Политическая партия "Ата Мекен"

ПАРТИЯНЫН ТАРЫХЫ

1991-жыл. Постсоветтик мейкиндиктеги бардык өлкөлөрдөй эле Кыргызстанда да “Эми кантип жашайбыз? Кайда бет алабыз?” деген түпөйүл суроо баарын ойго салып турду. Ал кез оор тандоонун, чоң өзгөрүүлөрдүн мезгили эле. Дал ошол күрдөлдүү мезгилде Өмүрбек Текебаев эгемен Кыргызстандын тарыхында алгачкы саясий партияны түзөт. Ал “Эркин Кыргызстан” (“ЭрК”) деп аталган. Көп өтпөй уюмда идеологиялык карама-каршылыктар орун алат да, Текебаев социал-демократиялык баалуулуктарга ыктайт.

Ошентип, 1992-жылдын 7-ноябрындагы экинчи съездинде “ЭрК” партиясы экиге бөлүнөт. Солчул-либералдык топ “Ата Мекен” партиясына биригип, ошол жылдын 16-декабрында мамлекеттик каттоодон өткөн. Төрагалыгына Камиля Кененбаева шайланган.

1994-жылдын 19-ноябрындагы экинчи съездине партия төрагасы болуп Өмүрбек Текебаев бекитилет.  1995-жылы Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруу палатасына 5 депутат өтөт, бул ошол кездеги эң ири фракция эле. Ошондон бери коомдогу бир да процесс бул партиянын көз жаздымында кала элек.