунда, 28-сентябрда жана 20-октябрда “БиМоКом LTD” ЖЧКнун активин ачык сатыкка коёт.
Сатыкта жеңүүчү болуп төмөнкү фирмалар табылган:
- “Редитто Компани” ЖЧК, директору С.Биряльмин, 2,5 млрд сомго сатып алган.
- “Гретта” ЖЧК, директору Р.Оңолбеков, 350 млн сомго сатып алган.
2009-жылдын 3-июнунда А.Елисеев “Альфа Телеком” ЖАКун түзөт. Алгач, 100% акция А.Елисеевге тиешелүү болот. 2009-жылдын 14-августунда “Альфа Телеком” ЖАКнун 99% акциясы “Southfield Management Inc” компаниясына, 1% акциясы “Vesatel United Limited” компаниясына сатылат.
Дароо эле “Альфа Телеком” ЖАКна лицензия жана “БиМоКом LTD” ЖЧК пайдаланып жүргөн жыштык (частота) берилет. “Редитто компани”, “Greta” фирмалары сатып алышкан “БиМоКом LTD” ЖЧКнун активдерин “Mega Com” соода маркасын кошо 2009-жылдын 5-августунда, 5-октябрында, 23-октябрында “Альфа Телеком” ЖАКуна сатышат.
2009-жылдын август айынан “Альфа Телеком” ЖАК уюлдук байланыш оператору катары “Мегаком” соода маркасы менен иштей баштады.
2010-жылдын 7-апрелинде элдик революция болот. К.Бакиевдер Кыргызстандан качышат.
Убактылуу Өкмөттүн 2010-жылдын 20-майындагы №44 Декрети менен “Альфа Телеком” ЖАКнун 49% акциясы улутташтырылат.
2010-жылдын апрель айынан кийин “Penwell Business limited” компаниясы “БиМоКом LTD” ЖЧКнун мүлкүн кайтарып алуу аракетин баштайт.
“РТК Лизинг” ААКнун жана “БиМоКом LTD” ЖЧКнун атынан “БиМоКом LTD” ЖЧКнун мүлкүн кайтаруу талабы менен сотко кайрылышат. Бишкек райондор аралык соту алардын талабын 2010-жылдын 10-августундагы чечими менен канааттандырат. “Альфа Телеком” ЖАКнун аппеляциялык арызы Бишкек шаардык сотунда 2010-жылдын 15-октябрында каралып, канааттандырылбай, райондор аралык соттун 2010-жылдын 10-августундагы чечими күчүндө калтырылат.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун 2011-жылдын 21-июнундагы токтому менен биринчи, экинчи инстанциянын чечимдери күчүндө калтырылат.
Ошентип, Кыргыз Республикасы 49% акциясына ээ болгон “Альфа Телеком” ЖАК банкрот болуп, мамлекет куру жалак калуу коркунучу пайда болот.
2010-жылдын 20-сентябрында Мамлекеттик мүлк министри Ш.Абдылдаев Кыргыз Республикасынын Генпрокурору К.Байболовго жана Кыргыз Республикасынын Президентинин администрациясына кат менен кайрылат. Каттын биринчи бөлүгүндө Убактылуу Өкмөттүн №44 Декретин аткаруудагы кыйынчылыктар жөнүндө айтылат.
Каттын экинчи бөлүгүндө “Penwell Business limited” компаниясы Кыргызстандын сотторунда өз мүлкүн жана укугун кайтарып алуу үчүн соттошуп жатканын айтат. Эгер “Penwell Business limited” соттон утуп чыкса (биринчи инстанциядан 10-августта уткан эле), 49% акциясы мамлекеттик болгон “Альфа Телеком” ЖАК оборудованиеси жок калат, андан ары банкрот болушу мүмкүн. Мамлекет чоӊ кирешеден ажырайт. Ошондуктан, Генпрокурордон тергөө бүткөнгө чейин бардык соттогу териштирүүлөрдү токтотууга камак көргөзсөӊүз деп кайрылат.
2010-жылдын 5-октябрында Кыргыз Республикасынын Генпрокурорунун орун басары В.Ивановдун токтому менен мамлекеттин укугун жана кызыкчылыгын коргоо максатында:
- “Альфа Телеком” ЖАКнун жана “БиМоКом LTD” ЖЧКнун 100% акциясына жана мүлкүнө арест коюлат.
- “Альфа Телеком” ЖАКнун 51% акциясы, “БиМоКом LTD” ЖЧКнун 100% үлүшү Мамлекеттик мүлк министрлигине убактылуу сактоого берилет.
Мамлекеттин кызыкчылыгын коргоо жана “Альфа Телекомдун” 100% акциясын мамлекетке алуу зарылдыгын Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Транспорт, коммуникация, курулуш жана архитектура боюнча комитетинин 2011-жылдын 1-февралындагы чечимдеринде көргөзүлгөн.
Депутаттардын сунушунун маӊызы төмөндөгүдөй:
“Альфа Телеком” ЖАКнун 51% А.Елисеевдики деп таап, ага каршы көрсөтүлгөн иштердин рамкасында мамлекеттин пайдасына конфискация кылуу.
2012-2013-жылдары Генпрокуратура, Мамлекеттик мүлк министрлиги тарабынан ушул план ишке ашырылган. Натыйжада, “Альфа Телеком” ЖАКнун 100% акциясы мамлекетке өтүп, мамлекет жылына миллиарддаган сом дивиденд ала баштады. Бул иште Кыргыз Республикасынын ошол кездеги Генералдык прокурору Аида Салянованын эмгеги зор болгон.
2011-жылдын 21-июнунда «Пенвелл» Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунда утат. Анын сыры – Кыргыз Өкмөтүндөгү таасирдүү адамдар «Пенвеллди» колдоп турган.
2011-жылдын февраль айында Москва шаарында Кыргыз Республикасынын Премьер-министри А.Атамбаев менен Россия Федерациясынын Премьер-министри В.Путин жолугушат. Ошол жолугушууда А.Атамбаев В.Путинге Кыргыз Өкмөтү «Альфа Телекомдун» 51 %ин мамлекеттин менчигине албайт деп убада берет. бул макулдашууну март айында Ф.Ниязов «Фергана.ру» сайтына интервью берип: «А.Атамбаев «Альфа Телекомдун» 51 %ин Кыргыз Өкмөтү мамлекеттин менчигине албайт. Россиянын компаниясы иштей берсин. Бизге налог, двиденд төлөп турса эле болду деп айткан», - деп жарыялаган.

«...мыйзамдарга толук ылайыкташтыруу жана акционерлердин мыйзамдуу кызыкчылыктарын сактоо менен, кырдаалдын мүмкүн болушунча батыраак чечилиши керек экениндиги тууралу тараптар бир пикирге келишти. Кыргыз тарап 51 пайызды улутташтыруунун зарылчылыгы жок экени жөнүндөгү маселени белгиледи, компаниянын салык мыйзамдарын абийирдүүлүк менен аткарганы жана тийиштүү дивиденддерди мамлекетке төлөгөнү эле маанилүү».

Бул убадалар Кыргызстандагы президенттик шайлоонун алдында берилген.
2011-жылдын апрель айларында А.Атамбаевдин аялынын банктагы счетуна үч миллион доллардай акча келип түшөт.
2011-жылдын апрель айында премьер-министр А.Атамбаев Жогорку Кеӊешке «Альфа Телекомдун» улутташтырылган 49 %ин приватташтыруу демилгеси менен чыгат.
Жогоруда айтылгандай, 21-июнь күнү «Пенвелл» Жогорку соттон утат.
Ө.Абдырахманов жетектеген депутаттык комиссия «...обеспечить дальнейшую передачу 51% добросовестному собственнику (инвестору) при принятии судом окончательного решения о признании за ним права на 51% акции ЗАО «Альфа Телеком»» - деп, Өкмөткө тапшырма берет. эмне бул кокусунан болгон дал келүүчүлүкпү? Бул чечим «Пенвеллге» канчага турду экен?
Бирок, А.Атамбаевдин «Альфа Телеком» ЖАКнун 49% акциясын сатуу ниети ишке ашпайт. Жогорку Кеӊештин талабы менен Генералдык прокуратура «Альфа Телекомдун» калган 51 % акциясын конфискация жолу менен мамлекеттин менчигине сот аркылуу алууга жетишет. Эми, Кыргыз Республикасынын Президенти А.Атамбаев «Альфа Телеком» ЖАКнун 100% акциясын 2015-жылы, 2016-жылы, 2017-жылы сатканга аракет кылат. Бирок, сатып алуучу «чыкпайт». А.Атамбаев Конституцияны бузуп, сата албадыӊ деп Мамлекеттик мүлк фондунун директорун бошотот. Жаӊы директорго сатасыӊ, сата албасаӊ кетесиӊ деп публично тапшырма берет. Бирок, дагы аукцион болбой калды.
Жогорку Кеӊеш «Альфа Телеком» ЖАКнун акциялары сатылбасын деп алган чечимине карабай, А.Атамбаев «Альфа Телеком» конкурссуз түз сатылсын деген Конституцияга каршы чечимин Коопсуздук кеӊеши алат.
Ошентип, «Мегакомдун» баасы эки жарым эсе азайды. Ушул окуялар быйыл Л.Маевскийдин Кыргызстанга келиши менен шектүү дал келип жатат. Л.Маевскийдин «Мегакомго» көзү кызарып жүргөнү баарына белгилүү.
Эмне үчүн А.Атамбаев «Мегакомду» президенттик мөөнөтү аяктаганга чейин сатып кетейин деп шашып жатат? Мыйзамдарды бузуп шашып жатат.
Кийинки жылы, кийинки президентке, өкмөткө акча керек эмеспи? Атамбаев менен кошо Кыргызстандын күнү бүтөбү?
Менин оюмча, «убадасын» аткарып кетейин деп шашып жатат.
Мен башкача түшүндүрө албайм.

Л.МАЕВСКИЙДИН КӨРСӨТМӨЛӨРҮ БОЮНЧА

Л.Маевский, аны ээрчип генпрокуратура мындай дейт: «2010-жылдын 13-майында Л.С.Маевский Бишкекке келип, Текебаев менен анын кызмат кабинетинде А.Модин, Т.Маматкеримов, Д.Чотонов, Л.Маевский болуп жолугушушат. Ө.Текебаев өзгөчө бийликке ээ экенин, ошонун ичинде мамлекеттик ишканаларды приватташтыруу маселелерин да чече ала турганын айтып, Л.Маевскийге «Альфа Телеком» ЖАКнун акцияларын сатып алууну сунуш кылат. Ошол күнү кечинде Ө.Текебаев менен Д.Чотоновдун демилгеси менен «Супара» ресторанында жолугушушат. Жолугушуу учурунда Ө.Текебаев Л.Маевскийдин адамдарын «Альфа Телеком» ЖАКнун жетекчилигине дайындоону сунуш кылып, ал үчүн 1 млн АКШ долларын талап кылган».
Л.Маевский менен генпрокуратуранын бул сөздөрү чындыкка дал келбейт жана кара ниет жалаа.
Алгач ошол күндөрү, 12-13-14-май күндөрү, Кыргызстанда кандай кырдаал өкүм сүргөнүн эске салалы. 2010-жылдын 12-май күнү Бишкекте контрреволюциялык төӊкөрүшкө бакиевчилер аракет кылышкан. Ал аракеттерди эл колдобой, майнап чыкпаганын көргөн уюштуруучулар өз аракеттерин түштүк областтарына которушат. 13-май күнү Ош, Баткен, Жалал-Абад областтык администрациялардын имараттары басып алынып, бакиевчил губернаторлор дайындалат. Түштөн кийин Ош, Жалал-Абад аэропортторун да бакиевчилер көзөмөлгө алышат. Минскиден К.Бакиев: «Мен азыр деле Кыргыз Республикасынын президентимин», - деп жарыялайт. Контрреволюциялык реванш реалдуу эле. 12-13-14-май күндөрү Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрү өзгөчө режимде иштеп, өлкөдөгү кырдаалды көзөмөлгө алып, оперативдүү чечимдерди кабыл алып турушкан. Ошондуктан ошол күндөрү Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрү тынымсыз кеӊешип, маалымат алмашып, ситуацияны анализдеп, конкреттүү иш-чараларды аткаруунун үстүндө болушкан. 14-май күнү Жалал-Абад обладминистрациясын бошотуу үчүн Асилбек Текебаев баш болгон «Ата Мекен» партиясынын, Убактылуу Өкмөттүн тарапташтары тынч жүрүшкө чыгышат. 3-4 миӊ киши обладминистрациясынын имаратынын алдына келгенде бакиевчилер ок чыгарып, 60тай адам жарадар болуп, экөө курман болушкан. Түштөн кийин саат 16-17лерде обладминистрация бошотулат.
2010-жылдын 13-май күнү Кыргызстандын жаӊы тарыхында эӊ маанилүү жана окуяларга бай күндөрдөн болгон. Ошондуктан, 13-май күнкү окуялар жакшы документтешип калган. Менин 2010-жылдын 13-май күнкү иш пландарым Убактылуу Өкмөттүн иш пландары менен түздөн-түз байланышта болгон.
12-май күнү саат 10дордо Тарых музейинде Убактылуу Өкмөттүн төрайымы Р.Отунбаева 2010-жылдын апрелинде курман болгондордун туугандары менен жолугушту. Саат 12лерде «Ата Бейитте» 7-апрелде курман болгондордун 40 күндүгүнө куран окутуп, баатырлардын мүрзөсүнө гүл койдук. Ал жерде Р.Отунбаева, Э.Каптагаев, А.Бекназаров, Т.Сариев, мен жана башкалар катыштык. Куран окутулуп бүткөндөн кийин, шейит кеткендердин жакындары, Апрель революциясынын катышуучулары “Дасмияга” катышып тамак ичип, куран окутканы кетишти. Мен жана Темир Сариев Жал микрорайонунда апрелде шейит кеткендердин үй-бүлөлөрү үчүн курулуп жаткан үйдүн фундаментин куйганга катыштык. Мен андан ары “Ак кеме Пинара” отелине конституциялык кеңешменин ишине саат1400дөн - 19-30га чейин катышканы кеттим. Кечинде Убактылуу Өкмөттүн жыйналышына катышып, өлкөдөгү кырдаалды талкууладык.
12-13-май күндөрү мен А.Атамбаевди көргөн жокмун. Анын кайда жүргөнүн, эмне иш кылганын билбейм.

13-МАЙ. КҮНДҮН ХРОНОЛОГИЯСЫ
Эртеӊ менен саат 8дерде Р.Отунбаеванын кабинетинде Убактылуу Өкмөттүн кээ бир мүчөлөрү өлкөдөгү кырдаал боюнча чукул жыйналышка катыштык.
Саат 900дан – 1330га чейин “Хаят” отелинде “Кыргыз Республикасындагы конституциялык реформа” деген тегерек столдун ишине катыштым.
Тегерек столду мен ачып, төмөндөгүлөргө сөз бердим:
- Роза Отунбаева - Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөттүнүн төрайымы;
- Посол Шантель Эбберект - Европа союзунун Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүнүн башчысы;
- Нил Волкер - ООН системасынын координатору, ПРООНдун Кыргызстандагы туруктуу өкүлү;
- Дени Пети - БДИПЧ ОБСЕнин департамент башчысы;
- Сергей Кузнецов - Европа Союзунун Венеция комиссиясынын бөлүм башчысы.
Тегерек столдун ишине Венеция комиссиясынын мүчөлөрү, Польша, Германия, Финландиядан келген эксперттер, судялар катышышты.
Роза Отунбаева сөз сүйлөп коюп эле, кечирим сурап, коомдук уюмдун өкүлдөрү менен жолугушканы чыгып кетти. Мен тегерек столдун биринчи бөлүгүнө катышып, “Хаят” отелинде обед кылып, саат 1330дарда Баетов көчөсүндөгү №19 үйдөгү квартирама 15-20 минутага кирип чыктым. Менин квартирам “Хаяттын” жанында.
Саат 1400 - 1700лерге чейин Роза Отунбаеванын кабинетинде Убактылуу Өкмөттүн чукул отурумунда болдук.
1700дөрдө 15-20 минута менин кабинетимде партия активисттери, жердештер менен Жалал-Абад областындагы кырдаал боюнча сүйлөштүк. Аларга Убактылуу Өкмөт алган чечимдерди айтып берип, түнү менен Жалал-Абадда эртеӊкиге эл жыйнайлы деп Убактылуу Өкмөттүн атынан сурандым.
Саат 1740тарда “Ак кеме - Пинара” отелине келип, Конституциялык Кеңешменин ишине саат 2030 дарга чейин катыштым.
Өкмөт үйүнө саат 21лерде келип, мени күтүп турган партиялаштар, жердештер менен жолугуп, Жалал-Абаддагы кырдаалды талкууладык. Алар менен 14-майда Жалал-Абаддагы тынч жүрүштү уюштурууга жардам берүү планын түздүк. Саат 2130-2200дөн 2400гө чейин Р.Отунбаеванын кабинетинде Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрү өлкөдөгү кырдаалды кайра талкуулап, 14-майга иш-чараларды талкууладык. Бул күнү да мен Алмазбек Атамбаевди көргөн жокмун.
Жогоруда айтылган күндүн хронологиясын күбөлөр тастыктайт. 800-845терге чейин Р.Отунбаеванын кабинетинде болгонумду сотто көрсөтмө беришип, Р.Отунбаева, Э.Каптагаев, К.Дүйшөбаев, А.Бекназаров, Ж.Сапарбаев, К.Боронбаев, Н.Абдырахманов жана башкалар тастыкташты.
Саат 900-1330дарга чейин “Хаят” отелинде тегерек столдун жумушуна катышканымды сотто көрсөтмө беришип, А.Салянова, Д.Нарымбаев, Н.Абдырахманов, К.Боронбаев, Ж.Сапарбаев, А.Сукенов, Э.Алымкуловдор тастыкташты.
Саат 1330-1400гө чейин Баетов көчөсү №19 үйдөгү квартирама кирип, андан кийин Өкмөт Үйүнө келгендигимди Н.Абдырахманов, А.Сукенов, Э.Алымкулов, К.Боронбаев, Ж.Сапарбаевдер тастыкташты.
Саат 1400-1700дөргө чейин Р.Отунбаеванын кабинетинде Убактылуу Өкмөттүн чукул отурумунда болгонумду сотто берген көрсөтмөлөрү менен Р.Отунбаева, Э.Каптагаев Т.Сариев, Э.Ибраимова, К.Дүйшөбаев, И.Исаков, К.Боронбаев, Н.Абдырахманов, Ж.Сапарбаевдер тастыкташты.
«13-май күнү саат 15-17лерде квадраттык залда түштүктүн аксакалдары менен жолугушуу болгон, жолугушууга Р.Отунбаева менен Ө.Текебаев келип сөз сүйлөгөн», - деп А.Эркебаев да көрсөтмө берди. Квадраттык зал - Р.Отунбаеванын кабинетинин жанындагы зал.
Ушул жерде айтып коюш керек, И.Исаков менен Д.Чотонов саат 16 ларда “Фрунзе-1” аскер аэродромуна Ошко учуп кетүү үчүн жөнөшкөн. И.Исаков менен Д.Чотоновдун саат 16ларда аэродромго жөнөгөнүн сотто көрсөтмө беришип, Р.Отунбаева, Э.Каптагаев, К.Дуйшөбаев, Т.Сариев, Э.Ибраимова, Б.Калпетов, З.Адановдор тастыкташты.
Саат 1730дардан 2030га чейин “Пинара” отелинде Конституциялык кеңешменин жумушуна катышканым кеңешменин видозаписи, стенограммасы менен тастыкталат. Күбөлөр: А. Салянова, Д.Нарымбаев, Н.Абдырахманов, А.Сукенов, Э.Алымкулов, Ж.Сапарбаев, К.Боронбаевдер тастыкташты.
Л.Маевский: «Ө.Текебаевдин кабинетинде 13-май күнү бир саат жолугушуу болду (1400 - 1500), анан “Хаят” отелине келип эс алдым, кечке жакын эки саат “Супара” ресторанында жолуктук (1600 - 1800)», - деп көрсөтмө берген.
Жогоруда күбөлөр көрсөткөндөй, мен кааласам да, Л.Маевский үчүн 10-15 минута да таба алмак эмесмин.
Күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү (айта кетүүчү нерсе - сот дагы 25 күбөнү угуудан баш тарткан), Убактылуу Өкмөттүн отурумунун протоколу, декреттер, Конституциялык кеңешменин жумушунун видеозаписи, стенограмма, протоколдору Л.Маевский менен 13-май күнү жолугушуу болушу мүмкүн эмес экенин, Л.Маевский А.Модин жалган айтып жатканы далилдеди.
2010-жылдын июль айында мен Л.Маевский менен жолуккан эмесмин. Л.Маевский өзү да бир нече жолу Ө.Текебаев менен июль айында жолуккан эмесмин деп көрсөтмө берген (I том, 106-бет; I том, 130-бет; I том, 181-бет; I том, 186-бет).
«Текебаев тоже был закручен, был заверчен и поэтому Дюшон приехал ко мне ....» (I том, 106-бет).
«Текебаева в этот приезд я лично не видел, так как он был занят...» (I том, 130-бет).
«Я провел встречи со своими людьми. С О.Текебаевым я в этот приезд не встречался (I том, 181-бет).
«Я в Бишкеке с мая 2010 года по декабрь 2010 года находился 5 раз. Во время своих приездов я 4 раза виделся с О.Текебаевым. В свой первый приезд в мае, в третий приезд в августе, в четвертый приезд в сентябре и в пятый приезд в декабре (I том, 186-бет).
Июнь, августтагы жолугушуу кай жерде болгонун да билбейт. «Где именно были встречи, я назвать не могу, так как плохо ориентируюсь в Бишкеке” (V том, 81-бет).
А.Модин да июль, августтагы жолугушуулар кайда болгонун билбейт. (III том, 233-бет; I том, 231-бет).
Л.Маевский менен А.Модин мени менен 2010-жылы 29-сентябрдын аягында “Мимино” кафесинде жолукканбыз дешет.
Жалган. Мен алар менен бир жолу да жолуккан эмесмин.
2010-жылы Жогорку Кеңешке шайлоолор 10-сентябрда башталып, 10-октябрда аяктаган. Мен 10-сентябрда Бишкектен түштүк региондоруна чыгып кеткем. Жалал-Абад, Ош, Баткен, Талас, Нарын, Ысык-Көл областарынын шайлоочулары менен жолугуп, Бишкекке 30-сентябрда кайтып келгем. 1-октябрдан баштап Бишкек, Чүй областынын шайлоочулары менен жолугушуу баштагам. Бул фактыны сотто көрсөтмө беришкен А.Шыкмаматов, А.Сасыкбаева, Н.Никитенко, Н.Абдырахманов, К.Боронбаевдер тастыкташкан. Дагы бир жолу айта кетүү керек, сот 25 күбөнү суроодон баш тарткан. Ошол күбөлөрдүн арасында мени менен бүт шайлоо кампаниясында кошо жүргөн адамдар бар.
Л.Маевский Ө.Текебаев менен 2010-жылдын 21-декабрында жолуккам деп көрсөтмө берет. Бул да - жалган. Андай жолугушуу болушу мүмкүн эмес.
2010-жылдын декабрь айында Жогорку Кеңештин органдары түзүлүп, кызматкерлер алына баштаган. Декабрь айында өкмөт түзүлүп, көп кызматчылар алмашып жаткан убакыт эле. Партиянын борбордук штабында иштеген активисттер, кандидаттар ошол убакытта күндө Жогорку Кеңешке келишет эле. Региондон да партиянын активистери келип, өздөрүнө же балдарына жумуш үмүт кылышат эле.
22-декабрь - менин туулган күнүм. Ошол жылы 20-декабрдан (дүйшөмбү күн болчу) баштап эле мени туулган күнүм менен куттуктап, белек бергендер көбөйдү. Белегин алып коюп, эртеси жумуш сураганда, бар, же жок дей албай ыңгайсыз абалда калбайын деп, кабылдамадагы балдарга (волонтёрлор көп эле) 21-, 22-декабрда жумушка келбейм деп айтып кетип калдым.
Ошентип, 21-декабрь күнү мен жумушка келбедим.
“Ар-Намыс”, “Ата Мекен” партиялары оппозицияда калып, комитеттерди, вице-спикерлик кызматты бөлүштүрүү боюнча макулдашуу срочно керек болуп калды. Мени 21-декабрда “Ар-Намыс” фракциясынын лидери Ф.Кулов, “Ата Мекенден” А.Сасыкбаевалар издешиптир. Мен эртеси, 22-декабрда келип, бир-эки саат жумушта болдум. Фракциянын жыйынын өткөрүп, вице-спикерликке А.Сасыкбаеваны, комитеттин төрагасына Т.Мадылбековду көргөзүп, протоколго кол коюп эле, кайра жумуштан кетип калдым. Менин 21-декабрда жумушта болбогонум боюнча фактыны сотко көрсөтмө беришип, Ф.Кулов, К.Ташиев, Б.Шер, А.Сасыкбаева, Н.Никитенко, Г.Журабаева, К.Боронбаев, Н.Абдрахманов, Н.Исаков, Ж.Сапарбаевдер тастыкташты.
Ошентип, 2010-жылдын 21-декабрында Л.Маевский менен жолукпаганым күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү менен жана башка документтер менен далилденди.

