Политическая партия "Ата Мекен"

Жанылыктар

Кара-Кулжа, Өзгөн, Сузак ишенимиңиздерди актайбыз!

Кара-Кулжа, Өзгөн, Сузак – көрсөткөн ишенимиңер үчүн чоң рахмат! Жеңишке бирге жетебиз! ⠀ “Ата Мекен” үгүт кербени Кыргызстан боюнча өз жолун улантууда. Ар бир облуста, ар бир район жана айылда биздин талапкерлерге ишеним көрсөтүп, колдоп, ушунчалык жылуу тосуп алышты! Сиздердин ишенимиңер бизге жаңы дем берип жатат. ⠀ Шайлоо бюллетенинде #6, 4-октябрь, алга “Ата Мекен”

Алай элине ыраазыбыз!

Чоң Алай, Алай, Гүлчө – “АТА МЕКЕН” үчүн! ⠀ “Ата Мекендин” түштүк жергесиндеги үгүт кербени бешинчи күнү Алайга келип жетти. ⠀ Биздин талапкерлер шайлоочуларга башынан тааныш, алар суроолорун берип, пикирлери менен бөлүшүштү, аймактагы маселелер боюнча ойлорун айтышты. Айтылган, сунушталган пикирлердин баарын эске алып, алдыда ишке ашырууга аракет кылабыз, ишенимди актайбыз. ⠀ 4-октябрь күнү Парламентке ким …

Алай элине ыраазыбыз! Read More »

Саясий эрк, ырааттуулук, жоопкерчилик – “Ата Мекен” партиясынын башкы сапаттары.

Биздин жаңы программабыз жөн гана текст, сөз эмес, мезгил талабына жооп берген кадамдар. ⠀ • электрондук өкмөт – иш кагаздарын колдонууну азайтуу, бири-бирин кайталаган кызматтарды жоюу, кээ бир кызмат көрсөтүүлөрдү жеке секторго аутсорсингге берүү ⠀ • чиновниктердин санын 30%га азайтуу. Мамлекеттик кызматта жоопкерчиликтүү, билимдүү жана эффективдүү менеджерлер болушу керек ⠀ • чыгашаларды оптимизациялоо: кымбат автоунаалар …

Саясий эрк, ырааттуулук, жоопкерчилик – “Ата Мекен” партиясынын башкы сапаттары. Read More »

Үчүнчү күн – Баткен, Исфана, Максат айылы, Көк-Таш айылы.

“Ата Мекен” үгүт кербени уланууда. Статистикалык маалыматтарга таянсак элдин 50%ы шайлоолорго катышып өз добушун берет. Алдыда тарыхый, өзгөчө мааниси бар шайлоо турат. Пандемия, экономикалык кризис, кирешелердин кескин түрдө төмөндөп кетиши жана мамлекеттик системанын бул абалда аксап, начар иштөөсү – баары өлкөдөгү абалды курчутту. ⠀ Жарым жылда эле реформа кылып баары өзгөрүп кетет дебейбиз, кыска мөөнөттүн …

Үчүнчү күн – Баткен, Исфана, Максат айылы, Көк-Таш айылы. Read More »

Лейлектиктер, колдооңуздарга ыраазычылык билдиребиз!

Экинчи күн – Лейлек! ⠀ Кыргызстандын ар бир бурчунда, ар бир аймагында биздин партияны таанышат, билишет жана күтүшөт! ⠀ “Ата Мекен” үгүт кербенинин жолугушуулары ар бир район, ар бир айылдан чогулган жактоочуларыбыз жана партиялаштарыбыздын колдоосу менен оңой эле уюштурулду. Анткени биз үчүн Кыргызстандын бардык аймактарында жолугушуу өткөрүү маанилүү эле. ⠀ Сүрөткө түшүү, жакшы сөз айтуу …

Лейлектиктер, колдооңуздарга ыраазычылык билдиребиз! Read More »

“Ата Мекен” үгүт кербени бүгүн Ош шаарында!

Меймандос Ош калаасы биздин талапкерлерди кучак жайып тосуп алды. Ачык абада шайлоочулар менен жолугушуп, программабыздын презентациясын өткөрдүк. Партиядагы жаңы жүздөр менен тааныштырып, командабыздын пландары менен бөлүшүп кеттик. ⠀ Жылуу тосуп алгандыгыңыздар үчүн чоң рахмат айтып, биз жолубузду уланталы. Алдыда Баткен, Ош жана Жалал-Абад облусунун шаар жана айлыдары ⠀ «Ата Мекен» — №6!

Чуй облусунун тургундары, сизге ыраазычылык билдиребиз!

“Ата Мекендин” жаңыланган курамы Чүй облусунун бардык райондорунун борборлорунда, шаарларында болушту, учучрда өлкөнүн жети дубанын айөанып чыгуу үчүн жөнөп кетишкен. Кант, Токмок, Нооруз айылы, Сын- Таш айылы, Ленин аймагы- жылуу тосуп алганыңыздар үчүн жана жолугушканыбыз үчүн терең ыраазычылыгыбызды билдиребиз. “Ата Мекен” партиясы кайсыл жерге барбасын кучак жайып тосуп алган элибизге таазим. Андан ары биздин үгүт …

Чуй облусунун тургундары, сизге ыраазычылык билдиребиз! Read More »

Жаштар “Ата Мекен” менен!

Жаштар – Кыргызстандын эртеңи эмес, бүгүнкүсү! “Жаштар – өлкөнүн келечеги” деп көп жылдан бери айтып келдик. Бирок 2020-жыл жана пандемия кризиси жаштар өлкөнүн бүгүнү экенини көрсөттү! ⠀ Бүгүн жаштар менен жолугушуп, “Жаңы Дем” программабызды тааныштырдык. 28 жылдан бери эч ким жоопкерчиликти өз мойнуна алууну каалаган жок. Канчалык кыйын болбосун, ошол жүктү биздин жаш лидерлер алып …

Жаштар “Ата Мекен” менен! Read More »

Рахмат, Ысык-Көл!

“Ата Мекендин” үгүт кербени үч күн бою Ысык-Көл облусун кыдырып, талапкерлер партиянын тарапташтары менен жолугушту. Жаңыланган командабыз, программабыз менен ар бир шайлоочуну тааныштыруу биз үчүн маанилүү! Анткени алдыдагы 5 жылда парламентте бул пландарды ишке ашырабыз!

Ак-Суулуктар көрүшкөнчө!

“Ата Мекен” партиясы Ысык-Көл облусундагы шайлоочулар менен жолугушууларын улантууда Бүгүн Ак-Суунун тургундары менен жолуктук. Тилек Токтагизиев, Жибек Шарапова жана Эльдар Абакиров сыяктуу биздин жаш лидерлерибиз айыл тургундары менен таанышып, пландары менен бөлүшүштү. Колдоочуларыбыз жана партиялаштарыбыз биздин кадамдарыбыз, келечек пландарыбыз тууралуу жакындан билүүсү зор мааниге ээ.