“Ата Мекен “Бишкек менен Ошто кызыл китеби жок үйлөрдү мыйзамдаштырууну кайрадан сунуштады

2012-жылдын 3-августуна чейин эч кандай документсиз курулуп калган үйлөрдүн жерин легалдаштырган мыйзам долбоору сунушталды. Демилгечи – “Ата Мекен” фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов.

Депутаттын айтымында, азыркы мыйзам боюнча 1999-жылга чейин эч кандай документсиз салынып калган үйлөрдү мыйзамдаштырууга болот, а жердин көбү 2005-жылы басылып алынган.

“Жерине документи жок жарандар өз убагында жумушка орношо албайт, аскердик каттоого тура албайт, шаардын маанилүү коомдук-саясий иш-чараларына жигердүү катыша алышпайт жана тиешелүү медициналык жардамды ала алышпайт. Көпчүлүгү өзүнүн чогулткан акчасынын баарын үй-жай курууга сарптап салган калктын социалдык жактан талылуу катмары”, – дейт демилгечи.

Бул мыйзам кабыл алынып калса, Бишкектин 47 жаңы конушундагы 3,6 миңдей жер участогун легалдаштырууга мүмкүн болот. Ош боюнча так сандар айтылган эмес, бирок мурдагы маалымат боюнча миңдей тилкеге документ берилет.

Кыргызстанда ар бир революциядан кийин жерди массалык түрдө басып алуулар орун алган. “Азаттыктын” эсебинде өлкө боюнча 30 миң жер тилкесин жарандар өз билемдик менен ээлеп алып, үйлөрдү курган.

“Ата Мекен” фракциясы ушул эле мыйзам долбоорун 2012-жылы да сунуштаган, бирок колдоо тапкан эмес. Каршы чыккандар документ “качандыр бир кезде документтештирип алса болот тура” деген ойдо жарандардын мындан ары да жер басып алышын шарттайт дешкен.

Мыйзам долбоору азыр коомдук талкууда. Документ менен менен бул жактан кенен таанышсаңыз болот.

Булак: Калыс Медиа