«Супарадагы» жолугушуу, Москвага визит жөнүндө
2010-жылдын 12-июлунда мен Убактылуу Өкмөттүн төрагасынын орун басарлык кызматынан кеттим. «Ата Мекен» партиясынын Правда көчөсүндөгү штабында парламенттик шайлоого даярданып иштей баштадым. Парламенттик шайлоого даярдыктын чегинде Кыргызстандын негизги партнер өлкөлөрүнүн жетекчилери, партиялардын өкүлдөрү менен жолугушуу пландаштырылган. 2010-жылдын 18-августунан – 21-августуна чейин Турцияда болуп келдим. Турцияда өлкөнүн президенти А.Гуль, парламент спикери, тышкы иштер министри А.Давутоглу, экс-президент Сулейман Демирель менен жолугушуп, кызматташуу жөнүндө сүйлөшүп келдим.
Сентябрь айында Казакстанга визит пландаштырылып, өлкөнүн президенти Н.Назарбаев менен жолугушуу макулдашылган болчу.
Ошондой эле Кытай Эл Республикасына да визит даярдалып жаткан.
Демократиялык баалуулуктарды колдогонубуз үчүн биздин партиянын прозападный, проамериканский деген имиджи бар эле.
Ошол убакта А.Атамбаев В.Путин менен, Ө.Бабанов С.Нарышкин менен, Ф.Кулов Д.Медведев менен жолугушуп турушкан. Россия биздин башкы партнер болгондуктан, биз Россия жетекчилери менен жолугуп, шайлоочуларга тышкы саясатыбыздын негизги багытын көргөзүшүбүз зарыл эле. «Социалисттик Интернационал» Эл аралык уюмунун рамкасында «Ата Мекен» партиясы менен «Справедливая Россия» партиясы кызматташып жүргөнбүз. Мен «Справедливая Россиянын» лидери С.Миронов менен тааныш болчум. 2010-жылдын 1-сентябрында Госдумага визит даярдай баштадык. Тилекке каршы, Россия Федерациясынын жетекчилери менен байланыш каналын таба албадык. Ошондой убакта 24-25-августтарда мага Дүйшөн Чотонов телефон кылып калды: «Өмүрбек Чиркешович, менин кара-кулжалык бир инимдин москвалык бизнес партнеру бар экен. Ал Кыргызстанга бир нече жолу келиптир. Өзү Госдуманын экс-депутаты экен. Россия Федерациясынын жетекчилери менен таанышмын, байланыштыра алам, жолугушуу уюштургана мүмкүнчүлүгүм бар деп жатыптыр. Жолукпайсызбы?» – деди.
Мен: Кимдер менен жолугуптур? – десем,
Дүйшөн: Атамбаев менен да жолуктук деп айтышты – деди.
«Анда макул, жолугайын, бирок убакыт аз, обед убагында жолугалы» – дедим.
Дүйшөн бир аздан кийин телефон кылып: «Жолугушуу 13-14 төрдө «Супарада» болот, иничегим (жердеши) уюштурат», - деди.
Ошол күнү мени менен жолугабыз деп, Чүй областынын партиялык уюмунун лидерлеринин бири С.Борбашев, Бишкек шаардык партиялык уюмунун лидерлеринин бири Т.Эмилов экөө келип, мени көпкө күтүп калышты. Түштөн кийин да менде башка жолугушуулар бар эле. Ошондуктан, мен аларды обедге чакырдым. Момент болсо, жолдон, же «Супарадан» сүйлөшөбүз дедим.
«Супарада» таш тамда олтурдук. Мен, Л.Маевский, С.Борбашев, Т.Эмилов.
Жалпы сөз болду. Кыргызстандагы саясий реформа, инвестиция, Россия-Кыргызстан достугу, кызматташтыгы жөнүндө сөз болду.
Л.Маевский менин Москвага Госдумага барарымды угуп, Россия жетекчилеринин бири менен жолуктурганга аракет кылам деп убада берди (мактанды). Россиянын СМИлеринен силердин визитти чагылдырам, партияңарды колдогон материалдарды чыгарып турам деп да айтып жиберди.
«Супарада» А.Модин болгон жок.
Талант Маматкеримовду Л.Маевский менин бизнес партнерум деп тааныштырды. Талант Маматкеримовду биринчи ошол жерден көрдүм.
Л.Маевский: «Москвага келсеңер, Талант тосуп алганды уюштурат. Мен Талант аркылуу силерди тосуп алам» - деди. Талант столдо олтурган жок. Ал сыртта уюштуруу иштери менен жүргөн.
«Супарада 40 минута, же бир сааттай болдук. Мен Л.Маевскийден акча талап кылган жокмун. А.Модин айткандай, Л.Маевский менен жалгыз калып, көпүрөнүн үстүндө туруп сүйлөшкөн жокпуз. Бул жөнүндө сотто мен – Ө.Текебаев, С.Борбашев, Т.Эмилов, Н.Абдырахмановдор көрсөтмө беришти. «Супарада» мени коштоп барган дагы бир нече адамды сот күбө катары сураган жок. Алар да болгонун болгондой айтып, күбө боло алышат.
1-сентябрда мен, Нурбек Абдырахманов экөөбүз депутатский зал аркылуу самолетко олтурдук. Талант Маматкеримов ошол күнү учуп жатканын билген эмеспиз. Москвага келгенде Маевский экөө тосуп алышты.
Талант Маматкеримов биз менен учпаганын телефон сүйлөшүүлөрдүн табуляграммасы да далилдеп турат. Т.Маматкеримов мени менен, же жардамчыларым менен эч качан, ошонун ичинде 31-август, 1-сентябрь, учаар күндөрү да сүйлөшкөн эмес. Дагы бир далил – пассажирлердин манифести. 2010-жылдын 1-сентябрында саат 6.08 де «Бишкек – Москва» маршрутунда №SU180 авиарейсинде мен – Ө.Текебаев №064 пассажир болуп катталгам. Нурбек Абдырахманов №067 пассажир болуп катталган. Орундарыбыз – 2А, 11D. Т.Маматкеримов №133 пассажир болуп катталып, 26F орунунда отурган.
Бишкекти көздөй учканда мен 2А, Н.Абдырахманов 10D, Т.Маматкеримов 10F орундарында келгенбиз.
Эркин Алымбеков бир нече жердештер менен келип, тосуп алды.
Мен Маевский менен бир машинага олтурдум. Нурбек алдыӊкы орунга олтурду. Түз эле элчиликке келдик.
Мейманканадан номер алып, душ алдык. Маевский менен Маматкеримов бизди элчиликке калтырышып, экөө чогуу кетишкен.
Биз Госдумада «Справедливая Россия» партиясынын өкүлдөрү менен жолугуштук.
Саат 16 ларда мейманканадан аэропортко чыктык. Маевский «по пути» офисиме кире кеткиле деп чакырып калды. Анын офисинде 40 минутадай болдук.
Офисине мен, Эркин Алымбеков, Нурбек Абдырахманов, дагы эки кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү кирдик. Аларды Эркин тааныйт экен. Ал балдар типичный кыргыздар болчу. Славян улутундагы адам биз менен болгон эмес. Т.Маматкеримовду ошол жерден көрдүк.
Л.Маевскийдин офисиндеги жолугушууга 13-15 адам катышты. Н.Самсонкина менен С.Кутуков да катышып олтурушту. Ал жерде акча жөнүндө сөз болушу да мүмкүн эмес эле. Тергөөдө Н.Самсонкина менен С.Кутуков: «Л.Маевскийден Кыргызстандан келген кызмат адамдары акча сураганын билбейбиз», - деп көрсөтмө беришкен. Акча жөнүндө сөз болбогонун сотто Ө.Текебаев менен Н.Абдырахмановдор да айтышты.
Тамак ооз тийип, жалпы сөздөрдү айтып, тост көтөрүп жолго чыктык, жол пробка, эрте чыгыш керек деп.
Л.Маевский Россия Федерациясынын жетекчилери менен жолуктура албай калдым деп кечирим сурады: Дагы деле болсо, аракет кылам, сөзсүз жолуктурам, - деди.
Маевскийдин офисинен чогуу чыкканыбыз үчүн Талант Маматкеримов биз менен чогуу вип-залдан өттү. Бишкекке келгенде биз депутатскийден өттүк. Талант Маматкеримов өзүнчө кетти.
Талант Маматкеримов менен Нурбек Абдырахманов чогуу олтуруп келишиптир. Жолдо Талант Нурбекке: ««Мегакомго» Азат Базаркулов деген досумду гендиректор кылганы жатабыз. Азат экөөбүз техникалык өкмөт менен сүйлөшүп жатабыз. Л.Маевский А.Атамбаев менен жолуккан», - дептир.

13-майда «Супарада» жолугушуу болбогонун «Нур Телекомдун» информациясы тастыктайт
Л.Маевскийдин телефон номери: 0079037553363.
«О» операторунун абоненттери:
0700-85-77-43 (Т.Маматкеримов);
0700-000-100 (Р.Оӊолбеков);
0700-00-00-90 (А.Модин).
2010-жылдын 1-майынан 31-декабрына чейин сакталып калган кирген-чыккан звонокторду анализдегенде:
Абоненттер 0700-85-77-43 (Т.Маматкеримов); 0079037553363 (Л.Маевский) ортосунда төрт кошулуу болгон. Үчөө Т.Маматкеримов тараптан чыккан. 2010-жылдын 31-августунда саат 1132, 1413, 2206 ларда узундугу 6, 86, 24 секундага созулган кошулуулар болгон. Л.Маевский бир жолу саат 1511 де 99 секундага созулган звонок кылган. Биринчи звонок болгондо Т.Маматкеримов 4-микрорайондо, кийинки звоноктор учурунда «Комфорт» районунда болгон.
2010-жылдын 1-сентябрында Р.Оӊолбеков (0700-000-100) менен Л.Маевскийдин ортосунда төрт кошулуу болгон. Саат 2227, 2247, 2256 ларда Л.Маевский Р.Оӊолбековго чыккан. Кошулуу 20, 1, 53 секунда болгон. Саат 2310 до Р.Оӊолбеков Л.Маевскийге чыккан. Кошулуу 19 секундага созулган.
2010-жылдын 1-майынан 31-декабрына чейин А.Модин менен Л.Мевский төрт жолу кошулушкан. Эки жолу А.Модин 19-сентябрда саат 2159, 2200 до Л.Маевскийге чыккан. Кошулуу 32, 136 секундага созулган.
2010-жылдын 2-октябрында Л.Маевский А.Модинге эки жолу саат 1516, 1641 лерде чыккан. Кошулуу 109, 124 секундага созулган.
Т.Маматкеримовдун дагы бир телефону - 0700-86-77-43. Т.Маматкеримов 2010-жылдын 3-августунда А.Модинге саат 1740 та звонок кылган. Кошулуу 415 секундага созулган (VII том, 75-79-бет).
2010-жылдын 3-сентябрь күнү Т.Маматкеримов менен А.Модин 12 жолу телефондон кошулушкан. Ошонун жетисин А.Модин кылган:
4-сентябрда эки жолу;
6-сентябрда эки жолу;
19-сентябрда бир жолу.
2010-жылдын 31-августунда А.Модин менен Т.Маматкеримов бир жолу телефондон сүйлөшүшкөн, 19 смс алмашышкан.
Ошентип, Т.Маматкеримов, А.Модин Ө.Текебаев, Д.Чотонов же алардын жакындары менен бир да жолу телефондон байланышышкан эмес.
Л.Маевский Бишкекке келген күндөрү да Т.Маматкеримов Л.Маевский же А.Модин менен телефондон бир да жолу сүйлөшкөн эмес. Ошол күндөрү А.Модин да Л.Маевский менен сүйлөшкөн эмес.
Л.Маевский Бишкекке келген күндөр: 2010-жылдын 12-14-майы, 26-28-июлу, 23-25-августу, 28-30-сентябры, 20-22-декабры.
Эӊ негизгиси: Л.Маевский менен А.Модин 2010-жылдын 13-май күнү кечке жакын (саат 16-18 дерде) «Супара» ресторанында Ө.Текебаев, Д.Чотоновдор менен жолукканбыз деп айтышкан. А.Модиндин геолокациясы көргөзгөндөй, ал ошол убакта «Супарада» эмес, шаардын борборунда болгон.
2145 13.05.2010 4:28:33 700000699 996700000090 5 011743005026230 Bsk-Dastan
2146 13.05.2010 9:08:34 700000090 0700000100 88 011743005026230 Bsk-Dastan
2147 13.05.2010 9:56:28 700000090 79037254909 12 011743005026230 Bsk-Pojarka
2148 13.05.2010 12:07:17 700000699 996700000090 16 011743005026230 Bsk-Matrosova
2149 13.05.2010 12:08:41 700000090 0700000100 15 011743005026230 Bsk-GAI
2150 13.05.2010 12:57:09 700000100 996700000090 26 011743005026230 Bsk-hub-Mederova
2151 13.05.2010 12:57:35 700000215 996700000090 17 011743005026230 Bsk-Ashabadskaya
2152 13.05.2010 13:40:03 700000090 996700000095 2 011743005026230 Bsk-Spartak
2153 13.05.2010 13:42:14 996700000095 996700000090 95 011743005026230 Bsk-Spartak
2154 13.05.2010 13:48:43 700000090 0700000600 127 011743005026230 Bsk-PromProekt
2155 13.05.2010 13:56:34 700000090 79857635916 53 011743005026230 Bsk-PromProekt
2156 13.05.2010 13:57:28 700000600 996700000090 47 011743005026230 Bsk-Spartak
2157 13.05.2010 13:58:33 700000090 996700000095 49 011743005026230 Bsk-PromProekt
2158 13.05.2010 14:40:45 700000090 0700000100 18 011743005026230 Bsk-Telecom
2159 13.05.2010 14:40:45 700000090 0700000100 18 011743005026230 Bsk-Telecom
2160 13.05.2010 16:23:43 700000090 996555970888 26 011743005026230 Bsk-AlaTV
2161 13.05.2010 16:23:43 700000090 996555970888 26 011743005026230 Bsk-AlaTV
2162 13.05.2010 16:24:23 543112155 996700000090 88 011743005026230 Bsk-Ashabadskaya
2163 13.05.2010 16:24:23 543112155 996700000090 88 011743005026230 Bsk-Ashabadskaya
2164 13.05.2010 16:26:31 557100328 996700000090 12 011743005026230 Bsk-Matrosova
2165 13.05.2010 16:26:31 557100328 996700000090 12 011743005026230 Bsk-Matrosova
2166 13.05.2010 16:27:59 772500752 996700000090 84 011743005026230 Bsk-OktyabrskiyRVK
2167 13.05.2010 16:30:29 700000090 0700000117 42 011743005026230 Bsk-Comfort
2168 13.05.2010 16:37:34 700000090 74993173601 10 011743005026230 Bsk-Fabrika_1maya
2169 13.05.2010 16:37:58 700000090 74993173601 76 011743005026230 Bsk-Fabrika_1maya
2170 13.05.2010 16:40:08 700000090 0700000050 6 011743005026230 Bsk-MinSelHoz
2171 13.05.2010 16:40:28 700000090 996700000079 662 011743005026230 Bsk-MinSelHoz
2172 13.05.2010 16:53:28 700000090 0700000699 28 011743005026230 Bsk-MinSelHoz
2173 13.05.2010 16:56:07 700000090 0700000700 63 011743005026230 Bsk-Telecom
2174 13.05.2010 16:59:19 0079037254909 996700000090 58 011743005026230 Bsk-Telecom
2175 13.05.2010 17:08:36 700000100 996700000090 15 011743005026230 Bsk-Comfort
2176 13.05.2010 17:15:57 700000117 996700000090 52 011743005026230 Bsk-Comfort
2177 13.05.2010 17:21:43 557100328 996700000090 20 011743005026230 Bsk-Comfort
2178 13.05.2010 17:33:18 703422222 996700000090 59 011743005026230 Bsk-Telecom
2179 13.05.2010 17:34:44 700000090 0700000117 48 011743005026230 Bsk-MinSelHoz
2180 13.05.2010 17:36:21 700000090 0700000117 21 011743005026230 Bsk-Fabrika_1maya
2181 13.05.2010 17:39:44 700000100 996700000090 10 011743005026230 Bsk-Telecom
2182 13.05.2010 17:42:48 700000117 996700000090 47 011743005026230 Bsk-Pojarka
2183 13.05.2010 17:43:58 700000090 0703422222 121 011743005026230 Bsk-Telecom
2184 13.05.2010 17:46:14 700000090 0700000117 37 011743005026230 Bsk-Telecom
2185 13.05.2010 17:47:03 700000090 0703422222 57 011743005026230 Bsk-Telecom
2186 13.05.2010 17:58:36 700000090 0700000699 20 011743005026230 Bsk-Telecom
2187 13.05.2010 18:55:26 557010077 996700000090 0 011743005026230 Bsk-KokJar-med_F
2188 13.05.2010 22:51:18 700000090 0700000699 26 011743005026230 Bsk-Telecom
2189 13.05.2010 22:54:42 700000090 0700000025 16 011743005026230 Bsk-Fabrika_1maya
2190 13.05.2010 22:59:39 700000025 996700000090 42 011743005026230 Bsk-Fabrika_1maya
2191 13.05.2010 23:03:48 700000025 996700000090 57 011743005026230 Bsk-Comfort
2192 13.05.2010 23:18:46 700000090 0700000025 76 011743005026230 Bsk-Fabrika_1maya
2193 13.05.2010 23:22:00 700000050 996700000090 23 011743005026230 Bsk-Telecom
2194 13.05.2010 23:31:58 700000090 0700000025 19 011743005026230 Bsk-Telecom

Демек, «О» компаниясынын берген официалдуу маалыматы Л.Маевскийдин, А.Модиндин, УКМКнын тергөөчүлөрүнүн жалганчылыгын чыгарып, фальсификация фактысын далилдейт.

Л.Маевскийдин айткандары жалган экенин биз келтирген далилдер гана жокко чыгарбастан, Л.Маевскийдин көрсөтмөсүндөгү карама-каршылыктар көргөзүп турат. Л.Маевский окуя кечээ эле болгондой, майда-барат деталдарына чейин, төкпөй-чачпай айтып берип жатат. Ошол эле кезде унутууга мүмкүн болбогон негизги моменттер жөнүндө көрсөтмөсүн өзгөртүп жатат.
Мисалдар:
1-мисал: Л.Маевский 13-май күнү түштөн кийин Текебаевдин кабинетинде жолугушуу болуп, ал бир жарым саатка созулган (I том, 104-бет; I том, 129-бет; I том, 243-бет), ал эми кечинде саат 1800 - 1900 дарда «Хаят» мейманканасынын ресторанында (I том, 104-бет; I том, 129-бет; I том, 243-бет) жолукканбыз деп көрсөтмө берет. Ушундай эле көрсөтмөнү А.Модин да берет (I том, 238-бет; I том, 249-бет).
Бирок, Ө.Текебаев 13-май күнү саат 1730 - 2030 ларда «Пинара» мейманканасында Конституциялык кеӊешменин жыйналышында болгонун билишкенден кийин тергөөчүлөр март айында А.Модин менен Л.Маевскийди кайра сурашып, алар тергөөчүлөрдүн жардамы менен көрсөтмөлөрүн өзгөртүшүп, 13-май күнү кечки жолугушуу «Хаятта» эмес, «Супара» ресторанында болгон дей башташты (III том, 232-бет; V том, 79-бет). УКМКнын сценарист-фальсификаторлорунун бул ирет да жолу болбоду.
Анткени, 13-май күнү Убактылуу Өкмөттүн чукул жыйналышы саат 1400 - 2400 гө чейин болуп, ал жерде Ө.Текебаев саат 1400 - 1700 ге чейин андан кийин саат 2130 – 2200 дөн 400 гө чейин болгонун күбөлөр жана документтер тастыктады.

