ТЕКЕБАЕВ ӨМУРБЕК ЧИРКЕШОВИЧТИН ӨМУР БАЯНЫ
Текебаев Өмурбек Чиркешович – Фракция «Ата Мекен»
1958-жылдын 22-декабрында Жалал-Абад областынын Базар-Коргон районундагы Акман айылында туулган.
Жогорку билимдүү. 1981-жылы Кыргыз мамлекеттик университетин «физика окутуучусу» адистиги боюнча, 1994-жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетин «юрист» адистиги боюнча бүтүргөн.
Эмгек жолун 1981-жылы Базар-Коргон районунун Акман айылындагы Токтогул атындагы орто мектепте физика мугалими болуп иштөөдөн баштаган.
1981-жылдан тартып 1983-жылдын декабрына чейин Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн. 1984-жылдан тартып орто мектепте ишин уланткан.
1986-жылдын сентябрында Ош мамлекеттик педагогикалык институтуна лаборанттык кызматка өткөн. Андан кийин улук окутуучу, улук лаборант болуп иштеген.
1987-1991-жылдары – орто мектепте физика жана математика мугалими жана кийинчерээк Базар-Коргон райондук агартуу бөлүмүндө райметодкабинеттин методисти.
1991-жылдын апрелинде Жалал-Абад облусунун монополияга каршы саясат жана ишкердикти колдоо боюнча облустук башкармалыгынын башчылыгына бекитилген.
1991-1992-жылдары – «Эркин Кыргызстан» саясий партиясынын төрагасы.
1991-1993-жылдары – Кыргыз Республикасынын Конституциясын иштеп чыгуу боюнча комиссиянын мүчөсү, Комиссиянын жумушчу тобунун мүчөсү.
1991-жылы СССР Жогорку Советинин мүчөлүгүнө, Юридикалык маселелер боюнча республикалык Кеңештин комитетине мүчөлүккө шайланган.
1992-1994-жылдары Жалал-Абад областынын мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары болуп иштеген.
1994-жылдан тартып азыркыга чейин – «Ата Мекен» социалисттик партиясынын төрагасы;
1994-жылы – Конституциялык кеңешменин мүчөсү;
XII чакырылыштагы Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаттыгына, I жана II чакырылыштарындагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына шайланган.
1995-2000-жылдары – I чакырылыштагы Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты, Мамлекеттик түзүлүш жана мыйзамдуулук боюнча комитетинин төрагасы.
2000-2005-жылдары – II чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаты.
2000-2001-жылдары – Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын Төрагасынын орун басары.
2002-жылы Конституциялык кеңешменин төрагасынын орун басары болгон.
2000-2005-жылдары – III чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаты.
2005-2006-жылдары – Жогорку Кеңештин Төрагасы.
2006-жылы Конституциялык кеңешменин төрагалыгына шайланган.
2010-жылдын апрелинен июлуна чейин Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн төрагасынын орун басары кызматында иштеген жана өлкөдө конституциялык реформа жүргүзүүгө жоопкер – Конституциялык кеңешменин төрагалыгына дайындалган.
2010-жылдын октябрында «Ата Мекен» социалисттик партиясынын тизмеси боюнча V чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына шайланган. “Ата Мекен” парламенттик фракциясынын лидери.
2015-жылдын 4-октябрында «Ата Мекен» социалисттик партиясынын тизмеси боюнча VI чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган. “Ата Мекен” парламенттик фракциясынын лидери.
Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген юристи, Мамлекеттик кызматтын I класстагы мамлекеттик кеңешчиси.
КМШга мүчө мамлекеттердин Парламенттер аралык ассамблеясынын “Содружество” ордени менен сыйланган.
Президенттин 2011-жылдын 30-ноябрындагы Жарлыгы менен II даражадагы «Манас» ордени менен сыйланган.
2011-жылдын 30-ноябрында Президенттин Жарлыгы менен «Апрель Элдик революциясынын Баатыры» атайын төш белгиси менен сыйланган.
- Үй-бүлөлүү, төрт баланын атасы