Политическая партия "Ата Мекен"

Текебаев, Акаев, Момбеков, Сариев, Токтогазиев биригишти…

Күздө Жогору Кеңешке болчу шайлоого бир күч болуп баруу үчүн белгилүү саясий күчтөр «Жаңы дем» деген ураандын астында биригишти.

Тактап айтканда, өлкөдөгү алдыңкы саясий күчтөрдүн биригүүсү тууралуу декларацияга:
Өмүрбек Текебаев — «Ата Мекен» партиясы, Темир Сариев — «Ак Шумкар» партиясы, Жанар Акаев «КЛДП» партиясы, Рыскелди Момбеков КСДПнын тобу, Тилек Токтогазиев «Жаңы Дем» коомдук кыймылы, Жашыл күчтөрдүн коалициясынан Азамат Темиркулов кол коюшту.

Бул документте стратегиялык өнөктөштүк тууралуу жана жаңыланган саясий бирикменин максаттары белгиленет.

Биригүү боюнча кайрылууда:
«Биздин альянс — бул шайлоо алдындагы гана долбоор эмес. Узак мөөнөттүү максаттарыбыз бар. Негизги максатыбыз келе жаткан парламенттик шайлоого катышуу жана жаңы күч катары элибиздин ишенимине ээ болуу. Биз «Жаңы дем» деген ураан алдында бириктик жана Кыргызстаныбызга жаңы дем болчу саясий күчтөрдүн жаңыланышын максат кылабыз. Биз бардык саясий партиялар, жарандык коом өкүлдөрү менен конструктивдүү кызматташууга даярбыз жана мекендин келечегине кайдыгер карабаган жарандарды өз катарыбызга чакырабыз», — деп айтылат.

Ырасында, дал ушундай биригүүнү эл күтүп жаткан. Азыркы кырдаалда бийликке саясий баланс түзгөн биригүү зарыл болчу. Бул элдин үнүн уккан кадам десек жарашат. Мындай альянс шайлоонун жыйынтыгына олуттуу таасир эте ала турган күч болот.

Share on facebook
Facebook
Share on twitter
Twitter
Share on telegram
Telegram
Share on whatsapp
WhatsApp
Share on email
Email

Последние новости