2-мисал: Л.Маевский 2010-жылдын 13-май күнү Ө.Текебаевдин кабинетинен Ө.Абдырахманов менен жолуккам, таанышкам деп алты жолу көрсөтмө берген (I том, 104-бет; I том, 122-бет; I том, 129-бет; I том, 134-бет; I том, 185-бет; I том, 249-бет). А.Модин да Ө.Абдырахманов менен Ө.Текебаевдин кабинетинде, Л.Маевский менен Ө.Текебаевдин биринчи жолугушуусунда таанышкам деп алты жолу көрсөтмө берген (I том, 39-бет; I том, 45-бет; I том, 51-бет; I том, 91-бет; I том, 229-бет; I том, 239-бет).
Л.Маевский, А.Модин ар башка күндөрү, ар башка кырдаалда көрсөтмө беришкен. Кокусунан жаӊылып калдым деп бул жерде айтыш мүмкүн эмес.
2010-жылдын 13-майында Ө.Абдырахманов АКШдан Кыргызстанга келе элек болгон. Ал 20-майларда Кыргызстанга кайтып келген. 13-майдагы жолугушуу физически мүмкүн эмес эле (I том, 185-бет). Бул жагдай белгилүү болору менен тергөөчүлөр Л.Маевский менен А.Модинди кайра сурап, көрсөтмөлөрүн өзгөртүшкөн.
2017-жылдын 10-мартындагы кошумча суракта А.Модин: «Мен жана Л.Маевский Ө.Абдырахманов менен Текебаевдин кабинетинде жолукканбыз. Алгачкы сурактарда мен жаӊылышып, 2010-жылдын май айында жолуккам деп айтып алдым. 2010-жылы декабрда Маевский менен мен Текебаевдин кабинетине киргенде ал жерде Чотонов бар экен. Абдырахманов кабинетке бир аздан кийин келди» - деп, көрсөтмөсүн радикалдуу өзгөрткөн (III том, 231-бет).
2013-жылдын 26-мартындагы кошумча суракта Л.Маевский да: «Биринчи жолу Ө.Абдырахманов менен Текебаевдин кабинетинде 2010-жылдын декабрь айында жолуккам. Ал жолугушууда А.Модин да болгон. Мурунку суракта Ө.Абдырахманов менен майда жолуктум дегем, эстеп көрдүм, декабрда жолугуптурмун», - деп көрсөтмөсүн А.Модинге тууралап өзгөрткөн (V том, 78-бет).
2010-жылдын 15-мартындагы кошумча суракта тергөөчүлөр Ө.Абдырахмановго төмөндөгүдөй суроо берип: «А.Модин Текебаевдин кабинетиндеги жолугушуу декабрь айында болгон деп жатат. Сиз 2011-жылдын январь-февраль айларында дедиӊиз эле. Буга эмне дейсиз?» - деп, Ө.Абдырахмановдун көрсөтмөсүн өзгөртүшөт. Ө.Абдырахманов: «Чын эле ошондой дегем. Көп жыл өттү, так эсимде жок. Азыр эстесем 2010-жылдын аягында мен Жогорку Кеӊештин комиссиясын ЖЕТЕКТЕГЕН экенмин. Ошондуктан, орус бизнесмендери менен 2010-жылдын аягында жолугушушум мүмкүн» (IV том, 68-бет).
«Калптын казаны кайнабайт», «Калптын өмүрү кыска» - деп коет кыргызда.
Тергөөчүлөр бир убакта (21-декабрь), бир жерде (менин 7-этаждагы кабинетимде), ушул составдагы (Ө.Текебаев, Д.Чотонов, А.Модин, Ө.Абдырахманов) адамдарды жыйнай алыштыбы?
Тергөөчүлөр, генпрокуратура «айыптоо тыянагында» мындай дейт: «2010-жылдын 21-декабрында Л.Маевский, А.Модин, жардамчысы Б.Звездарев менен Текебаевдин кызмат кабинетине келишти. Ө.Текебаев Ө.Абдырахмановду кабинетине чакырып, «Альфа Телеком» ЖАКун улутташтырып, анан кайра приватташтыруу мүмкүндүгүн карап көр деп тапшырма берди».
Ушунун өзү эле тергөөчүлөр менен генпрокуратуранын далилдери фальсификация кылуу аракетин далилдеп турат. Бул – кылмыш. Бул кылмышты иштин материалдары эле далилдеп турат. Шашпай, көӊүл буруп карап көрөлү.
Л.Маевский 21-февралда берген көрсөтмөсүндө мындай деген: «21-декабрда Бишкекке учуп келдим. Дүйшөндүн телефону албайт. Ал жок болуп кетти. Мени Модин алып жүрдү. Ал бардык сүйлөшүүлөрдө болгон. Мен Текебаевдин кабинетине түз эле кирдим...» (I том, 110-бет).
Ө.Абдырахманов жөнүндө сөз жок. Модиндин кабинетке кирген-кирбегенин айткан жок.
Л.Маевский 22-февралда мындай деп көрсөтмө берген: «2010-жылдын 21-декабрында Бишкекке учуп келдим. «Хаят» гостиницасына токтодум. Текебаевге звонок кылдым. Ал кабинетке кел деди. Мен ал айткан жерге келдим. Мени секретарь кабинетке киргизди. Ал жерде бир киши бар экен. Ал тез эле чыгып кетти» (I том, 132-бет).
Маевский кабинетке ɵзүм жалгыз кирдим дейт. Абдырахманов, Модин жɵнүндɵ сɵз жок.
Л.Маевский: «Мени бул жолу Бишкекке Звездарев Б. коштоп келди. Ал жолугушууга катышкан жок. Ал дайыма гостиницада болду» (I том, 132-бет). Тергɵɵчүлɵр менен генпрокуратуранын абийирин ачты.
Л.Маевский 2017-жылдын 29-июлунда сотто: «Звездарев 2010-жылдын 21-декабрындагы жолугушууга катышкан жок», - деп көрсөтмө берди.
Иштин материалында Звездаревдун 21-декабрда Ө.Текебаев менен жолугушууга катышканы жөнүндө сөз жок болсо да, тескерисинче Л.Маевский Звездарев катышкан жок деп турса да, Генпрокуратура айыптоо корутундусунда Звездарев 21-декабрда Ө.Текебаев менен жолуккан деп жазып жатат. Бул - ачыктан ачык фальсификациянын далили.
26-февралда Маевскийдин Текебаев менен беттешкендеги кɵрсɵтмɵсүнɵн: «Мен ишти аягына чыгайын дедим. 21-декабрда билет алып, Бишкекке учуп келдим. Текебаевге звонок кылдым. Ал кабинетке кел деди. Бул башка имарат экен. Мени дароо кабинетке киргизди. Ал жерде бир адам бар экен. Ал тез эле чыгып кетти» (I том, 183-бет).
Модин, Абдырахманов жɵнүндɵ сɵз жок.
Маевскийдин Чотонов менен 26-февралдагы беттешкендеги кɵрсɵтмɵсү: «Бишкекке учуп келдим. Дүйшɵн Чотоновду кɵрбɵдүм, ал житип кетти, телефону албайт. Мен Текебаевге звонок кылдым. Ал жаңы адрес берди: Мен Модин менен машинага олтуруп, Текебаевдин кабинетине Модин менен келдим» (I том, 246-бет).
Л.Маевскийдин тɵрт кɵрсɵтмɵсүндɵ бир да жолу Д.Чотонов, Ɵ.Абдырахмановду 21-декабрдагы жолугушууда болду деп айтпады. Бир жолу гана Текебаевдин кабинетине Модин менен кирдим деди. Буга А.Модин эмне дээр экен? А.Модиндин кɵрсɵтмɵлɵрүн карап көрөлү.
26-февралдагы А.Модиндин Ө.Текебаев менен беттешкендеги көрсөтмөлөрүнөн: «2010-жылдын декабрь айында Л.Маевский Бишкекке акыркы жолу учуп келди. Л.Маевскийдин сөзүнөн жолугушуу «Ак үйдө» болгонун билем. Бул жолу аны мен алып жүргөн жокмун, ошондуктан эмне жөнүндө сөз болгонун билбейм» (I том, 239-бет).
26-февралдагы А.Модиндин Д.Чотонов менен беттешкендеги кɵрсɵтмɵсүнɵн: «Л.Маевский Бишкекке беш жолу келди. Май, июль, август, сентябрь жана декабрь айларында. 2010-жылдын декабрында Текебаев менен Маевскийдин жолугушуусунда кимдер катышканын билбейм, анткени мен ɵзүм бул жолугушууга катышкан жокмун» (I том, 234-бет).
Кɵрүнүп тургандай, А.Модин 21-декабрдагы жолугушууда болгон эмесмин деп эки жолу кɵрсɵтмɵ берген.
Тергɵɵчүлɵр менен генпрокуратура А.Модинди кɵрсɵтмɵсүн ɵзгɵртүп, «21-декабрда жолугушууда катышкан» десе эле далилденип калат деп кыска ой жүгүртүшкɵн.
А.Модин 2010-жылдын 21-декабрындагы жолугушууга катыша алмак эмес. Анткени ал декабрда Кыргызстанда болгон эмес.
«Манас» эл аралык аэропорту» ААКнун Бишкек филиалынын директору М.Бегалиев 2017-жылдын 29-мартында А.Модиндин 2010-жылдын 1-майынан 31-декабрына чейин «Манас» аэропортунан учуп кеткен, келген боюнча толук информация берген. А.Модин 2010-жылдын 22-ноябрында саат 6:00дө «Бишкек-Москва» маршруту боюнча №SU180 авиарейси менен 25В местосуна отуруп учуп кеткен. Ошол бойдон 2010-жылдын 31-декабрына чейин ал Кыргызстанга келген эмес. (III том, 1-173-бет; VII том 71-72-бет).
Тергɵɵчүлɵр менен Генпрокуратура кыска ой менен, эптеп эле Ɵ.Абдырахмановду «21-декабрда Ɵ.Текебаев, Д.Чотонов, Л.Маевский, А.Модин менен Текебаевдин кабинетинде жолуктум» деп айттырып алсак, далил камсыз болуп калат деп ойлошкон.
Эми Ɵ.Абдырахмановдун кɵрсɵтмɵлɵрүн анализ кылып кɵрɵлү.
Абдырахмановдун түшүндүрмө катынан (I том. 21-24 бет) 9-февраль, 2017-жыл
«2011-жылдын январь-февраль айларында «Ата Мекен» фракциясынын жетекчиси Ө.Текебаев кабинетине чакырды. Кабинетке кирсем Чотонов бар экен. Менден кийин кабинетке үч киши кирди. Алар «Мегафондун» президенти, вице-президенти жана аткаруучу директору катары таанышышты» (I том. 22-бет).
«Текебаев мени убактылуу депутаттык комиссиянын төрагасы катары тааныштырды» (I том, 22-бет).
Суроо: 2011-жылы Текебаевдин кабинетинде сиз жолуккан россиялык бизнесмендердин фамилиясын айта аласызбы?
Абдырахманов: «Жок, фамилиялары эсимде жок. Алар «Мегафондун» президенти, вице-президенти жана аткаруучу директору катары таанышышты» (I том, 23-бет).
Абдырахмановду сурак протоколунан. 24-февраль, 2017-жыл. (I том, 136-140-бет).
«2010-жылдын 29-октябрында Жогорку Кеӊештин токтому менен «Альфателекомдун» 49% акциясын улутташтыруунун максаттуулугун жана негиздүүлүгүн иликтөө үчүн убактылуу депутаттык комиссия түзүлдү. Төрагалыкка мени шайлашты».
«2011-жылдын январь-февраль айларында, «Ата Мекен» фракциясынын жетекчиси Ө.Текебаев мени кабинетине чакырды. Россиялык бизнесмендер менен жолукмакпыз. Кабинетке Д.Чотонов бар экен. Бир аздан кийин 3 киши келишти. Алар «Мегафон» россиялык компаниянын президенти, вице-президенти, исполнительный директорубуз деп таанышышты».
«Текебаев мени россиялыктарга убактылуу депутаттык комиссиянын төрагасы катары тааныштырды...» (I том, 138-бет).
Суроо: россиялык бизнесмендердин фамилиялары сизге белгилүүбү?
Абдырахманов: «Жок, фамилиялары эсимде жок. Алар мага «Мегафондун» президенти, вице-президенти, аткаруучу директорубуз деп таанышышты» (I том, 139-бет).
Абдырахмановду кошумча сурактын протоколунан. 15-март, 2017-жыл. (IV том, 67-69-бет).
Суроо: «А.Модин Текебаевдин кабинетиндеги жолугушуу 2010-жылдын декабрь айында болгон деп жатат. Сиз 2011-жылдын январь-февраль айларында дедиӊиз эле. Буга эмне дейсиз?
Абдырахманов: «Чын эле ошондой дегем. Көп жыл өттү, так эсимде жок. Азыр эстесем 2010-жылдын аягында мен Жогорку Кеӊештин убактылуу комиссиясын ЖЕТЕКТЕГЕН экемин. Ошондуктан орус бизнесмендери менен 2010-жылдын аягында жолугушум мүмкүн» (IV том, 68-бет).
Суроо: сиз берген көрсөтмөлөрүӊүздө Текебаевдин кабинетине орус бизнесмендери сизден кийин кирди дегенсиз. А.Модин сизди алардан кийин кирди деп жатат. Буга эмне дейсиз?
Абдырахманов: азыр эсимде жок. Балким, орустар биринчи киришти (IV том, 68-бет).
О.Абдырахманов менен А.Шыкмаматовду беттештирүү протоколунан. 29-март, 2017-жыл, (V том, 92-94-бет).
Абдырахманов: «2010-жылдын декабрынын аягында Текебаевдин кабинетинде жолугушуудан кийин, мага Текебаев Маевский менен Модинден 1 млн доллар алыптыр деген маалымат жетти» (V том, 93-бет).
Ө.Абдырахманов менен Ө.Текебаевди беттештирүү протоколунан. 17-март. 2017-жыл.
Ө.Абдырахманов: «Мен Жогорку Кеӊештин депутаты болгондон кийин эле, эмне үчүн Убактылуу Өкмөт «Альфателекомдун» 51% акциясын Максимге калтырып койду деп маселе кое баштадым. Мен бул маселени бир-эки жолу көтөргөндөн кийин Жогорку Кеӊеш депутаттык комиссия түздү. Аны мен жетектедим».
«2010-жылдын декабрынын аягында Текебаев мени кабинетине чакырды. Кирсем Д.Чотонов жана мага белгисиз орус кишилер бар экен. Мага аларды Россиянын «Мегафонунун» өкүлү катары тааныштырышты» (IV том, 90-бет).
Ө.Абдырахманов менен Д.Чотоновдун беттештирүү протоколунан. 17-март, 2017-жыл (IV том, 96-100-бет).
Абдырахманов: «Жогорку Кеӊештин депутаты болгондон кийин эле, мен эмне үчүн Убактылуу Өкмөт «Альфателеком» ЖАКнун 51% акциясын Максим Бакиевге калтырып койду деп маселе көтөрө баштадым. Анан Жогорку Кеӊеш депутаттык комиссия түзүп, мен аны төрага катары башкарып калдым. Декабрь айынын аягында, 2010-жылдын, Текебаев телефон менен мени өзүнө чакырды. Россиялыктар менен сүйлөшүү жүргүзүү үчүн. Мен Текебаевдин кабинетине кирсем, ал жерде Д.Чотонов, 2-3 орус кишилер бар экен». ««Мегафон» - бай компания, аукционго катышып, сатып алсаӊар болот» - дедим». (IV том, 98-бет).
Адвокат М.Эшперовдун Абдырахмановго берген суроосу: «Бакиевдердин убагында Кыргызстанды таштап, сыртка чыгып кеткениӊиз бүт элге белгилүү. Качан Кыргызстанга кантип келдиӊиз?»
Абдырахманов: «Мен 2008-жылдын октябрь айында кетип, 2010-жылдын май айынын аягында кайтып келдим» (IV том, 99-бет).

Кɵрүнүп тургандай, Ɵ.Абдырахманов «мүмкүн» деп жолугушуунун убактысын (күнүн) ɵзгɵрткɵнү менен негизги жагдайын ɵзгɵрткɵн жок. Ал жети жолку кɵрсɵтмɵсүндɵ жолугушуу учурунда мен убактылуу депутаттык комиссиянын тɵрагасы болчум деп кайталап айтып жатат.
2017-жылдын 28-июнунда сотто Ө.Абдырахманов орус делегациясы менен жолугуп жатканда депутаттык комиссиянын жетекчиси (мүчөсү) болчумун деп сегизинчи жолу айтты.
Абдырахманов Ө.Текебаевдин кабинетинде Россиянын «Мегафон» компаниясынын өкүлдөрү менен жолуккам деп бир нече жолу (жети жолу) көрсөтмө берген.
«2010-жылдын 20-майындагы №44 «Альфа Телеком» ЖАКнун 49% акциясын мамлекеттештирүү жɵнүндɵ» Кыргыз Республикасынын Убактылуу Ɵкмɵтүнүн Декретин, ошондой эле башка объектилерди мамлекеттештирүү жɵнүндɵ декреттердин негиздүүлүгүн жана максатка ылайыктуулугун иликтɵɵ боюнча убактылуу депутаттык комиссия түзүү жɵнүндɵ» Жогорку Кеңештин №80-V токтому 2010-жылдын 29-декабрында кабыл алынган (VI том, 79-80-бет).
Жогорку Кеңештин Регламентине ылайык, убактылуу депутаттык комиссиянын тɵрагасы комиссиянын мүчɵлɵрү тарабынан шайланат.
Ɵ.Абдырахманов 2011-жылдын январь айынын экинчи жарымында гана комиссиянын тɵрагасы болуп шайланышы мүмкүн. Тɵрага катары Ɵ.Абдырахманов россиялык бизнесмендер менен январдын аягы же февралда гана жолуга алмак.
Мейли, Ɵ.Абдырахманов комиссиянын мүчɵсү катары эле жолуксун дейли. Анда Ɵ.Абдырахманов Л.Маевский менен 29-30-31-январь күндɵрү гана жолугушу мүмкүн эле. Документтерге ылайык, Л.Маевский Бишкекке 20-декабрь күнү учуп келип, 22-декабрда учуп кеткен. Демек, декабрдын аягында Л.Маевский менен комиссиянын тɵрагасы Ɵ.Абдырахманов жолуга алмак эмес.
2017-жылдын 29-июнунда сотто Л.Маевский: «Россиянын «Мегафон» компаниясына эч кандай тиешем жок, болгон да эмес», - деп көрсөтмө берди. Ушунун өзү Ө.Абдырахманов башка адамдар менен башка убакта жолугушуусу мүмкүн экенин көргөзөт. Абдырахманов Л.Маевский эмес, «Мегафондун» өкүлдөрү менен жолуккан.
Эми эң негизгиси.
Мен 2010-жылдын 21-декабрында Жогорку Кеңешке, жумушка келген эмесмин.
2010-жылкы парламенттик шайлоолордон кийин мен Жогорку Кеңештеги кабинетке келип отурдум. Мени менен кошо партиянын штабында жардам берип жүргɵн жигиттер, кыздар да Жогорку Кеңешке иштери жок болсо да катышып, жумуш күтүп жүрүштү.
22-декабрь – менин туулган күнүм. Ошол жылы 20-декабрдан баштап туулган күн менен куттуктап, кɵп адамдар белек-бечкектери менен келе башташты. Жогорку Кеңешке эле биздин фракция 40тан ашык жардамчы, консультант, секретариатка кызматкерлерди алып жатканбыз. Кыскасы, жумуш сураган адамдар ɵтɵ эле кɵп болчу. Туулган күндүн шылтоосу менен белегин алып алып, кийин жок дей албай кыйналгандан кɵрɵ деп, мен 21-22-декабрда жумушка келбей койдум. Буга мени кабылдамамда жүргɵндɵр, мени издеп келген партиялаштар, депутаттар күбɵ боло алышат.
Мен болбосом, Чотонов болбосо, Модин болбосо, тɵрага Абдырахманов жок болсо, Маевский ким менен, кайсыл жерде жолуга алмак эле?

3-мисал: Л.Маевский 2010-жылы Ɵ.Текебаев Кыргыз Республикасынын Убактылуу Ɵкмɵтүнүн тɵрагасынын биринчи орун басары болчу деп бир нече жолу кɵрсɵтмɵ берген. Сɵзүн бекемдеш үчүн Ɵ.Текебаевдин кабинетинин эшигинде «Первый заместитель Председателя Правительства Кыргызской Республики» деген табличка илинип турган деп баса белгилеген.
21-февралдагы кɵрсɵтмɵсүндɵ мындай дейт: «Он (Чотонов) сказал, что Текебаев Омурбек Чиркешович является первым заместителем Председателя Правительства. Значит, партия является одна из ведущих в Киргизии, что я проверил, что соответствует действительности, и что Омурбек Чиркешович отвечает за приватизацию производственных и промышленных активов» (I том, 104-бет).
22-февралда мындай кɵрсɵтмɵ берет: «Далее, данный помощник провел нас в кабинет Текебаева О.Ч., где у входа имелась табличка: «Первый заместитель Председателя Правительства Кыргызской Республики» (I том, 129-бет).
26-февралдагы Ɵ.Текебаев менен беттешүү убагында Л.Маевский мындай деди: «13 мая 2010 года в Бишкеке у меня произошла встреча в кабинете Текебаева О.Ч., который в тот момент занимал должность Первого заместителя Председателя Правительства Кыргызской Республики» (I том, 180-бет). «Я с Текебаевым встречался два раза в официальной обстановке. В первый раз встречались в здании в кабинете, где на стене на входе висела табличка «Первый заместитель Председателя Временного Правительства Кыргызской Республики» (I том, 185-бет).
Ушул айткандарыңызды кайталай аласызбы? – деген суроомо «Я подтверждаю сказанное в видеообращении, потому что мне так представился сам О.Текебаев, и так обрисовал свои полномочия, иначе смысла встречаться с ним никакого интереса не было. Меня интересовал человек, который может реально влиять на вопросы приватизации «Мегакома» (I том, 185-бет).
2010-жылы Убактылуу Ɵкмɵттүн тɵрагасынын орун басары катары эмне иш менен алектенгенимди бүт Кыргызстан эле эмес, дүйнɵ жүзү билет. Мен конституциялык реформалар үчүн гана жооп бергем. Убактылуу Ɵкмɵттүн тɵрагасынын биринчи орун басары А.Атамбаев болгон. Ал экономикалык маселелерди, ошонун ичинде приватизация маселесин да караган. Бул жагдай «Убактылуу Ɵкмɵттүн Тɵрагасынын, анын орун басарынын жана мүчɵлɵрүнүн ортосундагы милдеттерди бɵлүштүрүү» жобосунда так кɵрсɵтүлгɵн (IV том, 190-бет).
Ар кандай чоң инвестор Кыргызстанга келерде кырдаалды (ɵзгɵчɵ 2010-жылы) изилдейт, анализ кылат. Кимдин ким экенин тактайт. Кантип эле Маевский Кыргызстанга беш жолу келип, Ɵкмɵттɵ кимдин ким экенин тактабасын. Демек, Л.Маевский Кыргызстанда бир топ кызмат адамдары менен жолуккан. Ошол жолугушуулардын бирин Текебаев менен жолугушуу катары айтып жатат. Л.Маевский кɵп адамдар менен жолукканын С.Кутуков мындай деп тастыктайт: «2010-жылы майдагы Бишкекке сапарымда Л.Маевский мени бир топ адамдар менен тааныштырды. Азыр алардын кызматы, аты-жɵнү эсимде жок» (V том, 154-бет).
Ɵзгɵчɵ тɵмɵнкү жагдайга кɵңүлүңɵрдү бурат элем.
Окуянын кырдаалын, жагдайын калыбына келтирүү жана кɵрсɵтмɵлɵрдү ордунда текшерүү убагына, 2017-жылдын 14-февраль күнү А.Модин, тергɵɵчүлɵрдүн, понятойлордун коштоосунда Ɵкмɵт үйүнɵ кирип, Убактылуу Ɵкмɵттүн тɵрагасынын орун басары Ɵ.Текебаевдин кабинети деп, ошол убакта Убактылуу Ɵкмɵттүн Тɵрагасынын Биринчи орун басары А.Атамбаев отурган кабинетти кɵргɵздү.
А.Атамбаевдин кабинетин башка кабинет менен чаташтыруу мүмкүн эмес. Анткени Ɵкмɵт үйүндɵ андай эки эле кабинет бар. Биринде премьер-министр отурат (3-кабат, чыгыш канат), экинчисинде 1-вице-премьер министр (3-кабат, батыш канат) отурат.
Ушул мисалдагы эле кырама-каршылыктар, Текебаевге тиешеси жок жагдайлар Л.Маевский менен А.Модиндин жалган айтып жатышканын тастыктайт. Эмне үчүн жалган айтып жатышат? Бул башка маселе...

4-мисал: Л.Маевский Ɵ.Текебаев июлдун башында (10-11-июль) Москвага учуп келди. Мен ɵзүм Шереметьево аэропортунан тосуп алдым. Эртеси Ɵ.Текебаев менин офисиме келди. Ɵ.Текебаев: «Август айында менин компаниям «Мегакомду» башкарууга киришет. Ал үчүн тез аранын ичинде 1 млн доллар мага беришиң керек. Болбосо болбойт» - деди. «Мы значит с Текебаевым ударили у меня в офисе по рукам» (I том, 106-бет).
Л.Маевский ушундай кɵрсɵтмɵнү 21-февраль, 22-февралдагы суракта, 26-февралда Ɵ.Текебаев, Д.Чотонов менен беттештирүүдɵ тɵрт жолу кайталап айтты.
22-февралда Л.Маевский мындай дейт: «На сегодняшний день Текебаев О.Ч. приехал сам ко мне в офис по адресу: г.Москва, Колошин переулок, дом 4, строение 1. Мы обедали в столовой моего офиса и обо всем договорились. А именно: я передаю Текебаеву О.Ч. один миллион долларов США, Текебаев берет на себя обязательство о передаче мне временное управление, с правом дальнейшего выкупа сотовую компанию «Мегаком». Мы договорились, что это будет в августе 2010 года, времени осталось мало, и он меня торопил. После данной встречи в Москве я окончательно принял решение идти в данный проект. Через две недели в конце июля 2010 года я прилетел в Бишкек и привез триста тысяч долларов США для передачи Текебаеву в качестве оговоренной суммы в размере одного миллиона долларов США» (I том, 130-бет).
Мен, 2010-жылдын 5-11-июлдарында Норвегияда ОБСЕнин парламент аралык Ассамблеясынын сессиясында, Кыргызстанда 2010-жылы жасалган реформалар жɵнүндɵ доклад жасаганым белгилүү болгондон кийин. Л.Маевский кɵрсɵтмɵсүн ɵзгɵртүп, Текебаев 1-сентябрда Москвага келген дей баштады. Эмне үчүн Л.Маевский жалган айткан? УКМКнын тергөөсүнүн биринчи версиясында, мен 12-июлга чейин Убактылуу Өкмөттө төраганын орун басары катары аткаруу бийлигинде элем, демек, «кылмыш» ошол мезгилде жасалыш керек болгон. УКМКда мен Москвадан 12-июлда Бишкекке учуп келген деген маалымат болгон. Норвегиядан Москва аркылуу келгем. Л.Маевский УКМКнын «заказын» аткарып жатканын бул далилдеп турат.
Л.Маевский, Текебаев Москвада менин офисимде 1 миллион доллар талап кылды, мен макул болуп, кол алыштык. Ошондон кийин эки жумадан кийин Бишкекке 300.000 доллар алып келип, сактап кой деп, Модинге таштап кеттим дейт. 300.000 доллар Москвадагы кол алышуунун жыйынтыгы деп көргөзүлүп жатат. Эгер жолугушуу июль айында эмес, сентябрда болсо, анда Маевский 300.000 долларды эмне үчүн, ким үчүн июлдун аягында Бишкекке алып келет? Демек, ал акча болгон эмес.
Л.Маевский, Текебаев 2010-жылдын 13-майында «Хаят» ресторанында (киинчерээк «Супара» ресторанында деп көрсөтмөсүн ɵзгɵрткөн) менден бир миллион доллар талап кылган деп кɵрсөтмө берген (I том, 105-бет; I том, 129-бет; I том 180-бет; I том, 243-бет).
Маевскийдин бул айтканын Текебаев, Чотонов жокко чыгарышты. А.Модин да андай сүйлөшүүнү өзү укпаганын, күбө болбогонун айтып, бир нече жолу көрсөтмө берди (I том, 40-бет; I том 231-бет; I том 238-бет) (III том 232-бет).
Л.Маевский Текебаев Москвадагы анын офисинин столоваясындагы жолугушууда 1 миллион доллар талап кылган деп айтканын өзүнөн башка бир да күбө тастыктаган жок.
Ошол жолугушууга ондон ашык адам катышкан. Ө.Текебаев, Н.Абдырахманов, андай сөз болгон эмес деп айтып жатышат.
Л.Маевскийдин секретары Наталья Самсонкина эч ким Маевскийден акча талап кылбаганын мындай деп тастыктайт: «Мне неизвестно требовали ли должностные лица Кыргызской Республики у Маевского или его представителей лично, либо через доверенных лиц передачи денежных средств» (V том, 138-бет).
Л.Маевскийдин дагы бир ишенген адамы Сергей Кутуков мындай дейт: «Требовали ли должностные лица КР у Маевского или его представителей лично либо через доверенных лиц передачи денежных средств мне неизвестно» (V том,154-бет).
Ошентип, Л.Маевскийдин О.Текебаев менден акча талап кылды деген сөздөрү бир да күбө же башка материалдар менен бекемделбей ЖАЛАА боюнча калып олтурат.

300.000 ДОЛЛАР ЖӨНҮНДӨ

Айыптоо корутундусунда Генпрокуратура мындай дейт: «2010-жылдын 27-июлунда, Л.Маевский Текебаевдин шарттарына макул болуп, Бишкекке спорт сумкасына 300.000 доллар алып келди. Ал акчаны «Хаят» отелинин номеринде Текебаев менен Чотоновго берип коюш үчүн А.Модинге берет».
«2010-жылдын август айынын башында Текебаевдин тапшырмасы менен Т.Маматкеримов телефон аркылуу А.Модин менен байланышып, Маевский берген акчаны алып кел деп буйрук берет».
«Анан ал акчалар Текебаев менен Чотоновго берилген».
Генпрокуратура каратып туруп эле жалган айтып, жалаа жаап жатат.
1. Ө.Текебаев Т.Маматкеримовго акчаны алып кел деп тапшырма берген деген бир да көрсөтмө кылмыш ишинде жок. Бул - Генпрокуратуранын өзүнүн чыгармачылыгы. Ачыктан ачык фальсификация.

