Политическая партия "Ата Мекен"

Үчүнчү күн – Баткен, Исфана, Максат айылы, Көк-Таш айылы.

“Ата Мекен” үгүт кербени уланууда. Статистикалык маалыматтарга таянсак элдин 50%ы шайлоолорго катышып өз добушун берет. Алдыда тарыхый, өзгөчө мааниси бар шайлоо турат. Пандемия, экономикалык кризис, кирешелердин кескин түрдө төмөндөп кетиши жана мамлекеттик системанын бул абалда аксап, начар иштөөсү – баары өлкөдөгү абалды курчутту.
Жарым жылда эле реформа кылып баары өзгөрүп кетет дебейбиз, кыска мөөнөттүн ичинде эле чөнтөккө алтын толот деп сөз бере албайбыз. Анткени реформа жана өзгөрүүлөрдү ишке ашыруу убакытты талап кылат.
“Ата Мекен” партиясынын башкы максаттардын бири – шайлоонун таза жана ачык өтүшүн, өлкөдө реформаларды жасоо үчүн парламентке таза, жоопкерчиликтүү, татыктуу адамдардын келишин камсыз кылуу.
“Ата Мекенди” колдоңуз! №6!
Share on facebook
Facebook
Share on twitter
Twitter
Share on telegram
Telegram
Share on whatsapp
WhatsApp
Share on email
Email

Последние новости