Политическая партия "Ата Мекен"

Сөз эркиндиги жөнүндө меморандумга кол коюлду.

24-сентябрь күнү шайлоого катышып жаткан партиялар жана медиа сектордун өкүлдөрү менен жолугушуу өттү. “Ата Мекен” партиясынын атынан Наталья Никитенко, Эльвира Сурабалдиева жана Жибек Шарапова катышты. Бул жолугушууда сөз эркиндиги жөнүндө меморандумга кол коюлду.

Наталья Владимировна Никитенко сөз эркиндиги демократиялык баалуулуктардын ажырагыс бир бөлүгү болгондугун баса белгилеп өттү.
“Ата Мекен партиясы 27 жылдан бери бар, ошондуктан биз үчүн бүгүнкү жолугушуу меморандумга жөн гана кол коюу эмес. Биз үчүн бул – адам укуктары жана адилеттүүлүк үчүн күрөштө маанилүү кадам. Эки төңкөрүш болду өлкөбүздө жана бул төңкөрүштөрдүн себептеринин бири адамдардын оозун жаап, укуктарынын тепселенгендиги. Бүгүнкү жолугушууда сөз эркиндигин коргоо механизмдерин жана аны чектөө демилгелерин жокко чыгаруу боюнча биздин партия менен бирге иштеген бир топ ММК өкүлү жана журналисттер да бар”, – деп Наталья Никитенко белгилеп өттү.
“Биздин партия үчүн сөз эркиндиги жөн эле сөз эмес. Бүгүнкү меморандумда айтылган адам укуктарын коргоо боюнча бир канча пункт партиябыздын программасында да бар. Биринчиден, сөз эркиндигин чектөө демилгелерин токтотуу, жокко чыгаруу. Бул салтуу ММКларга эле эмес, интернет булактарга да тиешелүү. Экинчиден, интернет булактары аркылуу өз оюн ачык айткан адамдарга каршы репрессивдүү механизмдер болбошу керек. Бул “Ата Мекен” партиясынын системдик позициясы”, – деп Никитенко баса белгиледи.
“Пандемия учурунда ММКлар да олуттуу жоготууларга учурады. ММКлар ассоциациясы биздин партия аркылуу өкмөткө кайрылышкан. Өкмөттүн отурумуна антикризистик программага ММКларды колдоо боюнча пункт киргизүүнү сунуштаганбыз, тилекке каршы жооп дале жок. Бийлик бул суроого кайдыгер калгандай. ММКларды колдоо боюнча мамлекеттин рационалдуу саясаты болушу керек.
Сөз эркиндигин коргоо үчүн биз дайыма күрөшүп келебиз”, – деп Наталья Никитенко сөзүн жыйынтыктады.
Share on facebook
Facebook
Share on twitter
Twitter
Share on telegram
Telegram
Share on whatsapp
WhatsApp
Share on email
Email

Последние новости