Политическая партия "Ата Мекен"

Month: October 2021

Ө.Текебаев: “Өкмөт эми үч баштуу болду”

“Ата Мекен” партиясы ушу күндөрү өлкөнүн Түштүгүн түрө кыдырып жүрөт. Өмүрбек Текебаев баш болгон “атамекенчилерди” эл жакшы тосуп алып, жолугушууларга активдүү катышып жатышат. Кадамжайдагы жолугушууда Өмүрбек Текебаев үч баштуу өкмөт тууралуу кызык кеп айтты. “Жакында Акылбек Жапаров өзгөчө кеңири ыйгарым укугу менен өкмөт башчысы болду. Садыр Жапаров Акылбек Жапаровго кард бланш бергенин, ал берген убадаларын …

Ө.Текебаев: “Өкмөт эми үч баштуу болду” Read More »

“Ата Мекен” партиясынын шайлоодогу алдыңкы тизмеси

“Ата Мекен” съездинин күн тартибинин 3-маселеси партиянын тизмесин жарыялоо болчу. Бирок, “тизмеге кошулабыз, шайлоого “Ата Мекен” менен чогуу барабыз” деген адамдар дагы көбөйүп жаткандыктан, тизмени бекитүү, жарыялоо маселеси дүйшөмбү, 11-октябрь саат 15:00дө каралмай болду. Бүгүн, алгачкы бештик жарыяланды. Алар: Өмүрбек Текебаев Клара Сооронкулова Тилек Токтогазиев Али Токтакунов Наталья Никитенко.

“Ата Мекен” биринчи болуп съездин өткөрдү

Шайлоого катышып жаткан партиялардан биринчи болуп бүгүн “Ата Мекен” партиясы съездин өткөрдү. Партиянын съезди М.Горький паркында өтүп жатат. Партия лидери Өмүрбек Текебаев “Ата Мекен” эмне үчүн М.Горький аянтында съезд өткөрүү чечимин кабыл алганын, анын символикалык маани-маңызын түшүндүрдү. Бийликтин саясатына каяша айткан оппозициялык күчтөр Горький аянтында жыйналып келишкенин белгилеп, “бүгүнкү Конституцияда оппозицияга эч кандай статус берилбегенине …

“Ата Мекен” биринчи болуп съездин өткөрдү Read More »