Политическая партия "Ата Мекен"

Жанылыктар

Сөз эркиндиги жөнүндө меморандумга кол коюлду.

24-сентябрь күнү шайлоого катышып жаткан партиялар жана медиа сектордун өкүлдөрү менен жолугушуу өттү. “Ата Мекен” партиясынын атынан Наталья Никитенко, Эльвира Сурабалдиева жана Жибек Шарапова катышты. Бул жолугушууда сөз эркиндиги жөнүндө меморандумга кол коюлду. Наталья Владимировна Никитенко сөз эркиндиги демократиялык баалуулуктардын ажырагыс бир бөлүгү болгондугун баса белгилеп өттү. “Ата Мекен партиясы 27 жылдан бери бар, ошондуктан …

Сөз эркиндиги жөнүндө меморандумга кол коюлду. Read More »

Кыргызстандыктар “Ата Мекен” партиясын тандашат.

Ала-Буканын, Токтогулдун тургундарына ыраазычылык билдиребиз! Бүгүн үгүттөө иштеринин 21-күнү. Жолун Талас облусунан баштаган үгүт кербенибиз дээрлик бардык облустарды кыдырды. ⠀ Барган ар бир айылда, ар бир шаарда мекендештерибиз жылуу тосуп алып, бизге ишенимин, колдоосун билдирип жатышты. Эми үгүт кербени Нарын жергесине сапар алды. Эл менен бирге жеңишке жетебиз! Ата Мекен – #6!

Тилек Токтогазиев жаштардын өкүлдөрү менен жолугушууда.

Тилек чоң турмушка жаңыдан кадам таштап жаткан жаштарга үлгү. Ал окуучулар, студенттер жана жаш бизнесмендер менен жолугушууларды өткөрүп, өз тажрыйбасы менен бөлүшүүдөн тажабайт. Тилектин негизги максаты – мамлекет эл үчүн иштешин, бардык жарандарда татыктуу билимге, жумушка жана ар тараптан өсүүгө тең мүмкүнчүлүктөр болушун камсыздоо. 2020-жыл Тилек үчүн өзгөчө жыл болду. Ал чечкиндүүлүгү жана кайраттуулугу менен …

Тилек Токтогазиев жаштардын өкүлдөрү менен жолугушууда. Read More »

Жалал-Абад “Ата Мекенди” колдойт!

Биздин кербен Кыргызстандын ар бир бурчуна жетип, ар бир шайлоочубуз менен жолугуп жаңы командабыз жана максаттарыбыз менен тааныштырып жатабыз. 30 жыл бою өлкөнү талап-тоноп, өлкөнүн өнгүүсүнө бут тосуп, паракор, билимсиз адамдар башкаруу органдарындан кеткилери келбейт. ⠀ Кыргызстандын келечегин бир ууч паракор, ууру адамдар эмес, элдин колунда. Депутаттарды бекеринен “эл өкүлү” дебесе керек, ошондуктан эртеңки парламентте …

Жалал-Абад “Ата Мекенди” колдойт! Read More »

Кара-Кулжа, Өзгөн, Сузак ишенимиңиздерди актайбыз!

Кара-Кулжа, Өзгөн, Сузак – көрсөткөн ишенимиңер үчүн чоң рахмат! Жеңишке бирге жетебиз! ⠀ “Ата Мекен” үгүт кербени Кыргызстан боюнча өз жолун улантууда. Ар бир облуста, ар бир район жана айылда биздин талапкерлерге ишеним көрсөтүп, колдоп, ушунчалык жылуу тосуп алышты! Сиздердин ишенимиңер бизге жаңы дем берип жатат. ⠀ Шайлоо бюллетенинде #6, 4-октябрь, алга “Ата Мекен”

Алай элине ыраазыбыз!

Чоң Алай, Алай, Гүлчө – “АТА МЕКЕН” үчүн! ⠀ “Ата Мекендин” түштүк жергесиндеги үгүт кербени бешинчи күнү Алайга келип жетти. ⠀ Биздин талапкерлер шайлоочуларга башынан тааныш, алар суроолорун берип, пикирлери менен бөлүшүштү, аймактагы маселелер боюнча ойлорун айтышты. Айтылган, сунушталган пикирлердин баарын эске алып, алдыда ишке ашырууга аракет кылабыз, ишенимди актайбыз. ⠀ 4-октябрь күнү Парламентке ким …

Алай элине ыраазыбыз! Read More »

Саясий эрк, ырааттуулук, жоопкерчилик – “Ата Мекен” партиясынын башкы сапаттары.

Биздин жаңы программабыз жөн гана текст, сөз эмес, мезгил талабына жооп берген кадамдар. ⠀ • электрондук өкмөт – иш кагаздарын колдонууну азайтуу, бири-бирин кайталаган кызматтарды жоюу, кээ бир кызмат көрсөтүүлөрдү жеке секторго аутсорсингге берүү ⠀ • чиновниктердин санын 30%га азайтуу. Мамлекеттик кызматта жоопкерчиликтүү, билимдүү жана эффективдүү менеджерлер болушу керек ⠀ • чыгашаларды оптимизациялоо: кымбат автоунаалар …

Саясий эрк, ырааттуулук, жоопкерчилик – “Ата Мекен” партиясынын башкы сапаттары. Read More »

Үчүнчү күн – Баткен, Исфана, Максат айылы, Көк-Таш айылы.

“Ата Мекен” үгүт кербени уланууда. Статистикалык маалыматтарга таянсак элдин 50%ы шайлоолорго катышып өз добушун берет. Алдыда тарыхый, өзгөчө мааниси бар шайлоо турат. Пандемия, экономикалык кризис, кирешелердин кескин түрдө төмөндөп кетиши жана мамлекеттик системанын бул абалда аксап, начар иштөөсү – баары өлкөдөгү абалды курчутту. ⠀ Жарым жылда эле реформа кылып баары өзгөрүп кетет дебейбиз, кыска мөөнөттүн …

Үчүнчү күн – Баткен, Исфана, Максат айылы, Көк-Таш айылы. Read More »

Лейлектиктер, колдооңуздарга ыраазычылык билдиребиз!

Экинчи күн – Лейлек! ⠀ Кыргызстандын ар бир бурчунда, ар бир аймагында биздин партияны таанышат, билишет жана күтүшөт! ⠀ “Ата Мекен” үгүт кербенинин жолугушуулары ар бир район, ар бир айылдан чогулган жактоочуларыбыз жана партиялаштарыбыздын колдоосу менен оңой эле уюштурулду. Анткени биз үчүн Кыргызстандын бардык аймактарында жолугушуу өткөрүү маанилүү эле. ⠀ Сүрөткө түшүү, жакшы сөз айтуу …

Лейлектиктер, колдооңуздарга ыраазычылык билдиребиз! Read More »

“Ата Мекен” үгүт кербени бүгүн Ош шаарында!

Меймандос Ош калаасы биздин талапкерлерди кучак жайып тосуп алды. Ачык абада шайлоочулар менен жолугушуп, программабыздын презентациясын өткөрдүк. Партиядагы жаңы жүздөр менен тааныштырып, командабыздын пландары менен бөлүшүп кеттик. ⠀ Жылуу тосуп алгандыгыңыздар үчүн чоң рахмат айтып, биз жолубузду уланталы. Алдыда Баткен, Ош жана Жалал-Абад облусунун шаар жана айлыдары ⠀ «Ата Мекен» — №6!