2. 300.000 доллар болгонбу? Болсо, Кыргызстандын чек арасынан качан, ким алып өттү? Тергөөнүн материалдарында бул суроолорго жооп жок.

2017-жылдын 29-июлундагы соттун отурумунда Л.Маевскийге төмөндөгү суроолор берилди:

Суроо: Сиз: «Ө.Текебаев 2010-жылдын 10-11-июлдарында Москва шаарында болду. Менин офисиме да келди, ошол жерде менден Кыргызстандын коммуникация рыногуна кирем десеӊ, бир миллион доллар бер деп талап кылды. Мен макул болдум. Кол алыштык. Келишимди аткарыш үчүн эки жумадан кийин Бишкекке 300.000 доллар алып келдим» - дедиӊиз. Адвокаттар Ө.Текебаевдин 10-11-июлда Россияда болбогонун далилдегенден кийин, Ө.Текебаев менден акчаны 1-сентябрда сураган, ошондо кол алыштык деп көрсөтмөӊүздү өзгөрттүӊүз. Эгер июль айында Ө.Текебаев Москвадагы сиздин офисте болбосо, анда сиз ким менен макулдаштыӊыз, ким менен кол алыштыӊыз? Кол алышуунун жыйынтыгы катары кимге 300.000 доллар алып келдиӊиз?
Л.Маевский бет тырмоочулук кылып, суроого түз жооп бергенден качты. Ал: «Биз ар жолукканда кол алышат элек, майда, августта, сентябрда да кол алышканбыз», - деп жооптон качты.
Ө.Текебаев: Сиз, А.Модин бардык тергөөдө берген көрсөтмөлөрүндө: «13-майдагы жолугушууда Л.Маевский бир чечимге келген жок, ойлонуп көрөйүн деп Москвага учуп кетти», - деп айткансыздар. Бул жагдайга эмне дейсиз?
Л.Маевский бул суроого аргументтеп жооп бере алган жок.

«300.000 долларды сиз Бишкекке кантип алып келдиӊиз?» – деп, прокурор Л.Маевскийге суроо берди.
Л.Маевский: Менин коопсуздук кызматымын начальниги С.Кутуков, мен Кутуковго тапшырма бердим. Ал акчаны Бишкекке алып келди. Чамасы, ал акчаны декларация да кылган болуш керек.

Ө.Текебаев: Сиз бүгүн акчаны Бишкекке мен алып келген жокмун дедиӊиз. Ким алып келди? Кайталап айтып коюуӊуз.
Л.Маевский: Кутуков Сергей Александрович.

Ө.Текебаев: Кылмыш ишинин материалдарында пассажирдик манифест деген документтер бар экен. Ал документтер боюнча С.Кутуков 2010-жылдын 13-майында Бишкекке келген экен. Июль айында С.Кутуков Бишкекке келген эмес (III том, 1-49-бет; VII том, 68-74-бет).
Л.Маевский: «Акчага С.Кутуков жооп берген. Азыр эсимде жок, С.Кутуков Казакстан аркылуу келген болуш керек».
«Мен дагы бир жолу айтам. Акча болгон, акчаны Кутуков берген, дагы бир жолу тастыктайм».

Адвокат Эшперов: Сиз акчаны Бишкекке С.Кутуков алып келди дедиӊиз. Ал акча эмне үчүн экенин билгенби?
Л.Маевский: Албетте, ал билген.

Адвокат Эшперов: «2010-жылдын 7-апрелинде Москвада С.Кутуковду РФнын ФСБсынын капитаны Г.Михтаев суракка алган. Берилген суроолорго С.Кутуков мындай деп жооп берген:
«Кыргыз Республикасынын кызмат адамдары өздөрү же өкүлдөрү аркылуу Л.Маевскийден же анын өкүлдөрүнөн акча сураганы мага белгисиз».
«Л.Маевский өзү же бирөөлөр аркылуу Кыргыз Республикасынын кызмат адамдарынын өзүнө же алардын өкүлдөрүнө акча берилгени жөнүндө эч нерсе белгисиз».
«Кыргыз Республикасынын кайсы гражданинине же кызмат адамына акча берилгенин билбейм» (V том, 154-155-бет).
Сиз буга эмне дейсиз?»
Л.Маевский бул суроого жооп бере алган жок.

Ошентип иштин материалдары жана соттук териштирүүнүн жагдайлары менен, 300.000 доллар Кыргызстанга келбегени далилденди.
А.Модиндин 300.000 долларды Т.Маматкеримовго бердим дегени да сотто далилденген жок.

3. А.Модин 300.000 долларды Т.Маматкеримовдун офисине алып барып бердим деген сөздөн башка эч нерсе жок. Тергөө А.Модин Т.Маматкеримовдун офисин билет экен деп, ошону далил катары келтирип жатат. А.Модин Т.Маматкеримов менен 2009-жылдан тааныш болушкан жана жолугушуп турушкан (I том, 77-бет).
А.Базаркулов А.Модинди Т.Маматкеримовдун офисинде көргөнүн бир нече жолу айткан (VII том, 95-бет).
А.Модин Л.Маевский берген акчаны эки жумадан кийин Т.Маматкеримовго бергем деп айткан. Бул убак 10-15-август болот. Иштин материалдары боюнча Модин менен Маматкеримов август ичи эки күндө гана телефон аркылуу байланышкан. 3-августта бир жолу байланыш болгон. Ал эми 31-августта 1 жолу сүйлөшүшкөн, 19 смс алмашышкан.
Эӊ негизгиси, Т.Маматкеримов да, А.Модин да Текебаев же анын жардамчылары менен телефон аркылуу байланышкан эмес (VII том, 75-79-бет).
Эмнеге таянып, генпрокуратура Т.Маматкеримов Текебаевдин көрсөтмөсү менен Модинге телефон кылган деп айтат?
Т.Маматкеримов А.Модинден акча алганын бир да түз, же кыйыр далил тастыктабайт. Т.Маматкеримов, анын аялы, достору А.Базаркулов, Р.Оӊолбековдор да ал жөнүндө укпаганын көрсөтүшкөн.
Тергөөнүн эптеп эле Текебаевге каршы фактыларды бурмалоо аракетин төмөнкү далилдейт.
«2010-жылдын 27-июль күнү Т.Маматкеримов (Маевский учуп келген күн) саат 14:44төн 16:58ге чейин «BSK-Spartak» базалык станциясынын зонасында болгон. Бул «Ак үйдүн» зонасына туура келет» - деп, ушул бир нерсени далилдей тургандай баса көрсөтүшөт. Биринчиден, бул зонага мэрия, КГНУ, филармония ж.б. кирет. Экинчиден, ал убактарда «Ак үйдө» ремонт болуп, эч ким ал жерде иштеген эмес. Текебаев Правда көчөсүндөгү «Ата Мекен» партиясынын офисинде болгон.

ЭМИ 700.000 ДОЛЛАР ЖӨНҮНДӨ

Тергөө, генпрокуратура мындай дейт: «2010-жылдын 14-сентябрында Л.Маевский Ө.Текебаев менен макулдашууну аткарыш үчүн «ВТБ-24» банкынан 510 миӊ евро алып, ага доллар кошуп, 700.000 доллар кылып, Текебаевге телефон менен билдирет. Ө.Текебаев сентябрдын экинчи жарымында акчаны алып келүү үчүн өзүнүн ишенген адамын Москвага жөнөтөт. Келген адамдын ким экенин Л.Маевский Ө.Текебаев менен телефон аркылуу байланышып тактап, ага 700.000 доллар санап берет. Анан аны Москванын аэропортуна чейин узатып коюшат. Акчаны алышканын Ө.Текебаев, Д.Чотонов эртеси телефон менен тастыкташкан».
Биринчиден, 2010-жылдын 1-сентябрында Л.Маевскийдин столоваясында 10-15 адам тамак ичип отурушкан. Ал жерде акча жөнүндө сөз болгон эмес. Маевскийден башка эч ким Текебаев акча талап кылды деп айтышкан жок. Тескерисинче, Ө.Текебаев Н.Абдырахманов, С.Кутуков, Н.Самсонкина андай сөз болгон эмес деп көрсөтмө беришкен.
Экинчиден, Маевскийден ким акча алды? Ал акчаны Кыргызстанга качан, кантип алып келди? Ал акчаны кимге, качан, кайсы жерде, кантип берген? Бул суроолорго жооп жок. Бирок тергөө менен генпрокурор Маевскийдин курук сөзүн айыптоого негиз кылып алышты.
Л.Маевскийдин банктан 510 миӊ евро алганы чын. Ал окуя Москва шаарында болуп олтурат. Маевский бизнесмен катары акчасын алып-бериши - табийгый нерсе. Ал акчаны ким алышы мүмкүн? Мен иштеги материалдарга таянып, ал акчаны А.Модин алышы мүмкүн дейм. Н.Самсонкина: «Кыргызстандан делегация 2010-жылдын жазында келген» (V том, 137-бет), - деп окуяларды чаташтырып, алмаштырып жатат. 2010-жылдын жазында Маевскийдин офисине Кыргызстандан А.Модин барган. Бул - талашсыз факт. Н.Самсонкина эки окуяны аралаштырып жатат. Н.Самсонкина: «Акчаны Кыргызстандан мурун делегацияда келген, славян улутундагы, жашы 35-37лердеги кишиге бергем», - деп көрсөтмө берет (I том, 137-бет).
Л.Маевский да 700.000 долларды славян улутундагы, бою 175-178 см, жашы 35-38дердеги, чачы темный кишиге бергенби деп көрсөтмө берген (V том, 77-бет).
2017-жылдын 29-июнундагы сотто Л.Маевский: «Акча алган киши 2010-жылы 1-сентябрда Ө.Текебаев менен чогуу менин офисиме келген-келбегенин билбейм, көргөн эмесмин. Анткени Ө.Текебаев менен эле алек болгом. Н.Самсонкина делегация менен келген деп айтып жатат» - деп көрсөтмө берди.
Н.Самсонкина бир нече жолу 2010-жылдын жазында Кыргызстандан делегация келген деп айтып жатат. «Жазында Кыргызстандан делегация келген беле?» - деген суроого Л.Маевский: «Жазында Кыргызстан, Казакстандан адамдар келген. Н.Самсонкина путать этип жатат», - деп жооп берди.
2010-жылдын жазында А.Модин Москвада болгон (I том, 39-бет). А.Модин 2010-жылдын 10-сентябрынан 18-сентябрына чейин Москвада болгон (III том, 233-бет).
А.Модин 1974-жылы төрөлгөн, 2010-жылы 36 жашта болгон, славян улутунда, боюнун узундугу 175-180 см. А.Модин Л.Маевскийден 500.000 евродой акча алганына далил бар (I том, 47-бет; III том, 230-бет).
2017-жылдын 27-июнунда сотто А.Модин 2010-жылдын апрель айында Л.Маевскийдин Москва шаарына барган эмесмин деп тана баштады. Бул – шектүү. Анткени 2017-жылдын 21-февралында Л.Маевский: «А.Модин Москвадагы Колошина переулогундагы офисиме 2010-жылдын апрелинде келген» - деп көрсөтмө берген (I том, 103-бет).
2017-жылдын 26-февралында Ө.Текебаев, Д.Чотонов менен беттешкенде А.Модин: «2010-жылдын апрель айында Москва шаарынын Колошина переулогундагы Маевскийдин офисине баргам», - деп көрсөтмө берген (I том, 228-бет; I том, 238-бет).
Эмне үчүн А.Модин тана баштады? Анткени 500.000 еврону А.Модин алган. Ачылып калбасын деп кооптоно баштады. 2017-жылдын 29-июнунда сотто Л.Маевский: «А.Модин менен 17 жылдан бери таанышмын. Мага ага көп жолу акча бергем. Бизде товарно-денежный мамилелер бар. Азыр да А.Модинге акча берип турам. Ал менин бизнесимде бар, мен анын бизнесинде бармын», - деп көрсөтмө берген.
А.Модин мурун Л.Маевскийден 500.000дей долларды 2012-жылдын февралында карызга алгам деп айтып жүрсө, сотто 2011-жылдын февралында алгам деп мойнуна алды.
2017-жылдын 10-февралында берген көрсөтмөсүндө А.Модин 500.000 евродой акчаны кайсыл максатта алганын айта албай койгон. Ал: «Касательно целей займа указанной суммы денежных средств, в отсутствии показаний Л.Маевского, давать показания на сей счет воздержусь, так как могут быть существенные неточности в моих показаниях» - дейт. Карыз алганынан 6 жыл өтсө да, ал карызды эмне үчүн алганын айта албайт. Март айынан баштап А.Модин менен Л.Маевский 2012-жылы карыз берилген деп жалган айта башташты. 2012-жылы Россиянын массалык маалымдоо каражаттарында бул карыз жөнүндө маалыматтар чыккан. «Руспрес» (rospres.com) агентствосунун маалыматы боюнча карыз жөнүндө келишим 2011-жылдын февралында түзүлгөн.
Ошондо да Л.Маевский карыз кандай максатта берилген деген журналисттин суроосуна: «Бул ич ара талаш, чечилет» - деп, жооп бербей койгон. Ушул жагдай 2010-жылы сентябрда Л.Маевский А.Модинге акча берген (500.000 доллардай). Аны кийин 2011-жылы февралда келишим менен бекемдеген дегенге негиз берет. Ошондуктан 6 жыл өтсө да Модин менен Маевский акча эмне үчүн берилген деген суроого жооп бере алышпаган.
«2010-жылы 1-сентябрда Текебаев Москвага келип кеткенден кийин, анын сунушуна макул болуп, рисктерди билүүгө Р.Оӊолбековго телефон кылдым. Көпкө сүйлөштүм», - деп Маевский айтат.
Тергөө, генпрокуратура: «Л.Маевский Р.Оӊолбеков менен телефон аркылуу сүйлөшүп, консультация жана мүмкүнчүлүктөрдү анализдеп көрүп, Ө.Текебаев 700.000 доллар бергенге макул болгон» - дейт.
Р.Оӊолбеков: «Сөз мен даярдаган справка жөнүндө болду. Негизинен «Мегакомдун» айланасындагы сот иштери жөнүндө болду» - деп көрсөтмө берет (V том, 114-бет).
Иштин материалдарында чын эле Л.Маевский Р.Оӊолбековго 1-сентябрь күнү саат 2227, 2247, 2256ларда звонок кылган. Кошуунун узундугу 20, 1, 53 секунда гана болгон (VII том, 76-бет). Р.Оӊолбеков Л.Маевскийге саат 2310да звонок кылган. Узундугу 19 секунда болгон.
Эмне, Л.Маевский ушундай көз ирмемде Р.Оӊолбеков менен консультациясын бүтүрүп койдубу? 20, 1, 53, 19 секунда – бул келген звоноктун эле убактысы. Ушундай кыска убактагы консультация белгисиз адамга 700.000 доллар берип койгонго негиз боло алабы? Албетте, жок.
Сотто Р.Оӊолбеков «Альфа Телекомго» байланышкан сот процесстери жөнүндө, соттук териштирүүлөр жөнүндө Л.Маевскийге кеӊеш, маалымат берип турдум деп көрсөтмө берген. Убагында Р.Оӊолбеков “БиМоКом LTD” ЖЧКнун мүлктөрүн рейдерлик жол менен М.Бакиевдин «Альфа Телекомуна» алып бергенге катышкан, негизги ролду ойногон.
2010-жылдын апрель айынан кийин “Penwell Business limited” компаниясы “БиМоКом LTD” ЖЧКнун мүлкүн кайтарып алуу аракетин баштайт.
“РТК Лизинг” ААКнун жана “БиМоКом LTD” ЖЧКнун атынан “БиМоКом LTD” ЖЧКнун мүлкүн кайтаруу талабы менен сотко кайрылышат. Бишкек райондор аралык соту алардын талабын 2010-жылдын 10-августундагы чечими менен канааттандырат.
Соттун чечими менен «Альфа Телекомдун» мүлкү “БиМоКомго” өтүп, «Альфа Телеком» банкрот болушу күтүлүп жаткан. Р.Оӊолбеков муну билет болчу.
«Пенвеллдин» позициясы ошол убакта күчтүү эле. («Пенвелл» 2010-жылы 15-октябрда Бишкек шаардык сотунан да утушат. Ал эми 2011-жылдын 21-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунан да («Пенвелл» утат. Ошентип, Кыргыз Республикасы 49 % акциясына ээ болгон «Альфа Телеком» ЖАК банкрот болуп, мамлекет куру жалак калуу коркунучу реалдуу болот).
Эгер, Р.Оӊолбеков 1-сентябрда Л.Маевскийге «Пенвелл» биринчи инстанциядан утканын, соттук териштирүүнүн перспективасын айтса, Л.Маевский ойлонбой эле 700.000 долларын белгисиз бирөөгө кармата коет беле?
Акылга сыйбаган иш. Мындай 20 секунддук консультациядан кийин эч ким тобокелге бармак эмес. Абсурд.
Бул кырдаал Л.Маевский 700.000 долларын «Альфа Телеком» үчүн бирөөгө бербей турганын далилдейт.
Л.Маевский 29-июнда сотто Текебаев Москвага эффектно келди деп төмөндөгүдөй көрсөтмө берген:
«Текебаев делегациянын составында учуп келди. Элчиликтин өкүлдөрү тосуп алышты. Андан кийин Ө.Текебаев «старая площадга» барып, «нормальный» адамдар менен жолукту. Текебаев өзүн царь, же монархтай алып жүрдү деп айта албайм, бирок өзүн республиканын жетекчисиндей алып жүрдү. Телевидениеден делегация келгенин көргөзөт го, ошондой болду. Ушундан кийин мен 700.000 долларды берейин деп макул болдум».
«Текебаевден адам келди, телефондон Текебаев биздин адам, акчаны бере бергиле деп айтты».
«Акчаны санап бердик. Текебаев телефондон ал адамды аэропортко жеткирип койгула деди. Охрана аэропортко жеткирип койду. Адам учуп кетти. Эртеси телефондон звонок кылдым, акча жеттиби деп сурадым. Текебаев баары нормально, адам келди, акча ордунда деди».

Адвокаттардын: «Акча берген адам ким? Аты-жөнү кандай? Акча алдым деп расписка бердиби?» - деген суроолоруна Л.Маевский алгач: «Жок, аты-жөнүн сураган эмеспиз, Текебаевдин телефондон айткан сөзү эле жетиштүү болгон», - деп көрсөтмө берип келген. Бирок 29-июнь күнү сотто: «Ал адамдын өздүгүн тактаганбыз, видеокамера фиксация кылган, паспорт данныйларын алганбыз. Бирок, срок хранения - 5 эле жыл. Беш жылдан кийин информация өчүп калат». «Расписка да бар эле. Биз сактап жүргөнбүз. 2016-жылы башка офиске көчкөнбүз. 2016-жылы өтө суук кыш болду. Биздин офисте суу агып, каптап кетти. Бүт документтер жок болду».

Л.Маевский акчаны кимге, кантип бергенин өзү да билбейт. Көрсөтмөлөрүн жеӊил, тез, радикалдуу өзгөртөт. Кыскасы, патологиялык жалганчы.
Сотто Л.Маевский «700.000 долларды бердиби? Берсе, кимге берди? Ал адамдын Ө.Текебаевге кандай тиешеси бар? Ал адам кайсы аэропортко жеткизилди? Жетсе, учтубу? Ө.Текебаевдин ушул адамга бер дегени чынбы? Эмне далилдер менен тастыкталат? Эӊ негизгиси, Ө.Текеабаев 700.000 долларды качан, кимден, кайсы жерде, кантип алды?» – деген суроолорго жооп бере албады, айткан сөздөрүн далил келтирип бекемдей алган жок.

А.МОДИНДИН КӨРСӨТМӨЛӨРҮ БОЮНЧА
А.Модин менен мен апрель айынын башында жолуккам. Мен кабинетимден сыртка чыгып бара жатканымда экинчи этаждын «лестничная площадкасында» бир нече адам алдымдан тосушту. Алар: «Максим Бакиев киргизген ар бир кошулган звонок үчүн 60 тыйындан кошумча төлөм боюнча сизге келдик. Бизди кабыл алып коюнуз», - деп суранышты. Мен: «Шашып баратам. Сөзүӊөр болсо, ушул жерден айта бергиле. Кабинетке киргенде деле олтур деп айта албайм. Анткени белим операциядан кийин ооруп турат. Капа болбогула», – дедим.
Алар, бири А.Модин экенин азыр билдим, кайрылуу катын мага беришти. Ошону менен жолугушуу бүттү. А.Модин менин кабинетиме кирген эмес. Ошондуктан, менин кабинетим кайда экенин билбейт.
А.Модин менен Маевский 2010-жылдын 13-майында мени менен менин кабинетимде жолукканбыз дешет.
Бул - ЖАЛГАН. Мен Л.Маевский, А.Модин менен 13-майда эч жерде жолуккан эмесмин. Муну Д.Чотонов, Убактылуу Өкмөттүн башка мүчөлөрү, менин охранамдагы жигиттер, кабылдамадагы жардамчылар, Конституциялык кенешменин мүчөлөрү, секретариаттын мүчөлөрү жана башка документтер далилдеп турат.
Окуянын кырдаалын, жагдайын калыбына келтирүү жана көрсөтмөлөрдү ордунда текшерүү убагында, 2017-жылдын 14-февраль күнү А.Модин тегөөчүлөрдүн жана понятойлордун коштоосунда Өкмөт үйүнө кирип, Убактыуу Өкмөттүн төрагасынын кабинети деп, ошол убактагы Убактылуу өкмөттүн Төрагасынын Биринчи орун басары А.Атамбаев олтурган кабинетти көргөздү (I том, 48-54-бет). А.Модин менин кабинетимде болбогондуктан, анын кайда экенин билбейт эле. Ал Атамбаевдин кабинетин көргөзгөнү - менин кабинетимде жолугушуу болбогонун далилдейт.
А.Модин 2013-жылдын 13-майында Ө.Текебаевдин кабинетинде Ө.Абдырахманов менен жоукканбыз деп алты жолу көрсөтмө берди (I том, 39-бет; I том, 45-бет; I том, 51-бет; I том, 91-бет; I том, 229-бет; I том, 239-бет).
Бирок, Ө.Абдырахманов бул жолугушууларга «физически» катыша алмак эмес. Ал АКШдан 2010-жылдын 20-майынан кийин келди (I том. 185-бет; IV том, 99-бет).
Демек. 13-май күнү менин кабинетимде жолугушуу болбогонун А.Модиндин бул көрсөтмөлөрү дагы бир жолу далилдеп турат.
Л.Маевский: “13-май күнү кечке маал саат 1800-1900дарда “Хаят” мейманканасынын ресторанында Ө.Текебаев, Д.Чотонов. Т.Маматкеримов, А.Модин болуп жолукканбыз. Ошол жолугушууда Ө.Текебаев менден 1 миллион доллар талап кылган” – деп көрсөтмө берген (I том, 105-бет; I том, 129-бет; I том, 180-бет; I том, 243-бет).
Л.Маевский атаган адамдардын бири да Л.Маевскийдин сөзүн тастыкташкан жок.
А.Модин: “Мен “Хаят” ресторанындагы сүйлөшүүгө катышкан жокмун, эмне сөз болгонун билбейм”, - деп көрсөтмө берген (I том, 249-бет; I том, 238-бет). А.Модин ал сөздөрдү кийин Л.Маевскийден укканын айткан.
Тергөөчүлөрдүн “жетекчилиги” менен А.Модин, Л.Маевский март айындагы көрсөтмөлөрүн өзгөртүшүп, 13-май күнү кечиндеги жолугушуу “Хаят” ресторанында эмес, “Супара” ресторанында болгон дей башташты. (III том, 232-бет; V том 79-бет). Бирок А.Модин “Супара” ресторанында да Ө.Текебаевдин Л.Маевсийден 1 миллион доллар сураганына күбө болгон жокмун. Мага Л.Маевский гана айткан деп көрсөтмө берген (III том, 232-бет).
13-майда мен кабинетимде гана эмес, “Хаят” ресторанында, же “Супара” ресторанында Л.Маевский менен жолуккан эмесмин. Аны көптөгөн күбөлөр, документтер тастыктап турат. Л.Маевскийден Ө.Текебаев акча талап кылганын көргөм, күбө болгом деп А.Модин да айткан эмес.
Л.Маевский Ө.Текебаев 2010-жылдын 10-11-июлунда Москвадагы менин офисимде менден 1 миллион доллар талап кылган деп көрсөтмө берген. Кийинчерээк 1-сентябрда деп көрсөтмөсүн өзгөрткөн.
Бул жөнүндө А.Модин: “700.000 долларды ким аркылуу, кантип, кимге бергенин билбейм. Ошол убакта Москвада болгом. Бирок жолугушууга катышкан эмесмин”, - деп айтып, эч нерсени жеке күбөлөндүргөн эмес (I том, 41-бет; I том, 47-бет; I том, 231-бет; III том, 233-бет).
1-сентябрда Л.Маевскийден акча талап кылганымды А.Модин да, жолугушууга катышкан бир да адам күбөлөндүргөн жок.
Айыптоо корутундусуда Генпрокуратура мындай дейт: “2010-жылдын 27-июлунда Л.Маевский Ө.Текебаевдин шартына макул болуп, Бишкекке спорт сумкасында 300.000 доллар алып келген. Ал акчаны “Хаят” отелинин номеринде Текебаев менен Чотоновго берип коюш үчүн А.Модинге берет”.
Бул боюнча А.Модин мындай дейт: “Л.Маевский кеткенден кийин эки жумадан кийин Т.Маматкеримов звонок кылып, акчаны алып кел деди. Мен анын офисине алып барып бердим” (I том, 46-бет; I том, 231-бет; I том, 239-бет; III том, 232-бет). Демек, А.Модин 300.000 доллар акчаны Т.Маматкеримовдун офисине алып барып жатат. Иштин материалдары боюнча А.Модин Т.Маматкеримов менен август айында эки күндө гана телефон менен сүйлөшүшкөн. 3-августта бир жолу байланыш болгон. Ал эми 31-августта 20 жолу сүйлөшкөн, анын 15ин А.Модин өзү звонок кылган. А.Модин Т.Маматкеримов эки жумадан кийин звонок кылган деп жатат. Т.Маматкеримов 10-15-авусттарда звонок кылыш керек эле. Демек, Т.Маматкеримовдун А.Модинге эки жумадан кийин звонок кылганы жалган.
А.Модин Т.Маматкеримовго 300.000 долларын барып бергени жалган.

