Политическая партия "Ата Мекен"

Ата Мекен партиясы зордукталган 13 жашар кыздын иши боюнча Башкы Прокурорго кайрылды

Кыргыз Республикасынын
Башкы прокурору
К.Т.Зулушевге
2020-жылдын 17-декабры
Урматтуу Курманкул Токторалиевич!
Тоӊ районундагы өспүрүм кызды зордуктаган күнөөлүүлөрдү актаганы боюнча судья Сабыр Сооданбековдун адилетсиз чечимин өлкөбүздүн жарандары кызуу талкууга алып, элдин нааразычылыгын жаратты.
Бул – биздин соттордун зөөкүрлөрдүн тарабын алып, жазадан бошоткон биринчи учур эмес. Баарыбызга белгилүү болгондой, кылмышкер жазасын албаса, кайра эле кылмышка бара берет. Бул жагдайда судьянын өкүмү биздин өлкөдөгү сот системасынын жөндөмсүздүгүн, жоопкерчиликсиздигин, коррупцияга өтө эле малынганын көрсөтүп жатат деп эсептейбиз. Өлкөбүз өз жарандарынын, өзгөчө аялдар менен балдардын укугун коргой албай турган абалда турат!
Колунда акчасы жок, таасирдүү тууган-уругу, достору жок бей-бечаралардын акыйкат чечимге жете албаганы тууралуу мисал келтирүүгө негиз деле жок. Андай окуялар жалпыга маалымдоо каражаттарында, социалдык тармактарда толтура. Бирок, аларга биздин бийлик, Башкы прокуратура, Соттор кеӊешинин Тартип комиссиясы маани бербейт. Реформалар дегеле жүргөн жок, ал тургай артка карай бара жатат. Мунун баары мамлекеттик бийликке болгон элдин ишенимин төмөндөтүп, «жарыла» турган кырдаал жаратат. Бул өз кезегинде кыргыз мамлекеттүүлүгүнө доо кетириши да эч кимге сыр эмес.
Кыргызстан адам укуктары боюнча эл аралык конвенцияларга ылайык жоопкерчиликтерди алган. Тилекке каршы, бул учур өз милдеттерибизди аткарбай жатканыбызды көрсөтүп жатат.
Ушул күнгө чейин бул кызды коргоо боюнча, мыйзамдарга ылайык сотту жоопко тартуу боюнча мамлекет тарабынан эч кандай чара көрүлгөн жок. Эл аралык коомчулуктун алдында биз балдардын укугуна жана жашоосуна кол салган варвар сыяктуу көрүнүп жатабыз.
«Ата Мекен» партиясы судья Сабыр Соодонбековду жоопко тартууну талап кылат жана биз Башкы прокуратура Кыргызстандын элинин кызыкчылыгын коргойт, мыйзамдардын толук аткарылышын көзөмөлдөйт деп ишенебиз!
«Ата Мекен» партиясы
Share on facebook
Facebook
Share on twitter
Twitter
Share on telegram
Telegram
Share on whatsapp
WhatsApp
Share on email
Email

Последние новости