А. Эркебаев: Өмүке, мен сени мененмин!

000314
Жогорку Кеӊештин бир нече чакырылышынын депутаты жана мурдагы спикери, Убактылуу Өкмөттүн төрайымынын орун басары, эгемен Кыргызстандын көрүнүктүү саясатчыларынын бири Өмүрбек Чиркешович Текебаевдин камалганына туура бир жыл болду.
Буга Алмазбек Атамбаев менен Өмүрбек Текебаевдин ортосундагы уруп-согуудан башка бардык мүмкүн болгон каражат, ыкмаларды колдонуу аркылуу каардуу, келишпес саясий күрөш себеп болду. Жыйынтыгында Атамбаев мамлекеттик машинанын бүткүл күчүн жумшап жеӊишке ээ болду. Ал эми өз күчүн жана мүмкүнчүлүгүн жогору баалаган Текебаев түрмөгө камалып, депутаттык мандатынан ажырады. Ооба, «түбөлүк оппозиционер» каймана атка ээ болгон, Аскар Акаев, Курманбек Бакиев жеӊе албаган ал мындай жагдайга өзүнүн мурунку досу жана тарапташы Алмазбек Атамбаев менен болгон тиреш алып келди. Мына саясат деген эмне, бийлик үчүн күрөш деген эмне!
Өмүрбек Текебаев менен 1990-жылдан бери чогуу иштешкен адам катары, парламенттеги жана Убактылуу Өкмөттөгү кесиптешим катары, же жөн гана менден жашы кичүү иним катары мындай болгонуна өтө катуу өкүнөм. Бул тууралуу эмне айткым келип турат?
Мен 1990-жылдардын башында эле аткаруу бийлигинде Өмүрбек Текебаев менен чогуу иштеп жүргөндө анын өзгөчөлүгүн, ал чиновник эмес, саясатчы экенин байкагам. Булардын ортосунда кандай айырма бар? Аны ХХ кылымдын социологиясынын жана политологиясынын классиги Макс Вебер өзүнүн «Саясат өнөр жана кесип катары» деген эмгегинде мыкты ачып берген: анык чиновниктин чыныгы кесиби саясат болбош керек, ал эӊ алгач калыс, башкача айтканда, зордук-зомбулуксуз «башкарыш» керек, ал эми кайсы-бир тарапка өзгөчө мамиле кылуу, күрөш, кумарлануу – саясатчынын, биринчи кезекте саясий лидердин табигый өзгөчөлүгү.
Ушул мааниде, дегеле мүнөзү, эмоционалдуулугу жана албууттугу жагынан Алмазбек Атамбаев менен Өмүрбек Текебаев абдан окшош. Бирок туруктуу күрөшкө, тактап айтканда, саясатка болгон шыгы жагынан Текебаев өзгөчө чечендиги менен азыркы кыргыз саясатчыларынын арасынан өзгөчөлөнүп турат. Европа тарыхында Демосфен, Цицерон, Макиавелли, Дизраэли, Гладстон, Черчилль, Клемансолор чечен саясатчы жана мамлекеттик ишмерлерден болушканы белгилүү. Руханий кубаттуу көз карашка, «кызыл тилге» ээ күчтүү сенатор жана АКШнын 35-президенти Джон Кеннединин «Профили мужества» («Эрдиктин тармактары») (1955) деген сонун китеби адабият жана журналистика жаатынан Пулитцер сыйлыгына ээ болгон. ХХ кылымдагы кыргыз саясатынын бул өӊдүү өкүлү катары Жусуп Абдрахманов менен Исхак Раззаков белгилүү болгон, бирок биз аларды көрбөй калбадыкпы.
