Экинчи күн – Лейлек!
⠀
Кыргызстандын ар бир бурчунда, ар бир аймагында биздин партияны таанышат, билишет жана күтүшөт!
⠀
“Ата Мекен” үгүт кербенинин жолугушуулары ар бир район, ар бир айылдан чогулган жактоочуларыбыз жана партиялаштарыбыздын колдоосу менен оңой эле уюштурулду. Анткени биз үчүн Кыргызстандын бардык аймактарында жолугушуу өткөрүү маанилүү эле.
⠀
Сүрөткө түшүү, жакшы сөз айтуу үчүн эмес, жаңы, жаш “Атамекенчилер” менен тааныштыруу, жаңы дем, жаңы жүздөр, жаңы программаны танытууну максат кылганбыз.
⠀
24-сентябрга чейин түштүк жергесинде болобуз. Ар бириңиздер менен жолугушууга аракет кылабыз!
⠀
“Ата Мекен”, #6!