“Ата Мекен” партиясындагы өзгөрүү жакшы шартта, туура шартта пайдаланылып жатат. Адатта эгемендик менен жашташ, турукташып калган саясий партияларда лидерлери кеткиси келбейт. Партияны жеке менчиктей көрүп, кармап отура беришет. Бизде эле эмес, дүйнө жүзүндө деле ушундай көрүнүш. Текебаев баарын аңдап, алдын ала сезген көрөгөч саясатчы.
⠀
Артында ордун баса ала турган жаш саясатчы өсүп чыгып келатканын сезип, ага ордун өткөрүп берди. Өсүп келген жаш лидер – Жанар Акаев. Жанарды да жакшы билем. Чындыкты бетке айткан, тайманбаган, курч жигит. Команда- сына мыкты улан-кыздарды тартып, шайлоого “Ата Мекенди” баштап баратат. Ал эми Текебаевдин ысымы тарыхтан өчпөйт. Кийинки муун Текебаевди парламентаризм, демократизм жолунда Кыргызстандын келечегин түптөп кеткен инсан катары кыргыз тарыхынан окуйт деп ишенем.