Өмүрбек Текебаевдин түмөдөгү тагдырына келсек, ал бизге дүйнөлүк тарыхтагы ушул сыяктуу жагдайларды, айрыкча француз офицери Дрейфустун, америкалык социалист Ю.Дебстин, Германиянын пайдасына шпиондукта айыпталган орус В.Лениндин, еврей Л.Троцкийдин, италиялык А.Грамши, болгар Г.Дмитровдун жана башка көптөгөн революционерлердин жана козголоңчулардын өмүр баяндарын жана соттук иштерин эске салууга мажбурлайт. Албетте өкүнүчтүү, бизде Текебаевге чейин эле баатырлар болгон, алар - Топчубек Тургуналиев жана Феликс Кулов. Кулов түрмөдө отурган кезде Жогорку Кеӊештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын төрагасы экенимде 2002-жылы Акаевдин жана Жогорку соттун төрайымы Бейшеналиеванын катышуусундагы чоӊ тегерек столдо өлкөдөгү саясий туруктуулук үчүн аны бошотуу керектигин ачык айтып чыккам.
Акаевдин авторитардык режиминде бирин-экин саясатчы түрмөдө отурса, Бакиевдин үй-бүлөлүк диктатурасында саясатчыларды түрмөгө да камап (И.Исаков, А.Жекшенкулов), соту-тергөөсү жок эле өлтүрүп да салышкан. Азыркы эле, демократиялык деп аталган түзүлүштө Ө.Текебаевден башка дагы анын партиялаштарын, мурунку жана азыркы депутаттарды, ошондой эле дагы башка белгилүү депутаттарды, саясий жана мамлекеттик ишмерлерди соттоп жиберишти жана соттоп жатышат. Алар: Н.Түлеев, К.Ташиев, С.Жапаров, Т.Мамытов, А.Келдибеков, Д.Чотонов, К.Самаков, Х.Коркмазов, Д.Нарымбаев, А.Салянова, А.Шыкмаматов, К.Исаев, М.Кунакунов, Р.Төлөгөнов, Б.Асанов, К.Кадыров, Д.Сарыгулов, Б.Талгарбеков, Т.Калматов жана башкалар. Ошондой эле И.Чудинов, А.Жапаров, М.Мырзакматов, А.Бекназаров, Ө.Бабанов жана башкаларга карата кылмыш иштери козголгон.
Албетте, кылмышкер түрмөдө отуруш керек, кол тийгистер болбош керек. Бирок башка өлкөлөргө салыштырганда кичинекей демократиялуу Кыргызстан үчүн кылмышкер депутаттар жана бийликтен «түшүрүүчүлөр» көптүк кылбайбы? Же бийликтен «түшүрүүчүлөргө» А.Атамбаев активдүү катышкан 2005- жана 2010-жылдардагы революциялардын тажрыйбасы мисал болуп бердиби? Андай болсо, айрым саясатчылар жана журналисттер ошол окуяларды эмне үчүн кайра карап чыгууга болбостугун айтып жатышат? Башкысы, ошол иштер канчалык негизделген, канчалык мыйзамдуу жана канчалык далилденген? Буга байланыштуу дагы эки юридикалык прецедентти эске салайын: бири – бизде, экинчиси – чет өлкөдө болгон.
1997-жылы биз Жогорку Кеӊештин депутаттары элек (Ө.Текебаев, А.Атамбаев, С.Жээнбеков жана мен), А.Акаевдин тапшырмасы менен Башкы прокуратура Эл өкүлдөр жыйынынын 9 депутатына, Мыйзам чыгаруу жыйынынын 3 депутатына кылмыш ишин козгогон. Бирок биз аларды кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берген эмеспиз. Мен анда Эл өкүлдөр жыйынынын төрагасы катары сессияда айтып чыккам: «Эмне, биздин кичинекей өлкөбүз кылмышкер депутаттардын өлкөсүбү?». Көрүп турганыбыздай, тарых кайталанып жатат, бирок факты менен далилдер эмес, адилетсиздик, күч жана бийлик үстөмдүк кылганы жакшы жакка алып барбайт.
