Биздин кербен Кыргызстандын ар бир бурчуна жетип, ар бир шайлоочубуз менен жолугуп жаңы командабыз жана максаттарыбыз менен тааныштырып жатабыз. 30 жыл бою өлкөнү талап-тоноп, өлкөнүн өнгүүсүнө бут тосуп, паракор, билимсиз адамдар башкаруу органдарындан кеткилери келбейт.
⠀
Кыргызстандын келечегин бир ууч паракор, ууру адамдар эмес, элдин колунда. Депутаттарды бекеринен “эл өкүлү” дебесе керек, ошондуктан эртеңки парламентте ким отурат, кандай депутаттар келет эл гана чечет!
⠀
2020-жылдагы шайлоолор тарыхый шайлоо болот. Ошондуктан 4-октябрда шайлоого келип жүрөгүңүз менен добуш бериңиз! Келечек үчүн добуш бериңиз! Паракор жана урууларга каршы үнүңүздү угузгула!
⠀
“Ата Мекен” – шайлоо бюллетенинде #6!