А.МОДИН ЖОЛУГУШУУЛАР ЖӨНҮНДӨ

2017-жылдын 10-февралындагы суракта А.Модин мындай деген: “2010-жылдын жазында мен жана Л.Маевский “Ак үйгө” Текебаев менен жолукканы кирдик. Сүйлөшүү убагында (Д.Чотонов менен мен катышып отурганбыз) Л.Маевский Ө.Текебаевге “Мегакомду” сырткы башкарууга алуу жөнүндө өзүнүн сунушун айтты. Ө.Текебаев Л.Маевскийди угуп, өзүнүн кабинетине Ө.Абдырахмановду чакырды” (I том, 239-бет).
“Биринчи жоугушуудан кийин бир айдан кийин Л.Маевский Ө.Текебаев менен кайра жолукканы Бишкекке учуп келди. Жолугушуу “Супара” кафесинде болду. Л.Маевскийдин сөзү боюнча Ө.Текебаев 1 миллион доллар сураган. Бирок бул сөздөргө мен күбө болгон жокмун” (I том, 40-бет).
“Жолгушуунун алдында Л.Маевский сактап кой деп мага 300.000 доллар берди” (I том, 40-бет).
2017-жылдын 13-февралындагы суракта Модин мындай деген: Мен Л.Маевский менен Д.Чотонов, Т.Маматкеримовдун коштоосунда Ө.Текебаевдин кабинетине кирдик. Ал жалгыз эмес экен. Бир аздан кийин О.Абдырахманов кабинетке кирди” (I том, 45-бет).
“Түштүктөгү июнь окуяларынан кийин Л.Маевский Бишкекке кайра келди. Анын бул – экинчи келишинде жолугушуу “Супара” кафесинде болду. Жолугушуунун алдында, мени угуп бүтүп, сактап коюуга спорт сумкасындагы 300.000 доллар берди. Мен акчаны үйүмө алып барып койдум” (I том, 46-бет).
2017-жылдын 14-февралында А.Модин Ө.Текебаевдин кабинети деп тергөөчүлөргө А.Атамбаевдин кабинетин көргөзүп, ушул жерде биринчи жолугушуу болгон, ага Д.Чотонов, Ө.Абдырахманов, Ө.Текебаев, Т.Маматкеримов, А.Модин, Л.Маевский катышкан деп көрсөтмө берди (I том, 51-бет).

2017-жылдын 26-февралындагы Д.Чотонов менен А.Модин А.Модиндин беттештирүү протоколунан
А.Модин: “Майда Л.Маевский Бишкекке келди. Д.Чотонов, Т.Маматкеримов бизди Ө.Текебаевдин кабылдамасында күтүп туруптур. Төртөөбүз Ө.Текебаевдин кабинетине кирдик. Бир аздан кийин Ө.Абдырахманов кирди” (I том, 229-бет).
“Л.Маевскийдин кезектеги визити 2010-жылдын июль айынын аягында болду. Жолугушуу “Супара” ресторанында болду”. “Супара” ресторанына келердин алдында Л.Маевский мага сактап кой (на хранение) деп 300.000 доллар берди” (I том, 231-бет).
Л.Маевский 2010-жылдын август айында учуп келди. Ө.Текебаев менен жолукту, бирок жолугушууга мен катышкан жокмун (I том, 231-бет).
2010-жылдын сентябрь айынын аягында Л.Маевский Бишкекке кайра келди. Жолугушуу “Мимино” кафесинде болду (I том, 232-бет).
Л.Маевский Бишкекке акыркы жолу 2010-жылдын декабрында учуп келди. Жолугушуу болду. Бирок кандай шартта, кайсы жерде болгонун билбейм, анткени бул жолугушууда Л.Маевский менен болгон жокмун” (I том, 232-бет).
“Л.Маевский Бишкекке беш жолу келди. Бул май, июль, август, сентябрь, декабрь айларында болду. 2010-жылдын декабрь айында болгон Ө.Текебаев менен Л.Маевскийдин жолугушуусунда кимдер болду билбейм. Анткени мен өзүм болгон эмесмин” (I том, 234-бет).

2017-жылдын 26-февралындагы Ө.Текебаев менен А.Модиндин беттештирүү протоколунан
“Жолугушуу 2010-жылдын майында болду. Текебаев өзү кабинетинде кабыл алды. Сүйлөшүү учурунда кабинетке Ө.Абдырахманов чакырылды” (I том, 238-бет).
“Кийинки жолугушуу июлдун экинчи жарымында болду. “Супара” кафесинде. Л.Маевский эрте менен учуп келип, мага 300.000 долларды сактап кой (попросил подержать их у себя) деп берди” (I том, 239-бет).
Сентябрда “Мимино” кафесинде жолугушуу болду (I том, 239-бет).
2010-жылы декабрда Л.Маевский Бишкекке акыркы жолу учуп келди. Л.Маевскийдин сөзү боюнча “Ак үйдө” болуптур. Мен катышпагандыктан эмне жөнүндө сөз болгонун билбейм” (I том, 239-бет).
А.Модин 2017-жылдын 10-мартында тергөөчүлөрдүн сунушу менен көрсөтмөлөрүн өзгөрттү. “Май айында Л.Маевский Бишкекке учуп келди. Текебаевдин кабинетинде жолуктук. Кечке жакын “Супара” ресторанында жолуктук” (I том, 232-бет).
“Биринчи көрсөтмөлөрүндө Ө.Абдырахманов менен май айында жолукканбыз деп жаңылыптырмын. Чындыгында жолугушуу кышында, 2010-жылдын 20-декабрларында болгон” (III том, 231-бет).
“2010-жылы июль айында Ө.Текебаев менен Л.Маевский жолугушкан. Бирок кайсыл жерде жолугушуу болгонун айта албайм. Ошондой эле 2010-жылдын августундагы жолугушуу кайда болгонун айта албайм” (III том, 233-бет).
“2010-жылы июль айында Ө.Текебаев менен Л.Маевский жолугушкан. Бирок кайсы жерде жолугушуу болгонун айта албайм (III том, 233-бет).

Ошентип, А.Модин 2010-жылдын май айында менин кабинетимде болбогонун өзү көргөздү. Ошондой эле А.Модин июль, августтагы жолугушууларда болгон эмес экен, өзү көргөздү.
Декабрдагы жолугушууда болбогонун да өзү бир нече жолу айтты.
А.Модинди өзгөрткөн көрсөтмөлөрү чындыкка дал келбегенин иштин материалдары жана биздин күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү далилдеп турат.
А.Модин буларды жалган айткандан кийин калгандарын деле жалган айтып жатат.
А.Базаркулов А.Модин менен 2010-жылдын июнь айынын аягында Т.Маматкеримовдун офисинде атайын жолугуп, аны менен «Альфа Телеком» ЖАКнун иши боюнча сүйлөшкөм. Аны “Альфа Телеком” ЖАКна Гендиректор болот экен деп ойлоп, суроолорунун баарына жооп бергем”, - деп үч жолу көрсөтмө берген (V том, 186-бет; V том 188-бет; VII том, 94-бет).
2017-жылдын 14-апрелинде А.Модин: “Вефа центрдеги” Т.Маматкеримовдун офисиндеги жолугушуу эсимде жок. Андай жолугушуу болсо да, кокусунан болсо керек. Балким, А.Базаркуловду көргөн (мимолетно) эле болушум керек. Ошондуктан, эсимде жок деп көрсөтмө берип, А.Базаркуловдун сөзүн жокко чыгарды (VII том, 95-бет).

А.МОДИНДИН 2017-ЖЫЛДЫН 27-ИЮНУНДА БОЛГОН СОТТУК ЗАСЕДАНИЕДЕ БЕРГЕН КӨРСӨТМӨЛӨРҮ

А.Модиндин ага берилген суроолорго берген жооптору:

Суроо: Сиз 2017-жылдын 14-февралында тергөөчүлөргө жана күбөлөргө Ө.Текебаевдин кабинетин көргөздүӊүз. Ошол кабинетти өзүӊүз таптыӊызбы? Тергөөчүлөр көргөзгөн жокпу? Кайра көргөзүү керек болсо, ошол кабинетти кайра таап, көргөзө аласызбы?
Модин: Мага тергөөчүлөр көргөзгөн жок. Өзүм таптым. Кайра көргөзүш керек болсо, ошол кабинетти көргөзөм.

Суроо: Ал кабинет Текебаевдики эмес. Ал - Атамбаевдин кабинети, муну Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрү жана башка жетекчилер тастыктай алышат. Буга эмес дейсиз?
Жооп жок. А.Модин жооп бере алган жок.

Суроо: 300.000 долларды Л.Маевский сизге эмне деп берди эле?
Модин: Л.Маевский 300.000 долларды сактап кой, эмне кылышты мен кийин айтам деп берген.

Суроо: 300.000 долларды сиз Л.Маевскийден алып жатып санадыӊызбы?
Модин: Жок, санаган жокмун.

Суроо: Санабасаӊыз, 300.000 доллар бар эле деп так айта аласызбы?
Модин: Жок, айта албайм.

Суроо: 300.000 долларды алып жатып Т.Маматкеримов санадыбы?
Модин: Жок, санаган жок.

Суроо: 300.000 долларды Т.Маматкеримовго бергенден кийин акчанын тагдыры эмне болгонун билесизби?
Модин: Жок, билбейм.

Суроо: Т.Маматкеримов акчаны кимге, качан бергенин билесизби?
Модин: Жок, эч нерсе билбейм.

Суроо: 300.000 долларды Т.Маматкеримовго бергениӊизди ким тастыктай алат?
Модин: Эч ким тастыктабайт. Т.Маматкеримов акча берип жатканда жалгыз эле.

Суроо: Т.Маматкеримов сизге 300.000 долларды Текебаевге бердим деп айттыбы?
Модин: Жок, айткан жок.

Суроо: Т.Маматкеримов акчаны Д.Чотоновго бердим деп айттыбы?
Модин: Жок, айткан жок.

Суроо: Т.Маматкеримов акчаны Ш.Абдылдаевге бердим деп айттыбы?
Модин: Жок, айткан жок.

Суроо: Сиз Маевский менен Текебаев акча жөнүндө сүйлөшкөнүнө күбө болдуӊузбу?
Модин: Акча жөнүндө Маевскийдин сөзүнөн улам билем. Өзүм эч нерсе уккан эмесмин. Мен катышкан эмесмин.

Суроо: Сиз эмне үчүн акчаны Текебаев алды деп айтып жатасыз? Сизге антип ким айтты?
Модин: Мага Л.Маевский айтты. Ал мага жалган айтмак эмес.

Суроо: Сиз акчаны Текебаев алды деп далил келтире аласызбы?
Модин: Ө.Текебаев акча албаса, кийинки жолугушуулар болмок эмес.

Суроо: Р.Оӊолбеков: “А.Модин “Мегакомго” гендиректор болом деп Т.Маматкеримов аркылуу “Ата Мекен” партиясынын шайлоосуна 500.000 евро берди”, - деп айтты. Сиз буга эмне дейсиз?
Модин: Туура эмес. Мен “Мегакомго” гендиректор болом деп эч кимге акча берген эмесмин.

Суроо: Сизди “Мегакомго” гендиректор, зам.гедиректора же башка жетекчи кызматка коюу жөнүндө Т.Маматкеримов, А.Базаркулов менен сүйлөштүӊүз беле?
Модин: Жок, сүйлөшкөн эмесмин.

Суроо: Министр Ш.Абдылдаев сизге же сиздин өкүлүңүзгө сизди “Альфа Телеком” ЖАКнун гендиректорлугуна дайындоого жардам берем деп айтып, убада берди беле?
Модин: Жок.

Суроо: Сизди “Мегакомго” гендиректор, зам.гедиректора же башка жетекчи кызматка дайындоо жөнүндө 2010-жылдын 13-майындагы жолугушууда сөз болду беле? Сизге Ө.Текебаев же башка бирөө убада берди беле?
Модин: Жок, сүйлөшүүлөр болгон эмес. Эч ким убада берген эмес.

Суроо: Сизди “Мегакомдун” гендиректору, же башка жетекчи кызматка дайындоо жөнүндө 2010-жылдын июлундагы, августундагы, сентябрындагы, декабрындагы жолугушууларда сөз болду беле? Сизге кимдир-бирөө убада берди беле?
Модин: Жок, сөз болгон эмес. Эч ким убада берген эмес.

Суроо: Сиз А.Базаркулов менен атайын “Мегаком” боюнча сүйлөшүү үчүн жолуктуӊуз беле?
Модин: Жок, атайын жолуккан эмесмин. Жолугушуу Т.Маматкеримовдун офисинде кокусунан болгон. “Альфа Телеком” боюнча эч нерсе сүйлөшкөн жокпуз. Тем более о моем назначении. Базаркулов менен беттешкенде да эч нерсе деп сүйлөшкөн эмеспиз деп айткам.

Суроо: Т.Маматкеримов менен конкретно гендиректорлукту сүйлөштүӊүз беле?
Модин: Жок, конкреттүү должность жөнүндө сөз болгон эмес.

Ошентип, А.Модин айыптоо корутундусундагы:
1. “Т.Маматкеримов Ө.Текебаевдин тапшырмасы боюнча телефон аркылуу А.Модин менен байланышып, ага Л.Маевскийден алынган акча каражаттарын алып келүүсүн айткан”, - деген сөздөрдү жокко чыгарды. Ө.Текебаев Т.Маматкеримовго тапшырма берген эмес. Ө.Текебаев тапшырма берди деп А.Модин айткан жок. А.Модин акча Ө.Текебаевге, же Д.Чотоновго, же Ш.Абдылдаевге берилген деп да айта албады. А.Модин менден Т.Маматкеримов 300.000 доллар алды деп тастыктай турган күбөм же башка далилим жок деди.
2. Айыптоо корутундусунда: “Ө.Текебаев, Д.Чотонов, Ш.Абдылдаев, Т.Маматкеримов жана башка адамдардын, “Альфа Телеком” ЖАКнун гендиректорлук кызматына А.Модинди дайындоо милдеттенмесин алышкан”, - деген айыптоону да А.Модин жокко чыгарды. А.Модинге эч ким “Мегакомго” гендиректор кылабыз деп убада беришкен эмес., жада калса, сүйлөшүүлөр да болгон эмес.
3. Айыптоо корутундусунда мындай дейт: “Л.Маевский бир миллион АКШ доллар толук суммасындагы акча каражаттарын бергенден кийин, Ө.Текебаев жана Д.Чотонов, Т.Маматкеримов өздөрүнө алышкан милдеттерин аткара тургандыгы шексиз болуп, А.Модинге “Альфа Телеком” ЖАКнун башкаруусуна киргизгенге дал келген адистер командасын топтоосун тапшырды. А.Модин Л.Маевскийдин тапшырмасын аткарууда “Нур телеком” ЖЧКнун кызматчылары Д.Жуков, М.Сидоренко жана Р.Сагадиевге “Альфа Телеком” ЖАКна өтүүсүн сунуштаган жана макулдугун алган”.

10-февраль, 2017-жыл
А.Модин: «Моя последняя встреча с Л.Маевским была зимой в конце 2010 года в кафе «Мимино» г.Бишкек. Какую именно компанию хотел ввести в управлением «Мегакома» Л.Маевский мне неизвестно» (I том, 41-бет»).

25-февраль, 2017-жыл
А.Модин: «По результатам наших разговоров между Маевский Л.С. и мной по вопросу покупки акций компании «Альфа Телеком» мною был сделан вывод, что это осуществляется именно с целью дальнейшей продажи данной компании крупному стратегическому инвестору, но о данной идее лично мне Маевский Л.С. не говорил и в долго срочные планы в отношении указанной компании не посвящал. Поэтому ранее данные мною показания по данным обстоятельствам, исключительно основаны на моих предположениях» (I том, 144-бет»).

А.Модин 2010-жылдын 7-сентябрында “Нур телеком” ЖЧКнун аткаруучу директорлугунан кеткен (III том, 233-бет). Жумуштан кеткенден кийин А.Модин “Альфа Телеком” ЖАКна жумушка орношконго аракет кылат. Ал үчүн “Алтимо” компаниясынын өкүлү Андрей Зимницкийге кайрылат. Ал жардам берем деп убада берет (I том, 38-бет). Жумушка орношуу үчүн А.Модин 2010-жылдын 10-сентябрынан – 18-сентябрына чейин Москвада болот.

2017-жылдын 27-июнундагы соттук отурумда А.Модинге төмөндөгү суроолор берилди:

Суроо: Сиз Зимницкий Андрейге “Альфа Телекомго” жумушка орноштуруу өтүнүчү менен кайрылдыӊызбы?
А.Модин: 2010-жылы “Альфа Групп” (Россия) да “Мегакомго” кызыккан. Мен аны Шершнев аркылуу билип тургам. Мен Зимницкийге жакшы адистерден турган командам бар деп айткам.

Суроо: Зимницкий кантип сизди “Мегакомго” жетекчи кызматка коймок?
А.Модин: “Альфа Групптун” байланыштары кеӊири, аларда мүмкүнчүлүктөр бар болчу. Мен адистерден команда бар, “Альфа Телекомду” башкара алабыз деп сунуш кылдым. Зимницкий кырдаалды билем, маселени чечкенге аракет кылам деп убада берди.

Демек, А.Модин “Нур телекомдон” кеткен, жумушсуз калганда, Д.Жуков, М.Сидоренколор менен сүйлөшүп, команда түзгөнгө аракет кылган.

4. А.Модин тергөөдө да, сотто да Ө.Текебаев Л.Маевскийден акча сураганын, же акча жөнүндө сүйлөшкөнүн өзүм уккан жокмун, күбө болуп тастыктай албайм. Аны Л.Маевскийдин сөзүнөн улам гана билем деп тергөөнүн айыптоосун жокко чыгарды.

5. А.Модин 21-декабрда Ө.Текебаев менен жолугушууда болгонун далилдей алган жок. Ал, болгону, “Мени Ө.Абдырахманов тааныды го. Ошол жолугушуу болгонун тастыктайт да”, - деп гана айта алды. Ө.Абдырахманов 21-декабрда жолушууда болдум деп айта албайм деп, сотто мойнуна алды. Ө.Абдырахманов 2011-жылдын февралында болгон жолугушууну чаташтырып жатат. А.Модиндин, Л.Маевскийдин видеоинтервьюсу “Акипресс”, КТРК жана башка маалымат каражаттарынан таратылган, Ө.Абдырахманов ошолорду көргөнүн сотто мойнуна алды. Ошондон улам Ө.Абдырахманов А.Модин менен Л.Маевскийди “таанып” олтурат. Ө.Абдырахмановдун А.Модинди “тааныганы” 21-декабрда жолугушуу болгонун далилдебейт.

А.БАЗАРКУЛОВДУН КӨРСӨТМӨЛӨРҮ БОЮНЧА

Кылмыш кодексинин 303-статьясы коррупция жөнүндө. Коррупция кызматтык кылмыштарга кирет. Коррупциянын кызматтык кылмыш катары негизги белгиси мындай: Кызмат адамы өзүнүн компетенциясынын – бийлигинин чегинде кызматтын, мамлекеттин кызыкчылыгына каршы чечим кабыл алыш (аракет кылыш) керек. Ошол аракеттер айтылып жаткан конкреттүү кылмыш менен түздөн-түз байланышта болуш керек.
Ө.Текебаев 2010-жылы Убактылуу Өкмөттүн төрагасынын орун басары катары конституциялык реформаларды өткөрүү боюнча жоопкер болгон. Ал кааласа да, “Мегаком” боюнча чечим чыгарып, же бирөөгө буйрук, тапшырма бере алмак эмес. Д.Чотоновдун компетенциясы өзгөчө кырдаалдар менен байланышкан. Ө.Текебаев менен Д.Чотоновду коррупцияда айыпташ үчүн Мамлекеттик мүлк министри Ш.Абдылдавдин чечимдерин бурмалап, өзүн Ө.Текебаевдер менен байлаш керек эле. Ш.Абдылдаевди Текебаев менен байлаш үчүн негизги жана жападан жалгыз күбө - “Мегакомдун” азыркы Гендиректору (2012-жылдан бери Гендиректор) Азат Базаркулов. Аны бийлик пайдаланып жатат.
Прокуратура өзүнүн айыптоо корутундусунда Азат Базаркуловдун көрсөтмөлөрүнө таянат.
Азат Базаркулов: «Альфа Телеком» ЖАКнун гендиректору А.Силичти кызматтан алып, анын ордуна Маевскийдин адамдарын коюу максатында Ө.Текебаев, Д.Чотонов, Ш.Абдылдаев, А.Шыкмаматов, К.Байболов, Т.Маматкеримов болуп бир нече жолу жолугушкан. Мен ал жолугушууга Т.Маматкеримовдун чакыруусу менен баргам», - дейт (I том 16-17-бет).
Бул көрсөтмө толугу менен ойдон чыгарылган жана жалаа жабуу максатында берилген.
А.Базаркуловдон башка бир адам, же документ анын айткандарын тастыктаган жок. Тескерисинче, К.Байболов Т.Маматкеримовду, А.Базаркуловду тааныбагандыгын, А.Базаркулов айткан жолугушуулар болбогондугун, «Ата Мекен» партиясынын өкүлдөрү же Ө.Текебаев өзү «Альфа Телеком» ЖАКнун маселелери менен кайрылбаганын тастыктаган (II том 17-18-бет); (VI том, 34-37-бет); (VII том, 130-131-бет) К.Байболов А.Базаркуловдун көрсөтмөсүнө төмөндөгүдөй баа берген: Кара ниет жалаа, жалган. Мен ал жолугушууларда болгон эмесмин, А.Базаркуловдун айткандары чындыкка дал келбейт» (VII том, 131-бет).
А.Базаркуловдун көрсөтмөлөрүн Ш.Абдылдаев да жокко чыгарды. Ал, А.Силичти «Альфа Телеком» ЖАКнун гендиректорлугунан алып, анын ордуна А.Модинди коюу аракети жөнүндө эч нерсе укпаганын жана ушул маселе боюнча Ө.Текебаев, Д.Чотонов, А.Шыкмаматов жолукпаганын тастыктады (II том 211-212-бет).
А.Базаркулов айткан «Альфа Телеком» ЖАК боюнча жолугушуулар жөнүндө эч нерсе угушпаганын жана ал жолугушууда болушпаганын Ө.Текебаев (V том, 189-бет), Д.Чотонов (V том, 197-бет), А.Шыкмаматовдор (VII том, 109-бет) да тастыкташты.
2017-жылдын 4-июлундагы соттук отурумда А.Базаркулов 2010-жылы июндан баштап внешний управляющий К.Ишенбаевдин помощниги болгом деп көрсөтмө берди.
А.Базаркулов внешний управляющий Кутман Ишенбаевдин помощниги болгом деп бир нече жолу тергөөдө жалган айткан (I том, 15-бет; V том, 187-бет, V том, 195-бет).
Кутман Ишенбаев өзүнүн берген көрсөтмөсүндө Азат Базаркулов деген помощниги болгон эмес. Анткени помощник деген должность болгон эмес деп А.Базаркуловдун жалганчылыгын чыгарган (III том, 193-бет).
А.Базаркулов А.Модин менен болгон беттештирүү сурагында: «Мен көргөзүлгөн группа (Ө.Текебаев, Д.Чотонов, Ш.Абдылдаев, К.Байболов, Т.Маматкеримов) А.Силичти кызматынан алып, ордуна А.Модинди коебуз деп аракет кылганын тастыктайм. Анткени:
1. Мамлекеттик мүлк министрлиги бир-эки жолу акционерлердин жыйынын чакырып, бирок кворум болбой, жыйын өтпөй калган. Күн тартибинде А.Силичти алмаштыруу турган.
2. Т.Маматкеримов министр Ш.Абдылдаевге А.Модиндин резюмесин «Альфа Телеком» ЖАКнун гендиректорлугуна кандидат катары берген.
3. Т.Маматкеримов эмне үчүн «Альфа Телеком» ЖАКнун акционерлеринин жыйыны болбой калды жана «Альфа Телеком» ЖАКнун гендиректору А.Силичти кызматтан алуунун жолдорун көргөзүп бер деп суранган.
4. 2010-жылдын күзүндө Токтогул көчөсүндөгү кафеде К.Байболов, Ө.Текебаев, Д.Чотонов, Ш.Абдылдаев, Т.Маматкеримов болушуп, мен «Альфа Телеком» ЖАК боюнча берген маалыматымды угушуп, Генпрокуратура «Альфа Телекомдун» 51% акциясына арест коюп, добуш берүү укугунан ажыратып, ошондон улам Мамлекеттик мүлк министрлиги 49% акциясынын ээси катары 100% добушка ээ болуп кала турган токтом чыгарыш керектигин талкуулашкан.
Ушул жагдайлардан улам ошол топ А.Силичти кызматтан алып, ордуна А.Модинди коймок болушкан деген жыйынтыкка келдим» (VII том, 95-96-бет).
А.Базаркулов келтирген төрт жагдайдын акыркы үчөө таптакыр жалган, биринчиси бурмаланган.

