Политическая партия "Ата Мекен"

“Ата Мекен” партиясы туулган күнүн белгиледи

“Ата Мекен” партиясына 29 жыл толду. Партиянын майрамы борбордук штабда КОНФЕРЕНЦИЯ форматында белгиленди.

Конференцияга “атамекенчилерден” сырткары көз каранды эмес аналитиктер, коомдук жана маданий ишмерлер катышып, партиянын Кыргыз тарыхындагы орду тууралуу калыс пикирлерин, куттуктоолорун айтышты.

“Ата Мекен” – Кыргызстанда агачкы түзүлгөн саясий партия. Ал 1992-жылдын 7-ноябрында «ЭрК» демократиялык партиясынан бөлүнүп чыккан Өмүрбек Текебаев башындагы либералдык көз караштагы алдыӊкы жаштардан түзүлгөн эле.

Жаңы Кыргыз мамлекетинин пайдубалын түптөгөн партия бүгүн да саясий күрөштө  алдыда. Демократиялык багытынан жазбай, бүгүн да Акыйкаттык, Чындык жана Адилеттик үчүн күрөшүн улантып келүүдө.

“Ата Мекен” партиясы шайлоо бюллетенинде №1.

Share on facebook
Facebook
Share on twitter
Twitter
Share on telegram
Telegram
Share on whatsapp
WhatsApp
Share on email
Email

Последние новости