Политическая партия "Ата Мекен"

Ө.Текебаев: “Өкмөт эми үч баштуу болду”

«Ата Мекен” партиясы ушу күндөрү өлкөнүн Түштүгүн түрө кыдырып жүрөт. Өмүрбек Текебаев баш болгон “атамекенчилерди” эл жакшы тосуп алып, жолугушууларга активдүү катышып жатышат. Кадамжайдагы жолугушууда Өмүрбек Текебаев үч баштуу өкмөт тууралуу кызык кеп айтты.

“Жакында Акылбек Жапаров өзгөчө кеңири ыйгарым укугу менен өкмөт башчысы болду. Садыр Жапаров Акылбек Жапаровго кард бланш бергенин, ал берген убадаларын аткарыш үчүн эбегейсиз бийлик алгандыгын жашырбай айтты. Ошентип, мурун өкмөт эки баштуу болсо, эми үч баштуу болуп калды. “Тандемдүү башкаруу – мандемдүү башкаруу” демекчи, үч өзүнчө чечим кабыл алган борбор башкаруунун эффективдүүлүгүнө алып келбейт”,- деп айтты Ө.Текебаев.

Share on facebook
Facebook
Share on twitter
Twitter
Share on telegram
Telegram
Share on whatsapp
WhatsApp
Share on email
Email

Последние новости