2010-жылдын 20-майында «Альфа Телеком» ЖАКнун 49% акциясын улутташтыруу жөнүндө» Убактылуу Өкмөттүн №44 Декрети чыккан.
Ошол Декреттин 2-пунктунда: «Альфа Телеком» ЖАКнун 49% акциясы улутташтырылгандыгына байланыштуу, Мамлекеттик мүлк министрлиги:
- «Альфа Телеком» ЖАКнун акционерлеринин жалпы жыйынын өткөрүүнү демилгелесин;
- «Альфа Телеком» ЖАКнун жаңы уюштуруу документтерин бекитсин жана кайрадан каттоодон өткөзсүн;
- «Мегаком» мобилдүү байланышынын үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылсын;
- «Альфа Телеком» ЖАКнун 49% акциясын улутташтыруудан келип чыккан башка маселелерди чечсин, -
деп Мамлекеттик мүлк министрлигине тапшырма берилет (VI том, 97-бет).
Министрликтин акционерлердин жалпы жыйынын өткөрүү аракетинен кылмышты көрүү – бул кара санатайлык. Министрликтин бир да документинде А.Силичти алып, орудна же А.Модинди, же башка бирөөнү дайындоо жөнүндө эч нерсе жок. Министрликтин акционерлердин жалпы жыйынын чакыруу аракети мамлекеттин (акционер катары) кызыкчылыгын көздөгөн жана №44 Декретти аткаруу багытында (максатында) болгон.
Мамлекеттик мүлк министрлигинин статс-секретары Сүйөркул Бакиров мындай дейт:
«2010-жылдын сентябрь айына чейин стратегиялык, ошонун ичинде Убактылуу Өкмөттүн декреттери менен улутташтырылган ири объектилерди тескеп келгем. Ошолордун ичинде «Альфа Телеком» ЖАК да болгон. 2010-жылдын август айында премьер-министр А.Муралиевдин чечими менен «Улутташтырылган мүлктөрдү башкаруу фонду» түзүлүп, директирлигине Азамат Мурзалиев дайындалган».
««Акционердик коомдор жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, ар бир жылы 1-майга чейин бардык акционердик компаниялар жалпы жыйын өткөрүүсү зарыл. Жылдын жыйынтыгы боюнча кезексиз жыйындарды өткөрүү чектелген эмес. 1% акциянын ээси кезексиз жыйын өткөрүүнү, күн тартибиндеги маселени көргөзүп, талап кыла алат. 2010-жылдын май айындагы Декрети менен Убактылуу Өкмөт Мамлекеттик мүлк министрлигине «Альфа Телеком» ЖАКнун уюштуруу документтерине өзгөртүү киргизүүнү жана башка Декреттин талаптарын аткарууну жүктөгөн. Ал үчүн мамлекеттин 49% акциясын акцинерлердин реестринде каттаттык. «Альфа Телеком» ЖАКнун гендиректору А.Силич менен акционерлердин жыйынын өткөзүү боюнча кат алышып турдук».
«Мамлекеттин үлүшү бар компанияларда башкаруу коллегиялуу болуп, гендиректордун ишин мамлекеттин өкүлү көзөмөлдөп туруш керек деген сунуш киргиздик». Тергөөчүнүн: «Сизге Мамлекеттик мүлк министри Ш.Абдылдаев «Альфа Телеком» ЖАКнун маселелери боюнча кандай көрсөтмө берчү эле?» - деген суроосуна С.Бакиров: «Жумасына бир жолу министрдин кабинетинде жыйналып, Убактылуу Өкмөттүн декреттеринин аткарылышынын жүрүшү жөнүндө отчет берет элек. Ошолордун ичинде «Альфа Телеком» жөнүндө да. Ал башка көрсөтмө, буйруктарды берчү эмес», - деп жооп берген (VII том, 86-90-бет).
Мамлекеттик мүлк министрлигинин стратегиялык объектилерди приватташтыруу жана өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Черный Илья Анатольевич мындай деп көрсөтмө берген:
«Мен жетектеген бөлүмгө Убактылуу Өкмөттүн улутташтыруу жөнүндө декреттерин аткаруу жүктөлгөн. 2010-жылдын 20-майында кабыл алынган Убактылуу Өкмөттүн №44 Декретин аткаруу алкагында мамлекеттик органдар, юридикалык жактар, уюмдар жана башка учреждениелер менен «Альфа Телекомду» улутташтыруу боюнча кат алышып, суроо-талаптарды даярдап, жөнөтүп тургам. Убактылуу Өкмөттүн Декретине ылайык, Мамлекеттик мүлк министрлигине «Альфа Телеком» ЖАКнун акционерлердин жалпы жыйынын чакырууну демилгелөө, жаӊы уюштуруу документтерин бекитүү, кайра каттоо тапшырылган. Ошондуктан, «Альфа Телеком» ЖАКнун гендиректору А.Силичке да сунуш жөнөткөнбүз. Уставга ылайык гендиректор гана акционерлердин жалпы жыйынын чакыра алат эле. Жаӊы уюштуруу документтерин, Уставды бекитүү акционерлердин жалпы жыйынынын компетенциясына кирет. Ошондуктан мен гендиректор А.Силичтин атына Уставга өзгөртүү киргизүү, Директорлор Советин, компаниянын ревизорун шайлоо сунушун даярдадым. Мен даярдаган каттарга, сунуштарга, суроо-талаптарга статс-секретарь С.Бакиров кол койчу» (VII, 116-118-бет).
«Реестр-кармоочу ЖЧК «Региструм» акияларды кайра каттоодон баш тартты. Ал акциялар арестте же улутташтыруу акцияларды кайра каттоого негиз боло албайт ж.б. шылтоолорду айтты».
«Альфа Телеком» ЖАКнун гендиректору ким болуш керек экенин билбейм. Мен даярдап, министр Ш.Абдылдаев кол койгон №06/1-3390 кат «Альфа Телеком» ЖАКнун гендиректору А.Силичтин алмашуу мүмкүндүгүн караган (VII том, 116-118-бет).
2017-жылдын 5-июлундагы сот отурумунда күбө И.Черный өзүнүн тергөөдө берген көрсөтмөсүн кайталап, сөзүн мындай деп бүтүрдү: «2010-жылдын июль-сентябрь айларындагы Мамлекеттик мүлк министрлигинин «Альфа Телеком» ЖАКнун акционерлеринин жыйналышын чакыруу аракети №44 Декретти аткаруу багытында болгон жана акционер катары мамлекеттин кызыкчылыгын коргогон. Мен Декретти аткаруу үчүн аракет кылдым. Мага ким жетекчи болгонуна карабай, мен милдетимди аткарышым керек. Азыр да ошондой иш кылмакмын. «Альфа Телеком» ЖАКнун гендиректорлугуна талапкер министрликте каралган эмес», - деп А.Базаркуловдун, тергөөнүн жалааларын жокко чыгарды.
Ошентип, иштеги материалдардын, күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү жана документтер А.Базаркуловдун 1-жүйөсүн жокко чыгарат. А.Базаркуловдун Мамлекеттик мүлк министрлигинин акционерлердин жыйынын чакыруу аракети А.Модинди гендиректорлукка алып келүү ниетинин далили дегени - ойдон чыгарылган кара санатайлык.
А.Базаркуловдун 2-жүйөсү төмөндөгүдөй:
«Т.Маматкеримов министрдин кабинетинде Ш.Абдылдаевге А.Модиндин резюмесин берди. Бергенде да гендиректорлукка кандидант катары берди».
Ш.Абдылдаев муну жалган деди. А.Модин билбейм деди. Т.Маматкеримов тастыктаган жок. Бул чындыкка гана каршы болбостон, акыл-эске да сыйбайт. Т.Маматкеримов ким? Ш.Абдылдаевдин начальнигиби?
Азат Базаркулов өзүнүн көрсөтмөлөрүн шектүү өзгөртөт. Ал Ө.Текебаев, Д.Чотонов менен болгон беттештирүүдө мындай деген:
«2010-жылдын күзүндө кафеде Ө.Текебаев, К.Байболов, Ш.Абдылдаев, Д.Чотоновдор менен жолуккан. Ошондон 2-3- ай мурун Ш.Абдылдаев өзүнүн кабинетинде, Т.Маматкеримовдун көзүнчө мага А.Модиндин резюмесин берип, министрлик анын кандидатурасын гендиректорлукка карап жатат деген» (V том, 188-бет, 196-бет).
Бул 2017-жылдын 6-апрелинде болгон көрсөтмө.
А.Базаркулов 2017-жылдын 14-апрелинде А.Модин менен беттешүүсүндө көрсөтмөсүн өзгөртүп: «2010-жылдын июнь айында Т.Маматкеримов Модиндин резюмесин Ш.Абдылдаевге гендиректорлукка кандидатурасын карап көрүӊүз деп берген» - деп айта баштады. “В настоящее время, я могу твердо утверждать о том, что резюме Модина А.Н. было передано Абдылдаеву Ш.И. Маматкеримовым Т., но ни как не Абдылдаевым Ш.И. мне, как ранее много указывалось” - дейт (VII том, 95-бет).
2017-жылдын 4-июлундагы соттун отурумунда күбө А.Базаркулов: «Чынын айтсам, жети жыл өттү, так эсимде жок, Модиндин резюмесин ким кимге берди бүгүн так айта албайм» - деп дагы бир жолу көрсөтмөсүн өзгөрттү.
Азат Базаркулов 2017-жылдын 14-апрелинде А.Модин менен беттештирүү сурагында: “Мен “Мегакомдо” внешний управляющий болуп иштеп жаткам. 2010-жылдын июнь айында Т.Мамткеримов болуп Мамлекеттик мүлк министри Ш.Абдылдаевдин кабинетинде болдук. Т.Маматкеримов Ш.Абдылдаевге А.Модиндин резюмесин берип, “Альфа Телеком” ЖАКнун Гендиректолугуна А.Модиндин кандидатурасын карап көрүңүз деп суранды. Ошол эле күнү “Алтын кен” компаниясынын “Вефа центрдеги” А.Модинди чакырып, жолуктум. Тааныштым. А.Модин “Альфа Телеком” жөнүндө суроолорду берди. “Альфа Телекомдун” финансылык, өндүрүш абалы менен кызыкты”, - деп көрсөтмө берди (VII том, 94-бет). А.Модин дароо эле А.Базаркуловдун көрсөтмөсүн жокко чыгарган: “А.Базаркулов менен 2006-жылдан бери тааанышпыз. “Вефа центрдеги” жолугушуу эсимде жок. Болсо да, кокусунан жолугушуп калсак керек, аны көргөн гана болушум керек. Эч кандай сүйлөшүүлөр болушу мүмкүн эмес эле” (VII том, 94-95-бет). А.Базаркулов: “А.Модин менен 2010-жылдын июнь айынын аягында жолуккам”, - деп үч жолу көрсөтмө берген (V том, 186-бет; V том, 188-бет; VII том, 94-бет).
Бирок андай жолугушууну А.Модин болгон эмес деп айткандан сырткары, дагы башка себептерден улам болушу мүмкүн эмес.
Азат Базаркулов 2010-жылдын 21-июнунда внешний управляющий болуп дайындалат. Буйрук №58-п (VII том, 86-бет).
А.Модин 2010-жылдын 17-июнунда эрте менен саат 06-01де №SU180 “Бишкек-Москва” авиарейси менен учуп кетет. Кайра Бишкекке 2010-жылдын 14-июлунда №179\14 “Москва-Бишкек” авиарейси менен учуп келген (VII том, 70-бет).
Демек, А.Базаркулов айткан убакта А.Модин менен жолугуша алмак эмес.
А.Модин 2017-жылдын 27-28-июнундагы соттук отурумда А.Базаркулов менен “Мегаком” жөнүндө эч качан сүйлөшпөгөнүн дагы бир жолу тастыктады. А.Модиндин июнь айында Москвада жүргөнүн сот отурумунан угуп, А.Модинден кийин сотто көрсөтмө берген А.Базаркулов: “А.Модин менен 2010-жылдын август айынын аягында “Вефа центрден” жолуккам”, - деп көрсөтмөсүн өзгөрттү.
Бирок, дароо эле жалганчылыгы чыкты, анткени 2010-жылдын 12-августунда Мамлекеттик мүлк министри өзүнүн 2010-жылдын 21-июнундагы №58-п буйругун жокко чыгарган. А.Базаркулов 2010-жылдын 12-августунан кийин внешний управляющий болбой калган. А.Базаркулов айткан августтагы жолугушуу да болушу мүмкүн эмес эле.
А.Базаркуловдун 3-жүйөсү: Т.Маматкеримов А.Силичти кантип алмаштырабыз? Варианттарын бер деп сураган». Муну да Базаркуловдон башка эч ким тастыктабайт. Андай маалыматты уккан эмеспиз, Базаркулов менен жолуккан эмеспиз, - деп К.Байболов, Ш.Абдылдаев, Ө.Текебаев, Д.Чотонов, А.Шыкмаматовдор көрсөтмө беришкен.
А.Базаркуловдун 4-жүйөсүн К.Байболов, Ө.Текебаев, Д.Чотонов, Ш.Абдылдаевдер жана фактылар жокко чыгарышты.
А.Базаркулов: “Жогорку Кеңешке шайлоолор башталганга чейин 2010-жылы август айынын аягында же сентябрь айынын башында кафеде Ө.Текебаев, К.Байболов, Д.Чотонов, Ш.Абдылдаев, Т.Маматкеримов болуп жолукканбыз. Ал кезде мен (А.Базаркулов) внешний управляющий, К.Байболов Генпрокурор болчу. Биз “Мегаком” боюнча анын Гендиректору А.Силичти кызматтан алуу боюнча сүйлөштүк. Алар А.Силичти кызматтан алуу үчүн Генпрокурор К.Байболовдун бийлигин менин сунушум менен пайдаланмак болушкан”, - деп бир нече жолу көрсөтмө берген (V том, 188-189-бет; V том, 196-бет; VII том, 129-130-бет).
А.Базаркуловдун бул көрсөтмөсүнүн жалган экенин төмөнкү далилдер көргөзөт:
- Ал убакта А.Базаркулов внешний управляющий болбой калган;
- ал убакта К.Байболов Генпрокурор эмес эле. К.Байболов 2010-жылдын 13-сентябрында Генпрокурордун милдетин аткаруучу болуп дайындалган;
- Жолугушуу 13-сентябрдан кийин болушу мүмкүн эмес эле, анткени Жогорку Кеңешке шайлоолор 10-сентябрда башталып, Текебаев 10-сентябрда түштүк региондоруна шайлоочулар менен жолугушууларга жөнөп кеткен;
- К.Байболов, А.Шыкмаматов, Ш.Абдылдаев, Ө.Текебаев, Д.Чотоновдор А.Базаркулов жалган айтат, ал айткан жолугушуу болгон эмес деп тергөөдө да (II том, 17-18-бет; II том, 211-212-бет; V том, 189-бет; V том, 197-бет; VI том, 34-37-бет; VII том, 130-131-бет; VII том, 109-бет), сотто да көрсөтмө беришкен.
Эӊ негизгиси Генпрокуратура А.Базаркуловдун кеӊешин угуп, ал сунуш кылган токтомду кабыл алган эмс. А.Базаркулов, аны ээрчип тергөө менен Генпрокуратура мындай дейт: «2010-жылдын 5-октябрында «Альфа Телеком» ЖАКнун улутташтырылбаган 51% акциясына арест койду...» (VI том, 40-42-бет).
Чындыгында Генпрокуратура «Альфа Телекомдун» 100% акциясына жана мүлкүнө арест коет. 100% акцияга арест коюп, акционерлердин жыйын өткөрүү укугун жокко чыгарат. Ушунун өзү Генпрокуратура А.Базаркуловдун кеӊешин угуп, Мамлекеттик мүлк министрлигине 49% акция менен бардык маселелерди чече бере турган укук берди деген көрсөтмөсүн жокко чыгарат.
«Альфа Телекомдун» 49% акциясына толук ээлик кылуу укугунан ажыраган Мамлекеттик мүлк министрлиги түшүндүрмө сурап, Генпрокуратурага бир нече жолу кат жолдойт.
Генпрокуратура Улутташтырылган мүлктү башкаруу фондунун директору А.Мурзалиевге соттук териштирүү бүткөнчө, акционерлердин жыйыны өтүшү мүмкүн эмес деп жооп берет. Бул А.Силичтин пайдасына чечим эле. Эми эч ким, мамлекет да «жыйын өткөр, отчет бер» деп А.Силичтен талап кыла албай калды. Устав боюнча А.Силич гендиректор болуп кала бермек. 2009-жылы А.Силич бир жылга гендиректор болуп шайланган. Бул «пат ситуациясын» жаӊы шайланган Жогорку Кеӊеш чечет. Жогорку Кеӊеш 2010-жылдын 29-декабрында №80-V токтомун кабыл алып, убактылуу депутаттык комиссия түзөт. Ал токтомдун 3-пуктунда: «Көрсөтүлгөн маселе биротоло чечилгенге чейинки мезгилге Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн өкүлүн «Альфа Телеком» ЖАКнун жетекчиси (убактылуу башкаруучусу) кылып дайындоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө тапшырылсын», - деп Өкмөткө тапшырма берилет (VI том, 79-80-бет).
Генпрокуратура А.Силичке каршы эмес, тескерисинче анын пайдасына иштегени көрүнүп турат. А.Базаркуловдун 4-жүйөсү да суу кечпегени көрүнүп турат.
Генералдык прокурордун милдетин аткаруучу (2010-жылы) К.Байболов Генпрокуратуранын 2010-жылдын 5-октябрындагы токтому жөнүндө мындай дейт: «Ал токтом кабыл алынган жагдай жөнүндө эч нерсе айта албайм, анткени ал маселе боюнча билген эмесмин. Бул маселе боюнча эч кимге буйрук (көрсөтмө) берген эмесмин, анткени бул маселе менин алдымда турган эмес».
«Мен «Мегаком» маселесине аралашкан эмесмин. Мен негизинен 2010-жылдын 7-апрель окуяларына байланышкан кылмыш иштери менен алектенгем». «Мага белгилүү болгондой, Генпрокуратура А.Силич тарапта болгон...» (VI том, 34-37-бет).

А.Базаркуловдун 2017-жылдын 4-июлунда сотто берген көрсөтмөлөрүнөн
А.Базаркулов:
«Август айында Т.Маматкеримов Мамлекеттик мүлк министрине барып жолугалы деди. Ш.Абдылдаев акционерлердин жыйналышын чакырып, гендиректорду алмаштыралы деди. Мага А.Модиндин резюмесин Т.Маматкеримов же Ш.Абдылдаев бергени эсимде жок. Бирөө резюмесин берди. Мен алдым. Менин колуман эмне келмек, акционерлер чечет да».
«Чынын айтсам, эсимде жок. А.Модиндин резюмесин министр берди, же Талант берди».
«2010-жылы жайында (чынында 2012-жылдын жайында – Ө.Текебаев) Абдырахманов массалык маалымдоо каражаттарынан интервью берип, «Ата Мекен» партиясына, Ө.Текебаевге орустар бир миллион доллар беришкен деп айткан. Мен Т.Маматкеримовдон: «Ушул чынбы?» - десем, «Чын» - деген. Фамилияларды айткан-айтпаганы эсимде жок».

Суроо: Сиздин Силичке биринчи зам. болушуӊузга Маматкеримов жардам бердиби?
А.Базаркулов: Жок, жардам берген жок.

Суроо: Жардам берген жок – дедиӊиз, “Айыптоо корутундусунда” Маматкеримовдун жардамы менен биринчи зам. Болду деп жазылып турат. Демек, Сиздин биринчи зам. болгонуӊузга Маматкеримовдун эч кандай жардамы болбоптур да?
А.Базаркулов прокуратуранын кызматкерлерин кайра-кайра карап: “Жок, жардам берди, эми неофициально” – деп, дароо көрсөтмөсүн өзгөртө койду. Ушунун өзү А.Базаркулов тергөөчүлөрдүн жана прокуратуранын айткандары менен көрсөтмө берип жүргөнүн далилдейт.

Суроо: Акционерлердин жыйналышы жыл сайын болуш керекпи?
А.Базаркулов: Албетте.
Суроо: Мамлекеттин кызыкчылыгындабы?
А.Базаркулов: Туура, туура.

Суроо: “Альфа Телеком” ЖАКнун гендиректордук кызматына А.Модинди кайсы акционер көргөздү? Ушундай документ барбы?
А.Базаркулов: Андай документти көргөн жокмун.
Суроо: Демек, Модиндин кандидатурасын мамлекет же “Пенвел” жылдырган жок деп айтасыз да, туурабы?
А.Базаркулов: Мен андай кагазды көргөн эмесмин деп айтып атам. Бар болгонбу, бар болгон эмеспи – мен айта албайм. Мен андай кагазды көргөн эмесмин деп айтып жатам.

Суроо: Жолугуштум деп жатасыз, ушуну сизден башка бир адам тастыктайбы? Барбы документ, видео, аудио запись же күбө?
А.Базаркулов: Жок, силер менен жолуккам, силер эле тастыктай аласыӊар. У меня никакой ...
Суроо: Бир адам барбы ушулардан башка?
А.Базаркулов: Жок, конечно. Нет других людей, что я могу сказать.
Суроо: Башка далил, башка күбө жок дедиӊиз. Биз сизди туура түшүндүкпү?
А.Базаркулов: Туура түшүндүӊөр.

Суроо: Сиз тергөөдө Ө.Текебаев, Д.Чотонов, А.Шыкмаматов, К.Байболов, Ш.Абдылдаевдер менен жолуктуӊузбу?
А.Базаркулов: Туура, жолуктум.
Суроо: Алар сиздин көрсөтмөлөрүӊүздү туура дештиби, же туура эмес дештиби?
А.Базаркулов: Жок, болгон эмес дешти. Туура.
Суроо: Анда башка тастыктай турган далил сизде жок да?
А.Базаркулов: Жок, туура.

Суроо: Сиз айтып отурасыз, Маматкеримов айтты, орус бизнесмендери “Ата Мекен” партиясына бир миллион доллар акча берген деп. Сиздин ушул сөздөрүӊүздү сизден башка ким тастыктайт? Маматкеримовдун айтканын, же айтпаганын?..
А.Базаркулов: Эч ким тастыктай албайт.
Суроо: Акчаны Текебаев алды деп Т.Маматкеримовдун айтканын ким тастыктайт? Сиз тастыктай аласызбы?
А.Базаркулов: Жок, тастыктай албайм, мен көргөн эмесмин, мен тастыктай албайм.

Ошентип, соттук териштирүүдө:
1. А.Базаркулов Ө.Текебаев, К.Байболов, Д.Чотонов, Ш.Абдылдаев, Т.Маматкеримов, А.Шыкмаматовдор менен жолукканынын далилдери жок деп мойнуна алды.
Демек, А.Базаркулов тергөөдө айткан жолугушуулар болгон эмес.

2. А.Базаркулов А.Модинди “Альфа Телеком” ЖАКнун гендиректор кызматына акционерлер тарабынан көрсөтүлгөн жок деп мойнуна алды. Сотто А.Модин да ага эч ким гендиректор болосуӊ деп убада берген эмес, сөз да болгон эмес деп айткан.
Демек, Ө.Текебаев, Д.Чотонов, Ш.Абдылдаевдер А.Модинди “Альфа Телеком” ЖАКна гендиректор кылабыз деп аракет кылышпаганы далилденди.

3. А.Базаркулов 2012-жылы Ө.Абдырахмановдун массалык маалымат каражаттарында берген интервьюсунан “Ата Мекен” орустардан бир миллион доллар алган деп окугам, уккам деди. Т.Маматкеримовдун бул жөнүндө айткан сөздөрүн далилдей албайм деп мойнуна алды.
Демек, А.Базаркуловдун бир миллион доллар жөнүндө айткандары - имиш сөздөр, ушак жана далил күчүнө ээ эмес.

Р.ОӉОЛБЕКОВДУН КӨРСӨТМӨЛӨРҮ БОЮНЧА

Суроо: 1 млн доллар жөнүндө эмне билесиз?
Жооп: 1 млн жөнүндө эч нерсе билбейм. Абдырахмановдун ММК айтканын уккам.
Жооп: Мен башынан эле айткам, мен млн долларды уккан эмесмин. 300 миӊ долларды да уккан эмесмин. 500.000 евро жөнүндө уккам. Бирок кимге, Текебаевге, Чотоновго же башка бирөөгө берилдиби билбейм.

