Политическая партия "Ата Мекен"

“Ата Мекен” биринчи болуп съездин өткөрдү

Шайлоого катышып жаткан партиялардан биринчи болуп бүгүн “Ата Мекен” партиясы съездин өткөрдү.
Партиянын съезди М.Горький паркында өтүп жатат.
Партия лидери Өмүрбек Текебаев “Ата Мекен” эмне үчүн М.Горький аянтында съезд өткөрүү чечимин кабыл алганын, анын символикалык маани-маңызын түшүндүрдү.
Бийликтин саясатына каяша айткан оппозициялык күчтөр Горький аянтында жыйналып келишкенин белгилеп, “бүгүнкү Конституцияда оппозицияга эч кандай статус берилбегенине карабай, коомдо, тарыхта биздин ордубуз бар, ошон үчүн биз Горький аянтына жыйналып, өзүбүздүн тарыхый ордубузду ээледик”, -деп айтты Текебаев.
Съездде “Ата Мекен” оппозциялык, альтернативалык саясий күч экенин жарыялады.
“Биз элдик бийликтин, элдик көзөмөлдүн колдоочуларыбыз. Биздин көз карашыбыз, позициябыз бүгүнкү бийликтикинен башкача. Ошон үчүн биз өзүбүздү бүгүнкү бийликке альтернатива деп жарыяладык!”, – деп белгиледи Ө.Текебаев.
“Ата Мекен”, “Реформа”, “Туран”, “Эгемен Кыргызстан”, “Ак калпак” партиялары, “Каныкей коомдук кыймылы” жана башка өз позициясы бар активдүү граждандардан түзүлгөн “ЭГЕМЕН” коалициясы “Ата Мекен” партиясынын желеги алдында шайлоого баратат.
https://www.facebook.com/atameken.kg/posts/2915514828687862
Share on facebook
Facebook
Share on twitter
Twitter
Share on telegram
Telegram
Share on whatsapp
WhatsApp
Share on email
Email

Последние новости