“Ата Мекен” партиясына 29 жыл толду. Партиянын майрамы борбордук штабда КОНФЕРЕНЦИЯ форматында белгиленди.
Конференцияга “атамекенчилерден” сырткары көз каранды эмес аналитиктер, коомдук жана маданий ишмерлер катышып, партиянын Кыргыз тарыхындагы орду тууралуу калыс пикирлерин, куттуктоолорун айтышты.
“Ата Мекен” – Кыргызстанда агачкы түзүлгөн саясий партия. Ал 1992-жылдын 7-ноябрында «ЭрК» демократиялык партиясынан бөлүнүп чыккан Өмүрбек Текебаев башындагы либералдык көз караштагы алдыӊкы жаштардан түзүлгөн эле.
Жаңы Кыргыз мамлекетинин пайдубалын түптөгөн партия бүгүн да саясий күрөштө алдыда. Демократиялык багытынан жазбай, бүгүн да Акыйкаттык, Чындык жана Адилеттик үчүн күрөшүн улантып келүүдө.
“Ата Мекен” партиясы шайлоо бюллетенинде №1.