Суроо: 300.000 доллар жөнүндө уктуӊуз беле?
Жооп: Жок, уккан эмесмин.

Суроо: Т.Маматкеримов 300.000 долларды Текебаев, Чотонов же Абдылдаевге бердим деп айтты беле?
Жооп: Жок, айткан эмес.

Суроо: А.Модин «Альфа Телекомдун» гендиректору болом деп кантип айтсын. Ага ким убада бериши мүмкүн?
Жооп: Мен дагы бир жолу айтам. Т.Маматкеримовдун сөзүнөн айтып жатам, директорбу, гендиректорбу - азыр айта албайм.

Суроо: А.Модин менен мамилеӊиз жакшы экен. Эмне үчүн А.Модин «Мегакомго» директор болом деп сизге айткан жок?
Жооп: Эмне үчүн экенин айта албайм.

Р.Оӊолбеков: «1 млн доллар, 300.000 доллар жөнүндө эч нерсе укпаганын бир нече жолу тастыктады. 500.000 евро акчаны А.Модин Т.Маматкеримовго берген, ал «Ата Мекен» партиясынын шайлоо кампаниясына берген деп, Т.Маматкеримовдон уккам. Акчаны кимге бергенин билбейм. Текебаевге берилген жок, Чотоновго берилген жок, Абдылдаевге берилген жок», - деп тастыктады. А.Модин «Мегакомго» директор же зам.директора болом деп өз Р.Оӊолбековго айткан эмес. Аны да Т.Маматкеримовдон уккам дейт. Т.Маматкеримовдун айтканын тастыктай турган башка адам жок.
Р.Оӊолбеков сотто А.Модин: ««Мегакомго» гендиректор болом дегенин баары эле уккан», - дейт. Кимдер укканын айта албайт.
А.Модиндин жакын адамдары Д.Жуков (VI том, 25-бет), М.Сидоренко (VI том, 29-бет): «А.Модин «Мегакомго» кандай кызматка барам дегенин билбейбиз, анткени ал эч нерсе айткан эмес», - дешип Р.Оӊолбековдун жалганын чыгарышты.

Ж.ТАШМАТОВАНЫН КӨРСӨТМӨЛӨРҮ БОЮНЧА

Т.Маматкеримов 2010-жылдын жай айларында «Супара» ресторанында Россия бизнесмендери менен Ө.Текебаевдин жолугушуусун уюштурган. Таланттын сөзү боюнча эӊ биринчи жолугушуу болгон.

Суроо: Сиздин күйөөӊүз Текебаев, Чотоновдор менен Россия компанияларынан акча алды деп уктуӊуз беле?
Жооп: Жок, андай нерсени айткан эмес.

Ж.Ташматова «Супарадагы» жолугушуу жай айында болгон деп, Л.Маевскийдин айтканын жокко чыгарды.
Ж.Ташматова күйөөсү – Т.Маматкеримов өзү орустардан акча албаганын, Ө.Текебаев, Д.Чотонов орустардан акча алды деп укпаганын айтып, А.Базаркуловдун: «Т.Маматкеримовдун орустар менен проблемасы бар. Орустар Т.Маматкеримовдон акчаны кайтар деп талап кылып жатышат» - дегенин жокко чыгарды. Чын эле, Т.Маматкеримов ошондой проблемасын аялына айтат беле, же А.Базаркуловго айтат беле?

КОРУТУНДУ

Кыргыз Республикасынын Генералдык прокурорунун орун басары Б.Казаков 2017-жылдын 19-майында бекиткен мага каршы айыптоо корутундусу божомол, жоромол, жалаалардын негизинде түзүлгөн.

1. Айыптоо корутундусунда:
“Мындан тышкары, өзүнүн авторитетин жана бийлик ыйгарым укуктарын пайдалануу жолу менен, өзүнүн жакын адамдарын мамлекеттик органдардын жетектөөчү кызматтарына дайындоого чара көргөн”, - деп божомол, жоромол токулат.
“Тактап айтканда, Ө.Ч.Текебаевдин саясий авторитетинин таасиринен, Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 7-апрелиндеги №6 буйругу менен Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин кызматына Б.Э.Шерниязов дайындалган, Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 8-апрелиндеги №16 буйругу менен Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министринин милдетин аткаруучу болуп Д.Т.Чотонов дайындалган, Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 12-апрелиндеги №35 буйругу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Мамлекеттик каттоо кызматынын директорунун милдетин аткаруучу болуп А.Н.Шыкмаматов дайындалган, Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 14-апрелиндеги №54 буйругу менен Кыргыз Республикасынын Юстиция министринин милдетин аткаруучу болуп А.Ж.Салянова дайындалган, Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 23-апрелиндеги №164 буйругу менен Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министринин милдетин аткаруучу болуп Ш.И.Абдылдаев дайындалган”.
Кайсы бийлик ыйгарым укуктарымды кантип пайдаланып, кандай чараларды көрүп, кимдерди кайсы кызматка койдум? Бул жөнүндө иштин материалдарында бир документ, же күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү жок.
Тескерисинче, сотко келип көрсөтмө беришкен Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрү (Р.Отунбаева, А.Бекназаров, Т.Сариев, Э.Ибраимова, Э.Каптагаев, Б.Шер, К.Дүйшөбаев, И.Исаков А.Эркебаев, Ө.Ч.Текебаев, Д.Т.Чотонов) Ө.Ч.Текебаевдин бийлик ыйгарым укуктары конституциялык реформа жүргүзүүнү камсыз кылуу; юстиция министрлигинин ишин координациялоо эле болгонун баса белгилешти.
Р.Отунбаева, Э.Каптагаев, Ө.Ч.Текебаев жана башкалар Убактылуу Өкмөт Элдик Курултай шайлаган Аткаруу Комитетинин негизинде түзүлгөнүн, сырттан А.Эркебаев менен Э.Ибраимовалар эле киргизилгенин билдиришти. Б.Шер менен Д.Т.Чотонов Аткаруу Комитетинин мүчөлөрү катары Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрү болушкан. Буга алардын өз укуктары бар эле.
Сотто Б.Шер: “Ш.И.Абдылдаевди А.Атамбаевге мен алып киргем, Мамлекттик мүлк министри кызматын А.Атамбаев сунуш кылган”, - деп көрсөттү.
А.Бекназаров: “Д.Т.Чотоновдун Өзгөчө кырдаалдар министрлигине А.Атамбаевге мен сунуш кылгам, Д.Чотоновго А.Атамбаев өзү сунуш кылган” - деди.
А.Бекназаров: “Мамлекеттик каттоо кызматынын директорунун кызматына А.Шыкмаматовду мен сунуштагам, А.Атамбаев макул болгон”, - деп да көрсөтмө берген. Ошентип, бул доомат негизсиз жана ойдон чыгарылганы далилденди.

2. Айыптоо корутундусунда:
“Жогоруда көрсөтүлгөн Кыргыз Республикасынын негизги мамлекеттик органдарынын биринчи жетекчилерин жайгаштыруусу Ө.Ч.Текебаевге өзү жана анын таасири менен дайындалган адамдар аркылуу ар түрдүү өзүнө керектүү мамлекеттик маанидеги чечимдерди кабыл алууга мүмкүнчүлүк берди”, - деп жоромол жасашат. Тергөө, мага, жеке өзүмө керектүү кандай чечимдерди кабыл алдырттым, көргөзө албайт.

3. Айыптоо корутундусунан:
“Мындан тышкары, Ө.Ч.Текебаев бийлик ыйгарым укугуна ээ болуп, пайда табуу ниетинде жана өзүнүн кызматтык абалын кызматтын кызыкчылыктарына каршы пайдаланып, башка кызмат адамдары менен, тактап айтканда Д.Т.Чотонов, Ш.И.Абдылдаев, Т.К.Маматкеримов жана башка адамдар менен туруктуу укукка каршы байланыш түзүп, айрым коммерциялык түзүлүштөрдөн “Альфа Телеком” ЖАКнун (“Мегаком” соода маркасы) сатуу маселеси каралган учурда, өзгөчө ири өлчөмдө акча каражат түрүндөгү материалдык дөөлөттөрдү мыйзамсыз алууга багытталган активдүү аракеттерди жасаган”.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун 2016-жылдын 25-мартындагы Пленумунда кабыл алынган №7 токтомдо “өзүнүн кызмат абалын кызматтын кызыкчылыктарына каршы пайдалануу жөнүндө мындай деп айтылган: “Жеке же башка кызыкчылыктан улам, кызмат адамы өз компетенциясынын (ыйгарым укуктарынын) чегинде зарылдык жана негиз болбосо деле чечим кабыл алса, (же башка аракет кылса) ал чечим же аракет кызматтын (мамлекеттин) кызыкчылыгына объективдүү каршы келсе...”
Убактылуу Өкмөттүн төрагасынын орун басары катары мен компетенцияма (бийлик ыйгарым укуктарыма): конституциялык реформаны өткөрүүнү камсыздоо; юстиция министрлигинин ишин координациялоо - гана кирген.
Менин өз компетенциямдын чегинде алган кайсы чечимим, же кылган аракетим кызматтын (мамлекеттин) кызыкчылыгына каршы келет? Генпрокуратура бир чечим, бир аракет жөнүндө факт келтирип айта албайт.
Убактылуу Өкмөт үч айдын ичинде, татаал кырдаалда конституциялык реформаны ийгиликтүү өткөрүп, өлкөнү саясий кризистен чыгарганына Кыргызстанда эле эмес, эл аралык коомчулукта да жогору баа берилген.
Мен каалаган убакта да, “Мегаком” боюнча өз компетенциямдын чегинде чечим чыгарып, же көрсөтмө, тапшырма бере алмак эмесмин. Ушунун өзү эле Генпрокуратура кара ниет, кара санатайлык менен жок фактыларды айыптоо корутундусуна жазып, жалаа жаап жатканын далилдейт.

4. Айыптоо корутундусунан:
“2010-жылдын 13-майында Л.С.Маевский “Альфа Телеком” ЖАКнун акцияларын сатып алуу жөнүндөгү жолугушуу жана сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн Бишкек шаарына келген. Ошол эле күнү Л.С.Маевский А.Н.Модиндин жардамы менен Бишкек шаарынын Тыныстанов көчөсүндөгү “4 сезона” ресторанында Д.Т.Чотонов жана Т.К.Маматкеримов менен таанышып, аларга “Альфа Телеком” ЖАКнун акцияларын сатып алуу ниеттерин жана телекоммуникация тармагындагы бизнести өнүктүрүү проекттеринде тажрыйбасы бар экендигин билдирген.
Андан кийин Д.Т.Чотоновдун чакыруусу боюнча Л.С.Маевский, А.Н.Модин жана Т.К.Маматкеримов Бишкек шаарынын Абдумомунов көчөсүндөгү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин имартына келишип, ал жердеги кызматтык кабинетте Ө.Ч.Текебаев менен жолугушууда ал өзүн өзгөчө ыйгарым укуктуу жогорку кызмат адамы катары тааныштырып жана мамлекеттик ишканаларды менчиктештирүү маселелерин чечүүгө укуктуу экенин айтып, Л.С.Маевскийге “Альфа Телеком” ЖАКнун акцияларын сатып алуусун сунуштаган. Л.С.Маевский болсо өзүнүн телекоммуникация тармагындагы бизнести өнүктүрүү боюнча мүмкүнчүлүктөрү жана тажрыйбалары жөнүндө айтып берди.
Ошол эле күндүн экинчи бөлүгүндө Ө.Ч.Текебаев жана Д.Т.Чотоновдун демилгеси менен Л.С.Маевскийдин көрсөтүлгөн адамдар менен Т.К.Маматкеримов жана А.Н.Модин менен жолугушуусу улантылды. Аламүдүн районунун “Супара” ресторанында өткөн жолугушууда Ө.Ч.Текебаев “Альфа Телеком” ЖАКнун аудит жана экономикалык-техникалык баа берүү үчүн, компаниянын башкаруусуна Л.С.Маевскийдин өкүлдөрүн киргизүүсүн сунуштаган. Ө.Ч.Текебаев “Альфа Телеком” ЖАКнун башкаруусуна Л.С.Маевскийдин өкүлдөрүн киргизүүгө жардам көрсөтүү үчүн, Л.С.Маевскийден бир миллион АКШ долларын талап кылып, бул маселенин чечилишине таасир кылган эң негизги жана сөзсүз аткарыла турган шарттын бири жана кийинки кызматташтын негизи деп көрсөткөн. Коюлган шарттар канааттандырылган учурда, Ө.Ч.Текебаев “Альфа Телеком” ЖАКнун акциялар пакетин Л.С.Маевскийге сатып алууга көмөк көрсөтүүсүнө милдеттенме берген. Бирок Л.С.Маевский, өзү үчүн Ө.Ч.Текебаев тарабынан коюлган шарттар боюнча толук чечим кабыл албай туруп, кийинки кызматташтын перспективаларын аныктоо үчүн Москва шаарына чыгып кеткен”.
Генпрокуратуранын бул дооматы да чындыкка дал келбегендигин сотто Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрү: Р.Отунбаева, А.Бекназаров, Т.Сариев, Э.Ибраимова, Б.Шер, К.Дүйшөбаев, А.Эркебаев, И.Исаков, Э.Каптагаев, Ө.Ч.Текебаев, Д.Т.Чотоновдор, күбөлөр: Ж.Сапарбаев, К.Боронбаев, Н.Абдырахманов, А.Салянова, Д.Нарымбаев, А.Сукенов, Э.Алымкуловдор Убактылуу Өкмөттүн 13-май күнү өткөн чукул отурумунун протоколу, кабыл алынган декреттер жана башка чечимдер, Конституциялык Кеңешменин жыйынынын протоколу, стенограммасы, видеозаписи, массалык маалымат каражаттарындагы материалдар далилдеди.

5. Айыптоо корутундусунан:
“Андан ары, 2010-жылдын 21-июнунда Т.К.Маматкеримовдун колдоосу менен Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлигинин №58-п буйругу менен “Альфа Телеком” ЖАКнун тышкы башкаруучусу болуп А.Т.Базаркулов дайындалган.
А.Т.Базаркулов тышкы башкаруучунун кызматына дайындалгандан кийин, Бишкек шаарынын Токтогул көчөсүндөгү кафеге Т.К.Маматкеримов тарабынан чакырылып, аталган жерде Ө.Ч.Текебаев, Ш.И.Абдылдаев, А.Н.Шыкмаматов жана Т.К.Маматкеримовдун катышуусунда өткөн жолугушууда, аны “Альфа Телеком” ЖАКнун ишмердүүлүгү боюнча аталган адамдар сурашкан”.
А.Базаркулов тергөөдө жана сотто: “Эч кимдин колдоосу жок, эч кимге акча бербей эле, конкурстан өз күчүм менен өтүп, тышкы башкаруучу болуп дайындалгам”, - деп айткан. Т.К.Маматкеримовдун колдоосу менен деп, Генпрокуратура Т.К.Маматкеримовду маселе чече алган таасирдүү адам катары көргөзгүсү келип, чындыкка дал келбесе деле, “колдоосу менен” деген сөздөрдү кошуп койгон.
2010-жылдын июнь айында Токтогул көчөсүндөгү кафеден жана башка жерлерден да А.Базаркулов менен жолуккан эмеспиз деп Ө.Текебаев, Ш.Абдылдаев, А.Шыкмаматовдор тергөөдө да, сотто да көрсөтмө беришкен. Ал “жолугушууну” А.Базаркулов эч нерсе менен тастыктай алган жок. А.Базаркулов өз көрсөтмөлөрүн өзгөртүп, карама-каршы ойлорду көп айткан. Ошондуктан, анын көрсөтмөлөрү “заказ” менен болуп жатат дегенге толук негиз бар.

6. Айыптоо корутундусунан:
“Л.С.Маевский 2010-жылдын 27-июлунда Ө.Ч.Текебаев койгон бир миллион АКШ долларын берүү шартына макул болуп, өзү үчүн толук чечим кабыл алгандан кийин, Ө.Ч.Текебаев белгилеген акча каражат суммасынын алдын-ала төлөмү катары спорттук баштыкка 300 (үч жүз) миң АКШ долларын салып Бишкек шаарына келген, андан кийин Бишкек шаарындагы “Хаятт” мейманканасынын номеринде, Ө.Ч.Текебаев жана Д.Т.Чотоновго өткөрүп берүү үчүн, А.Н.Модинге алып келген акчаны карматты.
Ошол эл күнү Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министри Ш.И.Абдылдаев, Ө.Ч.Текебаев түзгөн кылмыштуу топтун кызыкчылыктарын көздөп, өзүнө алган милдеттенмелерди аткаруу жолунда, “Альфа Телеком” ЖАКнун директору А.Г.Силичке, “Альфа Телеком” ЖАКнун акция ээлеринин кезектен тышкары жалпы чогулушунун чакыруусун жана чогулуштун күн тартибине Коомдун Уставына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүсүн, Коомдун төрагасын жана директорлор кеңешинин мүчөлөрүнүн тандоосун жана ревизорду тандоосун сунуштап, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлигинен №06/1-2631 сандуу каттын жөнөтүлүшүн демилгесин көтөргөн”.
Биринчиден, 300.000 доллар Россиянын чек арасынан сыртка өткөнбү? Тастыктаган документ жок. 300.000 доллар Кыргызстандын чек арасына өткөнбү? Тастыктоочу документ жок. Экинчиден, ал акчаны ким алып келди? Генпрокуратура Л.С.Маевский алып келди дейт. Сотто көрсөтмө берип жатып, Л.С.Маевский прокурордун, Ө.Ч.Текебаевдин, адвокат М.Эшперовдун суроолоруна жооп берип жатып, үч жолу 300.000 долларды Россиядан Кыргызстанга С.Кутуков алып келди деп баса көрсөткөн. Бирок С.Кутуков тергөөдө берген көрсөтмөсүндө: “Мен акча жөнүндө эч нерсе билбейм”- деген.
С.Кутуков Кыгызстанга 12-майда учуп келип, 14-майда кайра учуп кеткен. С.Кутуковдун Кыргызстанга башка учуп келбегенин иштин материалдарындагы пассажирдик манифесттер далилдеп турат. С.Кутуков өзү да Кыргызстанга бир эле жолу келгем деп көрсөтмө берген.
Ошентип, 300.000 доллар болгонбу, болсо, Кыргызстанга келгенби? 300.000 доллардын болгону, анын Кыргызстанга келгени жөнүндө далил жок. Болгону, Л.С.Маевскийдин карама-каршы, өзүн-өзү жокко чыгарган, чындыкка дал келбеген көрсөтмөлөрү бар.
Экинчиден, Мамлекеттик мүлк министрлигинин №06/1-2631 катын И.Черный даярдаган, статс-катчы С.Бакиров кол койгон, Ш.Абдылдаев кол койгон эмес. Бул жерде да Генпрокуратура жалган факт түзүп жатат. Кат эмне үчүн 27-июлда жөнөтүлгөндүгүн С.Бакиров, И.Черный тергөөдө, сотто түшүндүрүп беришкен.
Мамлекеттик мүлк министрлигинин “Альфа Телеком” ЖАКнун акционерлеринин жыйналышын чакыруу демилгеси №44 Декретти аткаруу максатында жана мамлекеттин кызыкчылыгын коргоо үчүн болгон деп, сотто И.Черный, С.Бакиров, Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрү: Р.Отунбаева, А.Бекназаров, Т.Сариев, Э.Ибраимова, Э.Каптагаев, Ө.Текебаев, Д.Чотонов жана башкалар көрсөтмө беришти. Мамлекеттик мүлк министрлигинин ушул катынан кылмыш көрүү, аны Ө.Текебаев менен байланыштыруу аракети УКМК менен Генпрокуратура “саясий заказ” аткарып, ишти фальсификация кылып жатканын дагы бир жолу далилдейт.

7. Айыптоо корутундусунан:
“2010-жылдын август айынын башында Т.К.Маматкеримов кылмыштуу топтун кызыкчылыктарына аракет жасап, Ө.Ч.Текебаевдин тапшырмасы боюнча телефон аркылуу А.Н.Модин менен байланышып, ага Л.С.Маевскийден алынган акча каражаттарын алып келүүсүн айткан. А.Н.Модин Т.К.Маматкеримовдун көрсөтмөсүн аткарып жатып, Л.С.Маевскийдин тапшырмасы боюнча Т.К.Маматкеримовдун “Вефа центр” соода борборунун 6-кабатында №204 бөлмөсүндө жайгашкан офисине келип, аталган жерде мурун сүйлөшүлгөн акча каражат суммасынын бөлүгү катары Л.С.Маевскийден алынган 300 (үч жүз) миң АКШ доллар өлчөмүндөгү акча каражаттарын берген. Натыйжада аталган акча каражаттары Ө.Ч.Текебаев менен Д.Т.Чотоновго берилген”.
Биринчиден, А.Модин Т.Маматкеримовго акча бердиби – белгисиз. Бул – далилденбеген сөз. Ө.Ч.Текебаев тапшырма берди деп иштин материалдарында эч жерде, эч ким айткан эмес. Бул – тергөөчүлөрдүн фантазиясы, жоромолу. Бул жоромол алардын ниетинен кабар берет.
А.Модин сотто: “Т.Маматкеримовго акча бергенимди эч ким тастыктай албайт. Т.Маматкеримов акчаны кийин кимге, качан, кантип берди – билбейм. Т.Маматкеримов мага эч нерсе айткан эмес”, - деп көрсөтмө берген. Л.Маевский да сотто: “300.000 долларды А.Модин кимге, кантип берди - билбейм”, - деп көрсөтмө берген. А.Н.Модин, Л.С.Маевский: “Ө.Ч.Текебаев акчаны албаса, кийин биз менен жолукпайт эле да”, - деп жоромол гана кылышкан. Тергөөдө да, сотто да Ө.Ч.Текебаев, Д.Т.Чотонов Л.Маевскийден түз да, бирөө аркылуу да эч кандай акча албагандыгын айтып келе жатышат.
Ошондуктан, айыптоо корутундусундагы: “Натыйжада аталган акча каражаттары Ө.Ч.Текебаев менен Д.Т.Чотоновго берилген”, - деген сөздөр – далилсиз жана жалган жалаа.

8. Айыптоо корутундусунан:
“2010-жылдын 24-августунда Л.С.Маевскийдин Бишкек шаарына кезектеги келишинде, Ө.Ч.Текебаев жана Д.Т.Чотонов менен өткөн жолугушууда аталган адамдар Л.С.Маевскийдин өкүлдөрүн “Альфа Телеком” ЖАКнун башкаруусуна, Ө.Ч.Текебаев менен Л.С.Маевскийдин ортосунда сүйлөшүп алган суммадагы акча каражатын толук берилгенден кийин киргзилиши тууралуу айтышты.
Ошол эле күнү Ш.И.Абдылдаев жалпы кылмыштуу көздөмүн чектеринде аракет жасап, мурун 2010-жылдын 27-июлундагы жөнөтүлгөн катка Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлигинин атынан кошумча каттын жөнөтүлүшүн демилгелеп, “Альфа Телеком” ЖАКнун генералдык директору А.Г.Силичке “Альфа Телеком” ЖАКнун директорлор кеңешинин мүчөсү катары Т.К.Маматкеримовдун талапкерин “Альфа Телеком” ЖАКнун акция ээлеринин кезектен тышкары жалпы чогулушунда кароого жана шайлоого сунуштаган.
Бирок кворумдун жоктугуна байланыштуу, “Альфа Телеком” ЖАКнун акция ээлеринин кезектен тышкары жалпы чогулушу өткөрүлбөй калган”.

Биринчиден, 2010-жылдын 24-25-августтарында Ө.Ч.Текебаев Л.С.Маевский менен “Супара” ресторанында жолуккан. Ал жолугушууда Ө.Ч.Текебаевдин 1-сентябрда Россия Федерациясынын Мамлекеттик Думасына сапары талкууланган. Л.С.Маевский Россиянын жетекчилери менен жолугушууга жардам берем, визитти Россиянын массалык маалымат каражаттарында чагылдырууга жардам берем деп убада берет. Жолугушууну Т.Маматкеримов уюштурат. 1-сентябрда Л.Маевский менен Т.Маматкеримов Ө.Текебаевди Москвадан тосуп алабыз деп убада берет. Жолугушуу учурунда акча жөнүндө сөз болбогонун жолугушуу – сый тамакка катышкан С.Борбашев, Т.Эмилов, Ө.Ч.Текебаевдер сотто көрсөтмө беришкен. “Жолугушуу бир сааттай болуп, танапис болуп, сыртка эч ким чыккан эмес. Ө.Текебаев менен Л.Маевский жалгыз калышкан эмес”, - деп Н.Абдырахманов, С.Борбашев, Т.Эмиловдор сотто көрсөтмө беришти. Дагы бир нече күбө сотто, тилекке каршы, суралбай калышты.
Экинчиден, ошол эле күнү Ш.Абдылдаев жалпы кылмыштын чектеринде аракет жасап, мурун 2010-жылдын 27-июлундагы жөнөтүлгөн катка кошумча кат жөнөтүүнү демилгелеген...” – деген, чындыкка дал келбеген фальсификация. Кошумча катты И.Черный даярдап, статс-катчы С.Бакиров кол койгон. Абдылдаев кол койгон эмес. Сотто И.Черный: “Мага Ш.Абдылдаев эч качан өзү тапшырма берген эмес. Мага С.Бакиров айтпай эле, өзүм документтерди, каттарды даярдагам. Анткени декреттерди аткаруу – менин милдетим”, - деп көрсөтмө берип, тергөөчүлөрдүн жогорку дооматын жокко чыгарган.