Экинчиси. «Матрешка-гейт» баарыбыздын эсибизде: Варшаванын аэропортунда депутат Өмүрбек Текебаевдин чемоданынан героин таап алышкан. Бирок поляк соту ушундай деӊгээлдеги белгилүү саясатчынын күнөөсүз экенине ишенип, Текебаевди бошотту. А бизде ага эмне кылышты? Алгач мародерчулукта айыпташты, андан соӊ аны анча деле белгилүү эмес Белиз деген мамлекеттен алынган кандайдыр-бир кагаздар менен Аида Саляновага жана Алмамбет Шыкмаматовго байланыштырышты (айтмакчы, А.Сегизбаев өзүнүн эгерде бул иш тастыкталбаса, ээлеген кызматынан кетем деген жигиттик убадасын ушул убакка чейин аткара элек), андан кийин эч кимге белгисиз россиялык бизнесмен Леонид Маевскийдин арызы жана күбөлүгү боюнча соттоп жиберишти, кыргыздын таанымал инсандарынын, анын ичинде экс-президент Роза Отунбаеванын жана Убактылуу Өкмөттүн дээрлик бардык мүчөлөрүнүн күбө катары көрсөтмөлөрү эске да алынган жок. Дагы биз улуттук кадыр-барк жана ар-намыс тууралуу ооз көптүргөндү жакшы көрөбүз!

Эмне кылыш керек?
Мен Коопсуздук Кеңешинин жыйынында азыркы президент Сооронбай Жээнбековдун сөзүн абдан кунт коюп уктум жана окуп чыктым. Анда көбүнчө мындай деп айтылган: “Ким мыйзамды бузса, мейли укук коргоо органынын кызматкери же судья болсун, жазасыз калбайт. Ага карата эң оор чаралар көрүлөт. Эгер акыйкатсыздык болуп жатса, же мыйзам бузулса, мен кайдыгер карап турууга укугум жок”. Мен ошондуктан урматтуу президентке сот адилеттүүлүгү жана мыйзамдуулуктун үстөмдүгү үчүн, бир катар резонанстуу, белгилүү саясатчылардын жана мамлекеттик ишмерлердин, айрыкча Ө.Текебаевдин соттук ишиндеги укуктук аспектилерди кайра карап чыгуу үчүн атайын көз карандысыз комиссия түзүп ошонун жыйынтыгы менен чечим кабыл алууну сунуштайм.

Башка жолдору да бар
Белгилүү болгондой, 1990-жылдары СССРде жана Орусия Федерациясында эки эң ири саясий окуя болуп өткөн: ГКЧП деп аталган окуя жана президент менен Орусиянын Верховный Советинин ортосундагы куралдуу кармаш. Ошондо ГКЧПнын жана Орусия Верховный Совет жетекчилери Орусиянын вице-президенти А.Руцки менен биргеликте камалышкан жана соттолушкан. 1994-жылы кайрадан шайланган Мамлекеттик Дума өзүнүн токтому менен аларга кечирим берген. Бул практика жетекчилике жаңы президент же жаңы парламент келгенде көптөгөн мамлекеттерде колдонулган. Сөз бир гана саясатчылар жөнүндө болуп жатат, а кадимки кылмышкерлер же коррупционерлер жөнүндө эмес. Мүмкүн бул тууралуу ойлонуп көрүш керектир? Биз баарыбыз мамлекетибиздин туруктуулугуна кызыктарбыз го.
Өмүрбек Текебаевдин тагдырына кайтып келип, мен бир нерсени баса белгилеп кетким келет. Ушул жылы анын кадырлуу жашы болуп эсептелген – 60 жылдыгы. Мен ишенем, бир катар тажрыйбалуу эксперт-юристтердин корутундусунда, ал акыйкатсыз жана мыйзамсыз соттолгон жана мөөнөтүнөн мурда боштондукка чыгат. Өз элинин татыктуу уулу Өмүрбек, мен сени мененмин!
Абдыганы Эркебаев, Жогорку Кеңештин экс-спикери, Убактылуу Өкмөттүн мүчөсү.
19-февраль 2018-жыл.