9. Айыптоо корутундусунан:
“2010-жылдын 1-сентябрында Ө.Ч.Текебаев менен Т.К.Маматкеримов №180 авиарейси менен Москва шаарына учушуп барганда, аларды “Шереметьево” аэропортунда Л.С.Маевский тосуп алып, Ө.Ч.Текебаевге Россия Федерациясынын расмий адамдары менен жолугушууга автоунаасын берген. Расмий жолугушуулары аяктагандан кийин, Ө.Ч.Текебаев жана Т.К.Маматкеримов Л.С.Маевскийдин чакыруусу боюнча, Москва шаары, Колошин переулогу, үй №4, 1-имаратындагы анын офисине келишкенде, аталган жерде Ө.Ч.Текебаев калган суммадагы 700 (жети жүз) миң АКШ доллар акча каражаттарды берүүгө зарыл экендигин, андан кийин Л.С.Маевскийдин өкүлдөрүн “Альфа Телеком” ЖАКнун башкаруусуна киргизүү маселеси чечиле тургандыгын Л.С.Маевскийге терең ишендирген. Ошол эле күнү кечинде №179 авиарейси менен Ө.Ч.Текебаев жана Т.К.Маматкеримов Бишкек шаарына кайтып келишкен”.
Маевскийдин офисинде жолугушуу 40 минутадай созулган. Жолугушуу учурунда Ө.Ч.Текебаев эки-үч журналистке интервью берген. Жалпысынан кичине залда 10-15 киши катышкан чай ичүү болгон. Ө.Текебаев эч кандай акча жөнүндө сөз кылбагандыгын өзү, Н.Абдырахманов сотто тастыкташты. Л.С.Маевскийдин жакын адамдары ошол жолугушууга катышкан Н.Самсонкина менен С.Кутуковдор тергөө сурагында: “Л.С.Маевскийден Кыргызстандын кызмат адамдары өздөрү же өкүлдөрү аркылуу акча сураганын, алганын билбейбиз”, - деп көрсөтмө беришкен. Генпрокуратуранын бул дооматы да далилсиз куру сөз болуп калып жатат.

10. Айыптоо корутундусунан:
“Л.С.Маевский 2010-жылдын 14-сентябрында Ө.Ч.Текебаев менен жетишкен келишимдерин аткарып жатып, Москва шаарынын “ВТБ-24” банкындагы өзүнүн жеке эсебинен 510 (беш жүз он) миң евро нак акча каражаттарын алып, ал акчага колунда бар болгон акча каражатын кошуп, жалпы суммасы 700 (жети жүз) миң АКШ долларга барабар баалуу болгон акча топтоп, Ө.Ч.Текебаевге телефон чалуу аркылуу, калган суммадагы акча каражаттарын берүүгө өзүнүн даяр экендигин билдирген.
Өз кезегинде Ө.Ч.Текебаев, аталган акча каражаттарын алуу максатынада, 2010-жылдын сентябрь айынын экинчи бөлүгүндө Л.С.Маевскийдин Москва шаарындагы офисине тергөө тарабынан өздүгү аныкталбаган, мурун 2010-жылдын 1-сентябрында Ө.Ч.Текебаев жана Т.К.Маматкеримов менен Л.С.Маевскийдин офисине барган адамды жөнөттү. Л.С.Маевский, телефон сүйлөшүүнүн негизинде Ө.Ч.Текебаевдин атынан келген адамдын акча каражаттарын алууга укуктуу экендигин ырастап, секретарь Н.В.Самсонкинанын катышуусунда ал адамга 510 (беш жүз он) миң евро, калганын АКШ доллар валютасы менен, жалпы суммасы 700 (жети жүз) миң АКШ долларга барабар баалуу болгон акча каражаттарын тапшырып, өзүнүн коопсуздук кызматынын кызматкерлерине Ө.Ч.Текебаевдин ишеничтүү өкүл адамын Москва шаарынын аэропортуна чейин коштоп узатып баруусун тапшырган.
Андан кийин Л.С.Маевский телефон байланышы аркылуу Д.Т.Чотоновго сүйлөшүлгөн акча каражаттардын Ө.Ч.Текебаев тарабынан жөнөтүлгөн ишеничтүү өкүл адамына берилгендигин билдирип жана аны Бишкек шаарынын аэропортунда тосуп алыш керек экенидигин айткан. Бишкек шаарына келгенден кийин, Л.Маевкскийден алынган акча каражаттар Ө.Ч.Текебаев жана Д.Т.Чотоновго берилген”.
Бул доомат да - негизи, далили жок куру жалаа. Биринчиден, Ө.Текебаев Л.Маевскийден 23-24-августта “Супара” ресторанында да, 1-сентябрда Москвада да акча сурабагандыгы - тастыкталган факт.
Экинчиден, Л.Маевский акча бердим деген адам ким, кайсы өлкөдөн, качан келди, акча алгандан кийин кайсы аэропорттон, кайсы өлкөгө, качан учуп кетти? Бул суроолордун бирине да тергөө жооп берген эмес.
700.000 доллар Россиядан качан, кантип, ким аркылуу чыкты? Кыргызстанга качан, кантип, ким аркылуу келди? Жооп жок. Тастыктаган документ, же күбө жок. Л.Маевский көрсөтмөлөрүн улам, радикалдуу өзгөртүп, өзүнүн көрсөтмөлөрүн жокко чыгарган.
Кыскасы, бул документ да Л.Маевскийдин фантазиясына негизделген.
Тергөөнүн материалдары, соттук териштирүү 700.000 доллар Кыргызстанга келгенин далилдей албады, тескерисинче, андай акча Кыргызстанга келбегени далилденди.

11. Айыптоо корутундусунан:
“Л.С.Маевский бир миллион АКШ доллар толук суммасындагы акча каражаттарын бергенден кийин, Ө.Ч.Текебаев жана анын жанында жүргөн Д.Т.Чотонов менен Т.К.Маматкеримов өздөрүнө алышкан милдеттерин аткара тургандыгына шексиз болуп, А.Н.Модинге “Альфа Телеком” ЖАКнун башкаруусуна киргизгенге дал келген адистер командасын топтоосун тапшырды. А.Н.Модин, Л.С.Маевскийдин тапшырмасын аткарууда, “Нур Телеком” ЖЧКнун кызматчылары Д.В.Жуков, М.В.Сидоренко жана Р.Сагадиевге “Альфа Телеком” ЖАКна жумушка өтүүсүн сунуштаган жана аталган адамдар өздөрүнүн макулдугун беришкен”.
2010-жылдын 7-сентябрында А.Н.Модин “Нур Телекомдун” аткаруучу директорлук кызматынан кеткен. Жумушсуз калып, россиялык “Альфа Групптун” өкүлү А.Зимницкий аркылуу “Мегакомго” кызматка киргенге аракет кылат. “Кызматка кирүү үчүн команда керек эле, Зимницкийге ошондой командам бар деп айттым», - деп А.Модин тергөөдө жана сотто көрсөтмө берген.
Тергөө, Генпрокуратура ушул фактыны бурмалап жатат.
Р.Сагадиев тергөөдө да, сотто да көрсөтмө берген эмес. Ошого карабай, айыптоо корутундусунда Р.Сагадиев факт катары киргизилген. Бул – фальсификация.
Д.Жуков да, М.Сидоренко да: А.Модин ким аркылуу, кантип, кайсы должностко “Мегакомго” кирмек болгонун биз билбейбиз, - деп көрсөтмө беришкен.
Кыскасы, бул факт бурмаланган. Р.Сагадиев жөнүндө фальсификация болгон.

12. Айыптоо корутундусунан:
“Ушуну менен катар, 2010-жылдын 14-сентябрында Ш.И.Абдылдаев, Л.С.Маевский менен “Альфа Телеком” ЖАКнун генералдык директорун алмаштыруу жөнүндөгү жетишкен макулдашууларды аткаруу жолунда аракеттерин улантып, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлигинин атынан “Альфа Телеком” ЖАКнун генерадык директору А.Силичтин атына аталган коомдун акция ээлеринин кезектен тышкары жалпы чогулушун чакыртып, “Альфа Телеком” ЖАКнун жаңы генералдык директорун шайлоо маселесин чечүү жөнүндө кат жөнөткөн.
Бирок, кайрадан “Альфа Телеком” ЖАКнун акция ээлеринин кезектен тышкары чогулушу кворумдун жоктугуна байланыштуу болбой калган”.
Мамлекеттик мүлк министрлигинин бул демилгеси №44 Декретти аткаруу максатында, мамлекеттин кызыкчылыгын коргоо үчүн болгонун сотто А.Базаркулов да мойнуна алды.
И.Черный: “Катты мен даярдагам, азыр да ошондой кылмакмын. Анткени мага декретти аткаруу тапшырылган. Мага С.Бакиров, же Ш.Абдылдаев көрсөтмө бербесе деле, өз милдетимди аткарышым керек”, - деп так, кесе айтып көрсөтмө берди. Сотто көрсөтмө беришкен Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрү да Мамлекеттик мүлк министрлигинин демилгесин мыйзамдуу жана мамлекеттин кызыкчылыгына багытталган деп белгилешти.

13. Айыптоо корутундусунан:
“Ошол эле учурда, 2010-жылдын сентябрында, Т.К.Маматкеримовдун чакыруусу боюнча Бишкек шаарынын Токтогул көчөсүндөгү кафеге А.Т.Базаркулов чакырылып, кафеде аны Ө.Ч.Текебаев, Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун милдетин аткаруучу болуп дайындалган К.К.Байболов, Ш.И.Абдылдаев жана Д.Т.Чотонов күтүп алышкан жана аталган адамдарга А.Т.Базаркулов алдын-ала Т.К.Маматкеримовдун көрсөтмөсү боюнча түзүлгөн “Альфа Телеком” ЖАКнун генералдык директору А.Г.Силичти алмаштыруу боюнча маалымкатка жазылган өзүнүн сунуштарын көрсөтүп берген.
2009-жылдын 3-июнундагы “Альфа Телеком” ЖАКнун Уставы боюнча акция ээлеринин жалпы чогулушу, анын өткөрүүсүнүн тийиштүүлүгүнө карабастан, чогулушка катышкан акция ээлери (алардын өкүлдөрү) Коомдун орундаштырылган добуштуу акцияларынын жыйындысында 60 пайыздан ашкан добуштарга ээ болгон учурда укуктуу (кворуму бар) деп саналат жана Коомдун компетенциясына кирген бардык маселелери боюнча добуш укугун берет.
Бирок, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлигине “Альфа Телеком” ЖАКнун 49 пайыз акциялары гана таандык болгонуна байланыштуу, 51 пайыз акцияларына болсо Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын тергөө тобунун токтому менен “Мегаком” компаниясынын мүлкүн рейдердик тартып алуусу боюнча кылмыш ишинин негизинде камак салынып, “PenwellBusinessLimited” компаниясынын атынан анын өкүлү Р.Ю.Рыкуновага убактылуу сактоого берилгендигине байланыштуу, “Альфа Телеком” ЖАКнун генералдык директору А.Г.Силичти алмаштыруу мүмкүнчүлүгүн ишке ашыруусу мүмкүн эмес болчу.
Ошол себептен А.Т.Базаркулов Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын өндүрүшүндө болгон кылмыш иши боюнча “Альфа Телеком” ЖАКнун 51 пайыз акцияларына камак салып, аларды Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлигине сактоого тапшырып, аталган министрликтин өкүлүнө акция ээлеринин жалпы чогулушун өткөрүүгө жана “Альфа Телеком” ЖАКнун генералдык директорун шайлоого мүмкүнчүлүк берүүсүн сунуштаган.
А.Т.Базаркулов киргизген сунуштары жолугушууда катышып жаткан Ө.Ч.Текебаев, К.К.Байболов жана Ш.И.Абдылдаев тарабынан эске алынып, аталган адамдар кафеде “Альфа Телеком” ЖАКнун генералдык директорунун ордуна Л.С.Маевскийдин өкүлүн дайындоо тууралуу аракеттеринин планын талкуулоосун улантышты”.
Бул жолугушуу мүмкүн эмес экенин тергөөдө жана сотто К.Байболов, Ө.Текебаев, Д.Чотонов, А.Шыкмаматов, Ш.Абдылдаевдер көрсөтмө берип далилдешкен. Көрсөтмөдөн башка да документтер, фактылар мындай жолугушуу болбогонун далилдейт.

14. Айыптоо корутундусунан:
“Ошентип, 2010-жылдын 5-октябрында Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы тергеп жаткан кылмыш иштин негизинде “Альфа Телеком” ЖАКнун мүлкүнө жана 51 пайыз мамлекеттештирилбеген акцияларына камак салып, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлигине сактоого тапшырган”.
Тергөө, Генпрокуратура А.Базаркуловдун сунушун угуп, К.Байболовдун бийлигин пайдаланышып, ушул токтом кабыл алынды деп айтып жатат. Бул жерде да Генпрокуратура фальсификацияга жол берип олтурат. “Альфа Телекомдун” 51% акциясы 2010-жылдын 7-майында эле арестке алынган.
Чындыгында, Генпрокуратуранын 2010-жылдын 5-октябрындагы токтому, айыптоо корутундусунда көрсөтүлгөндөй, “Альфа Телеком” ЖАКнун 51%ине эле арест койбой, “Альфа Телеком” ЖАКнун 100% акциясына арест салынат. Бул да - А.Базаркуловдун көрсөтмөсүнө “подгонка” кылып, жасалма далил жасоонун аракети.

15. Айыптоо корутундусунан:
“Бирок, 2010-жылдын 29-октябрында Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын тергөө тобу Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлигине билдирүү жолдоп, аталган билдирүүдө “Альфа Телеком” ЖАКнун акцияларына камак салынышы акция ээлеринин бардык мүлктүк жана мүлксүз укуктарына сот тарабынан бүткөн чечим кабыл алынмайынча чек коюлушу көрсөтүлгөн, ошону менен “Альфа Телеком” ЖАКнун акция ээлеринин жалпы чогулушун өткөрүүгө мүмкүнчүлүктөрү жокко чыгарылган.
Ошентип, Ө.Ч.Текебаев, Д.Т.Чотонов, Ш.И.Абдылдаев, Т.К.Маматкеримов жана башка адамдардын “Альфа Телеком” ЖАКнун генералдык директорунун кызматына А.Н.Модинди дайындоо жана Л.С.Маевскийдин алдында анын башкаруусуна уюлдук компанияны өткөрүп берүү өздөрүнүн милдеттенмелерин аткаруу боюнча жалпы көздөмү ишке ашпай калган”.
Генпрокуратура бир эле фактыны бурмалап, эки башка тыянак чыгарып жатат.
А.Базаркуловдун кеӊешин угуп, Генпрокуратура: «2010-жылы 5-октябрда “Альфа Телеком” ЖАКнун 51% арест коюп, Мамлекеттик мүлк министрлигине 49% менен акционерлердин жыйнылышын өткөргөнгө мүмкүнчүлүк берди», - деп туруп, кийинки абзацта:
“Бирок, 2010-жылдын 29-октябрында Генпрокуратуранын тергөө тобу кат жолдоп, “Альфа Телеком” ЖАКнун акционерлеринин жалпы жыйынын өткөрүү мүмкүндүгүн жокко чыгарды”, - деп, теӊирден тескери айтат. Бир эле токтом жөнүндө сөз болуп жатат. Демек, биринчи учурда тергөө фальсификация кылган.

16. Айыптоо корутундусунан:
“Ошол эле учурда Л.С.Маевский, 2010-жылдын 29-сентябрында Ө.Ч.Текебаев, Д.Т.Чотонов жана Т.К.Маматкеримов тарабынан өздөрүнө алган “Альфа Телеком” ЖАКнун башкаруусун өткөрүп берүү милдеттеринин аткаруусу кечиктирилип жаткан себептерин билүү максатында Бишкек шаарына келди, аталган жерде Киев көчөсүндөгү “Мимино” ресторанында А.Н.Модин менен бирге болуп, Ө.Ч.Текебаев жана Д.Т.Чотонов менен жолугушту. Ошол учурда, аталган адамдар сүйлөшүүлөрдүн тымызын жазып алуусунан коркуп, аудио жана видеожазууну жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк бербеген аппаратуранын орнотуусун уюштурушкан. Аталган жолугушууда Ө.Ч.Текебаев өзүнө алган милдеттеринин аткарылбай жаткандыгын түшүндүрүүгө аракет жасап, толук суммасы бир миллион АКШ долларындагы акча каражаттарынын алгандыгын ырастаган. Ошондо, Л.С.Маевский менен сүйлөшүп жатып, Ө.Ч.Текебаев “Альфа Телеком” ЖАКнун акцияларынын сатылышынын жаӊы шарттарын койгон, ал шарттарга ылайык, акциялардын сатылышында Л.С.Маевский бөлөк сыйлык катарында Ө.Ч.Текебаевге жалпы сатылуучу суммадан 10-15 пайызга чейинки, тактап айтканда, 30-50 миллион АКШ долларындагы акча каражаттарын бериш керек болчу. Бирок, Л.С.Маевский, Ө.Ч.Текебаевдин коюлган шарттарына макул болбой туруп, ага мүмкүнчүлүктүн жоктугун билдирген.
Жолугушуу аяктаганда Ө.Ч.Текебаев суммасы бир миллион АКШ долларды түзгөн алган акча каражаттарын Л.С.Маевскийге кайтарып берүүгө милдеттенген. Бирок, аларды кайтаруудан баш тартып, Ө.Ч.Текебаев баш болгон туруктуу топ, компаниянын мамлекеттештирилбеген акцияларын Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлигине сактоого тапшыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын аракеттерин күтүп, андан кийин кезектен тышкары акция ээлеринин жалпы чогулушун өткөрүү жолу менен аталган компаниянын башкармалыгын алмаштырып, “Альфа Телеком” ЖАКнун башкаруусун Л.С.Маевскийге өткөрүп берүүгө ниет кылып калышты”.
Бул айтылган жолугушуу болгон эмес жана болушу да мүмкүн эмес эле. Жогорку Кеӊешке шайлоо кампаниясы 10-сентябрдан 10-октябрга чейин болгон. 10-октябрь - добуш берүү күнү. Мен 10-сентябрдан 1-октябрга чейин региондордо шайлоочулар менен жолугушуп жүрдүм. Бишкек, Чүй областтарынын шайлоочулары менен 1-октябрдан 9-октябрга чейин жолугуштум. Мен Бишкекке 2010-жылдын 30-сентябрында келгем.
Сотто бул жөнүндө А.Сасыкбаева, Н.Никитенко, А.Шыкмаматов, Ж.Сапарбаев, К.Боронбаев, Н.Абдырахмановдор көрсөтмө беришкен. Мени менен бүт шайлоо кампаниясында чогуу коштоп жүргөн дагы бир топ адамдар сот тарабынан суралбай калды.
“Мимино” кафесинде жолугушуу болгон эмес, болушу да мүмкүн эмес эле.
Тергөө жолушууну 29-сентябрга коет. Л.С.Маевский көрсөтмөлөрүндө числону так айтпайт, ал мен Бишкекке келген күнү эле “Мимино” кафесинде жолугушуу болгон дейт.
Л.Маевский Бишкекке 2010-жылы 28-сентябрь күнү эртеӊ менен учуп келген. Демек, жолугушуу болсо, 28-сентябрда болуш керек эле. Эмне үчүн тергөө жолугушууну 29-сентябрга койгон?

17. Айыптоо корутундусунан:
“Андан соӊ, 2010-жылдын 21-декабрында Л.С.Маевский Бишкек шаарында кезектеги келишинде болуп туруп, А.Н.Модин жана өзүнүн жардамчысы Б.Звездарев менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешине тандалган депутаты, “Ата Мекен” фракциясынын лидери Ө.Ч.Текебаевдин кызматтык кабинетине келишип, аталган жерде Л.С.Маевский катуу түрдө “Альфа Телеком” ЖАКнун анын башкаруусуна өткөрүү боюнча милдеттенмелеринин аткарылбай тургандыгынын жана алынган акча каражаттарынын кайтарылбай жаткандыгынын себептеринин түшүндүрүп берүүсүн талап кылган.
Өз кезегинде, Ө.Ч.Текебаев өзүнө алган милдеттенмелерин аткаруу боюнча жумуштун жүрүп жаткандыгын көрсөтүүгө аракет жасап, өзүнүн кабинетине Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаты Ө.Абдырахмановду чакырган, аталган адамга Л.С.Маевский жана А.Н.Модиндин катышуусунда “Альфа Телеком” ЖАКнун 100 пайыз акцияларын мамлекеттештирүүсүн жана кийинки сатуу маселесин иштеп табуусун тапшырган”.
Бул – ачык, зөөкүр фальсификациянын үлгүсү. Л.Маевский, А.Модин ар бири алты жолу Ө.Абдырахманов менен 13-майда Ө.Ч.Текебаевдин кабинетинде тааныштык дегенине карабастан, А.Модин бир нече жолу 21-декабрда Ө.Текебаев менен жолуккан эмесмин деген көрсөтмөлөрүнө карабай, А.Модин 2010-жылдын 22-ноябрында Москвага учуп кетип, жылдын аягына чейин Кыргызстанда болбогондугуна карабастан, тергөө Л.Маевский, А.Модин, Ө.Абдырахмановду 21-декабрда менин кабинетиме алып келип койду. Зомбулуктун жеткен чеги – Б.Звездаревду да 21-декабрда менин кабинетиме жолугушууга катыштырып коюшту. Анткени, Ө.Абдырахмановдун делегацияда үч орус киши бар эле дегенине “подгонка” кылышкан. Тергөөдө Л.Маевский бир нече жолу Б.Звездарев 21-декабрда мейманканадан чыккан эмес, жолугушууга катышкан эмес деген. Ошол эле сөзүн сотто да кайталады.
Мына – зордук-зомбулуктун жеткен жери, ачык фальсификациянын далили.

18. Айыптоо корутундусунан:
“Ошентип, Ө.Ч.Текебаев, 2010-жылдын апрель айынан тартып декабрь айына чейинки убакытта, бийлик ыйгарым укугуна ээ болуп жана жооптуу абалды ээлеп, активдүү саясий иш-аракет жүргүзүп жана мамлекеттик маанидеги чечимдерди кабыл алууда тикеден-тике катышып, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри Д.Т.Чотонов, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министри Ш.И.Абдылдаев, Т.К.Маматкеримов жана башка адамдар менен укукка каршы туруктуу байланышта болуп туруп, материалдык дөөлөттөрдү алуу максаттарын көздөп, мамлекеттик кызматтын абийирин жана беделин, Кыргыз Республикасынын элинин кадырын жана ишенимин камсыз кылган коомдук мамилелерге жана мамлекеттик аппаратынын мыйзамдуу ишмердүүлүгүнө кол салып, ошону менен өзүнүн кызматтык абалын пайдалануу менен, Л.С.Маевскийден мыйзамсыз бир миллион АКШ доллар, же Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2010-жылдын август жана сентябрь айларынын ортоӊку курсу менен 46 762 618 (кырк алты миллион жети жүз алтымыш эки миӊ алты жүз он сегиз) сом өлчөмүндөгү акча каражат түрүндөгү материалдык дөөлөттөрдү алган”, -
деп тергөө, Генпрокуратура бүтүм чыгарат. Бул бүтүм тынбай өзгөрүп турган Л.Маевскийдин көрсөтмөлөрүнүн негизинде гана чыгарылган. Башка объективдүү факт, ынанымдүү күбөлөр жок. Акыркы бүтүмдө да өзүнүн кызмат абалын пайдалануу менен деп Генпрокуратура баса белгилейт.
Кызмат абалынан пайдалануу үчүн мен конкреттүү ыйгарым укугумдун чегинде чечим кабыл алып, же башка аракет кылып, алар кызматтын, демек мамлекеттин кызыкчылыгына каршы болуш керек. Эӊ негизгиси менин чечимим, же башка аракеттер (кат, сунуш, тапшырма, көрсөтмө ж.б.у.с.) айтылып жаткан кылмышка түздөн-түз байланышы болуш керек.
Өз компетенциямдын чегинде мен кабыл алган чечимдер Конституциянын долбоорун иштеп чыгуу, референдумду өткөрүү боюнча гана болгон. Бир да чечимим, же башка аракетим “Альфа Телеком” ЖАКна тиешелүү болгон эмес.
ЖЫЙЫНТЫК
1. Мага каршы козголгон иш – саясий заказ.
2. Мага каршы козголгон иш мыйзамсыз козголгон.
3. Тергөө ачыктан-ачык фактыларды бурмалап, жалган далилдерди түзүп, ишти фальсификация болгон материалдардын негизинде алып барган.
4. Айыптоо ушактардын, имиштердин, божомол-жоромолдордун жана жалгыз Л.С.Маевскийдин өзгөрүп турган көрсөтмөлөрүнө негизделген.
5. Тергөө, сот да президент А.Атамбаевдин түздөн-түз көрсөтмөсүн жетекчиликке алып жүргүзүлдү.
6. Соттук териштирүү учурунда менин айтылып жаткан кылмышка тиешем жок экенин толук далилдедим.